Керимбек Кадыракунов: Эске түштү

Эске түштү Учур жок түркүн куштар сайрап турган, гүлдөр жок көз кубантып жайнап турган. Бараткам кышкы бакта аяр басып, жол менен чилде ызгаары тайгак кылган.   Капыстан чочуп кеттим… каттым дагы, төбөгө “лап” дей түштү бактын кары. Күбүлгөн аппак кардан күтүүсүздөн, тунжурай түшкөнсүдү жактын баары.   Моюнга муздак кардан үшүк жетип, күбүндүм, токтоп калбас киши кетип. Карасам бакты силкип ойноп коюп, каткырып бала турат тиши кетик.   Жылмайдым күлкүм келип, каткырбадым, жоругун сезип турдум жактырганын. Менин да бала кезим эске түштү, ойногум келчү күбүп бактын карын.

Акын Үрүниса Маматованын чыгармачылык кечеси

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында акын Үрүниса Маматованын чыгармачылык кечеси өттү. Бул кече автор өзү түзгөн “Чыгармачыл аялдар бирлиги” коому тарабынан уюштурулду. “Китеп билет” деп аталган иш чара элди китеп окууга үндөө максатында мындан ары да улантылат.

Тирүү мекен

А.Акбаров Идирис пайгамбардын изи калган Чаткал жергесинде туулуп өсүп, пайгамбар ичкен суудан ичип чоңоюп, улуу касиет-талантты боюна сиңирип алгандай. Акын туулуп өскөн жерине барып, ата-бабаларына куран окутуп, дос тамыр, тууган урук менен учурашып, элге-журтка отчеттук концерт тартуулап келди.

Ч.Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” аттуу адабий кече өтөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, депутат, мамлекеттик жана коомдук ишмер, акын, котормочу  Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” аттуу адабий кече өтөт. Ч.Турсунбековдун чыгармачылык мурасын түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулуп жаткан адабий кече 2021-жылдын 23-октябрында А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында саат 09:30 да башталат. Бул кечеде автордун “Жылдыздуу жээк” ырлар жыйнагы, “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” аттуу эскерүү китептеринин бет ачары болот. Ошондой эле сүрөт көргөзмөсү коюлуп, театрлаштырылган концерттик программа коштойт.

С.Эралиевдин 90 жылдыгынан архив

Мындан туура 10 жыл мурун Чыгармачыл жаштардын республикалык “Нурборбор” бирикмеси (азыркы академия) КТРКнын колдоосу менен, концерттик студиясында КР Баатыры С.Эралиевдин 90 жылдыгына карата чыгармачылык кечесин уюштурган элек. Бүгүн 100 жылдыгы белгиленип жатат. Кечени көрөрмандардын назарына дагы бир ирет сунуштап коюуну туура көрдүк.

Ар тараптуу талант Атантай Акбаров

Убакыт учкан куш. Аны кармап турууга мүмкүн эмес экен. Биз, 2020-жылдагы маараке ээлерин куттуктап чагылдырууга аракет кылдык. КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер А.Акбаровдун чыгармачылыгына арналган көрсөтүү менен жылды жыйынтыктап турабыз. Жетишпей калган акын-жазуучуларыбыз арбын. Буюрса, келерки жылда адабият жаатында абдан жакшы иштерди аткарабыз деген изги тилектерибиз бар. Колдон келген мүмкүнчүлүктү коё бербегенге аракет кылып келүүдөбүз. Бизге колдоо көрсөткөн, жакшы пикирлерин айтып, тилектештигин билдирген ар бир инсанга терең ыраазычылык билдиребиз. Жаңы-жылыңыздар куттуу болсун!