Үч акын кыздын “Ырымдасыз”аттуу поэзия кечеси өтөт

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын кичи залында 19-май күнү саат 17:00 дө “Роза Отунбаева демилгеси” Эл аралык фонду тарабынан уюшулуп жаткан “Ырымдасыз” аттуу кезектеги поэзия кечеси өтөт.

Кечеге акын кыздар Эсен кызы АйсулууРыскул кызы Нуркыз жана Изатова Рыскүл катышып, ырларын жалпы журтка тартууламакчы.

Буга чейин бул фонд Сагын Акматбекова баштаган бир топ акындардын поэзия кечесин өткөрүп келген. Андыктан бардык каалоочуларга эшик ачык экенин уюштуруучулар билдиришүүдө.