«Сен кимсиң, аялзат?» сынагы жарыяланды

Урматтуу журналисттер, публицисттер жана жалпы эле калемгерлер! «Коом жана Мен»сайты «Сен кимсиң, аялзат?» деген тема алдында мыкты публицистикалык чыгармалар жана журналистикалык иликтөөлөр боюнча конкурс жарыялайт. Үйбүлөнүн куту Аялзат, Эне, Жар деген эмне? Анын социалдык турмуштагы башкы ролу эмнеде? Эмнеге бүгүн турмуштун эң оор жүгүн Эне мойнуна артып таштадык?  Буга эмне себеп?.. Бул туурасында конкурстун жобосун жана жалпы байге фондун жакынкы күндөрдө жарыялайбыз. Аталган конкурстун жыйынтыгы 2017-жылдын 8-Март аялдардын Эларалык майрамы күнү чыгарылат. Чамдай бериңиздер! Конкурска жарыяланар эмгектериңиздерди камдай бериңиздер! Аялзатына жүрөгүңүздөрдү арнай бериңиздер! Эскертүү: конкурска жөнөтүлгөн публицистикалык макалалар буга чейин эч толугу менен…..

Балдар адабиятына конкурс жарыяланды

«Коом жана Мен» сайты бөбөктөр үчүн акын-жазуучулар арасында адабий сынак жарыялайт! Сынакка ыр, жомок, тамсилдер кабыл алынат. Сынакка катышуучу авторлордун жаш курагына чек коюлбайт. Байге фондусу 30 000 (отуз миң) сом. Адабий сынактын демөөрчүсү Жогорку Кеңештин «Өнүгүү» фракциясынын депутаты Алтынбек ЖУНУС уулу. ЭСКЕРТҮҮ: Чыгармалар ушул жылдын 1-ноябрынан тарта кабыл алынат жана 20-декабрь күнү токтойт. Келип түшкөн чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болушу керек! О.э. сынакка келип түшкөн чыгармалардын көлөмү эки барактан ашпоого тийиш. Ар бир автордун бирден гана чыгармасы кабыл алынат. Тамсил, ыр же жомок болобу, айтор жеңүүчүлөрдүн байгеси төмөнкүдөй суммада бөлүштүрүлөт: толугу менен…..