С.Акматбекованын «Жүгүргөн туман» аттуу поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда.

Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын, Кыргыз Эл акыны Сагын Акматбекованын чыгармачылыгына арналат. “Жүгүргөн туман” деп аталган бул поэзия кечеси 2016-жылдын 20-январында саат 17:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын кичи залында болуп өтөт.

Акын Сагын Акматбекова Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Арык айылында төрөлгөн. 1973-жылы Москвадагы А.М.Горький атындагы Адабият институтун аяктаган. Анын “Жамгыр” деген алгачкы ырлар жыйнагы 1970-жылы жарык көргөн. Китеп поэзия сүйүүчүлөрү арасында тез эле сүймөнчүк менен кабыл алынып, автордун бийик талантынан кабар берген. “Жамгыр”дан кийин С.Акматбекованын “Алыскы талаалар” (1972), “Айлуу дөӊ” (1978), “Терезедеги жарык” (1984), “Өткөн жылдын жалбырагы” (1987), “Күз ырлары” (1990), “Күүгүмдөгү күү” (1998), “Жан дептер”(2016) китептери басылып чыккан.

С.Акматбекованын поэзиясы кыргыз адабиятындагы кыз-келиндер чыгармачылыгында бурулуш этапты жаратты, тактап айтканда аны жаӊы мазмуундук тепкичке көтөрдү. Акындын алгачкы “Жамгыр” жыйнагы кыз-келиндер поэзиясына медиативдик лириканы алып келди. Акындын ырлары сезимди сергитип, көӊүлдү толкутуп, жүрөккө жетип турганы менен айырмаланат.

С.Акматбекова Басе, Исса, Ли Бо, Ду Фу. Р.Тагор сыяктуу жапон, кытай, чыгыш поэзиясынын улуу классиктеринин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

КР Эл акыны С. Акматбекова КР Маданиятына эмгек сиӊирген ишмер наамынын, КР Жаштар сыйлыгынын, Алыкул Осмонов жана Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктардын ээси.