Балдар адабиятына конкурс жарыяланды

«Коом жана Мен» сайты бөбөктөр үчүн акын-жазуучулар арасында адабий сынак жарыялайт! Сынакка ыр, жомок, тамсилдер кабыл алынат.

Сынакка катышуучу авторлордун жаш курагына чек коюлбайт. Байге фондусу 30 000 (отуз миң) сом.

Адабий сынактын демөөрчүсү Жогорку Кеңештин «Өнүгүү» фракциясынын депутаты Алтынбек ЖУНУС уулу.

ЭСКЕРТҮҮ: Чыгармалар ушул жылдын 1-ноябрынан тарта кабыл алынат жана 20-декабрь күнү токтойт. Келип түшкөн чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болушу керек! О.э. сынакка келип түшкөн чыгармалардын көлөмү эки барактан ашпоого тийиш. Ар бир автордун бирден гана чыгармасы кабыл алынат.

Тамсил, ыр же жомок болобу, айтор жеңүүчүлөрдүн байгеси төмөнкүдөй суммада бөлүштүрүлөт:

Биринчи байге – 7 000 (жети миң) сом;

Экинчи байге – 5 000 (беш миң) сом;

Үчүнчү байге – 3 000 (бир миң) сом;

Бул орундардан сырткары кызыктыруучу байге катары дагы 5 000 (беш миң) сомкаралат.

Сынакка келип түшкөн чыгармаларды талдоодон өткөргөн калыстар курамына 10 000 (он миң) сом бөлүнөт. Адабий сынактын мөөнөтү бүткөнгө чейин калыстар курамындагылардын эч биринин аты-жөнү ачыкка жарыяланбайт.

Чыгармаларды oljobai.shakir@mail.ru дарегине жөнөтүңүздөр.

“Коом жана Мен”, 29.10.2016-ж.