Мурза Гапаров: Газала

Газала (аңгеме) Ошондо мен канча жашта болдум экен? Тогуз же сегиз. Жок, тогуз болуу керек. Анткени ошол кышта, сандалда бүлбүлдөгөн жин чырактын жарыгында ийик ийрип олтуруп, кандайдыр бир сөздөн улам таэнемдин: «Сен ушул келе жаткан баарда тогузга чыгасың» дегени жадымда калыптыр. А баар, таэнемдин сөзүнөн кийин бат эле келгендей болгон. Адегенде түндөлөрү тоңуп калуучу, мени мектепке чейин дадил көтөрүп баруучу катуу кар эриген, кийин кеч күздөн бери биздин бакта жашап жүрүшкөн таандар учуп кетишкен, тал боткоктоп, өрүктөр гүлдөгөн, айылдагы иттер өткөн жылдан калган, кыш ичи кар астында жатып көктөп кеткен толугу менен…..

Капар Токтошов: Башкы маселе

Башкы маселе –Жылкы чарбасынын эмнеси жок дейсиң? – Байкем мени таң кала карап калды. Кызыл жүздүү, элүүлөрдөгү балжагай толук киши. Мен эс тартканы мал артында: кайсы бир жылдары чабан болчу, анан уй кайтарды, азыр жылкычы. –Перспективасы. –Ал не дегени? –Келечеги жок дегени да. –Байкем менден муну күтпөгөнбү же чала угуп калдыбы, «түшүнбөдүм» дегендей элтейет. Сөзүмдү кайталадым: –Келечеги жок дегени. –Ким айтат? –Элдин баары эле айтып жатат. –Бейчеки кеп, – деди байкем кайдыгер. – Эл да ошентип айтат бекен! Ат адамдын канаты да! Өз канатын өзү кескен эмени көрө элекмин, айланайын! толугу менен…..

Сардарбек Рыскулов: Бүбүш апа

Бүбүш апа (Болгон окуя) Байгазынын кадыр-баркы атактуу Төрөгелди баатырдын көзү өткөндөн кийин эл-журтка даңазасы чыгып, төбөсү көрүнө баштады. Буга чейин жакын агасы Төрөгелди баатыр менен ага-ининин баласы (Төрөгелди баатырды ээрчип, бир чети иниси, бир чети жигити болуп жүрдү). Байгазы бала көрбөй жүрүп биринчи көргөн тун баласы Бүбүштү эркек балдардай кийиндирип, эркек балдардай тарбиялап өстүрдү. Бүбүштү аш-тойго, эл чогулган жыйындарга барганда да ат жабдыгы келишкен чыгаан жоргого, жакшы атка мингизип, жанындагы жигиттерине кошуп атайылап ээрчитип алчу. Бүбүш кыз болгону менен кыз каадасын күтүп колуна ийне саптап, сөөмөйүнө оймок илген жок. Үй толугу менен…..

Мар Байжиев: Кара курт

Кара курт (аңгеме) Бул иш мындан он чакты жыл мурун болгон, – деп баштады аңгемесин профессор. – Мен анда жаш врач элем, чачыма да ак кире элек, согуштан жаңы келгем. Фрунзеден Ысык-Көлгө командировкага жиберишти. Машинабыз бузулуп, жолдо бир айылга токтоп калдык. Жанымда Степан деген жолдошум бар, биз ошол айылга конуп, эртеси ары, Түпкө кетмек болдук. Ал жылдары Түптүн ооруканасында келте, безгек жана башка жугуштуу оорулар менен ооругандар көп эле. Мына ошолорго дары-дармек алып бара жатканбыз. Биз түшкөн үйдө бир кичирээк кыз жана алтымыштардагы аял бар экен. Чарчап келгенбиз, кайнаткан чайынан толугу менен…..

Айтмырза Абылкасымов: Башка дүйнөдөн келген күч күйөө

Башка дүйнөдөн келген күч күйөө (Фантастикалык аңгеме) Кээде бир көргөн адамга эле кишинин жылдызы жанып, эзелки таанышыңдай болуп калган учурлар көп эле кездешет эмеспи. Бүгүн да дал ошондой болду. Кыз айылдын үстү жагындагы булактан суу алганы барып, булактын мөлтүр суусуна жүзүн чайып, ар кандай кыялдарга азгырылып отуруп, анан гана баканга суу толгон эки чакасын илип алып, ичинен кыңылдап ырдап коюп келе жаткан. Булак менен айылдын ортосунда калың бак бар. Азыр андагы алмалардын кыйгач гүлдөп турган учуру. Кыз ошол бакка жакындашкан кезде нарыдан: –Саламатсызбы, карындаш. Бир азга аярлай аласызбы? – деген толугу менен…..

Абдымомун Калбаев: Канышанын чечими

Канышанын чечими  (аңгеме) Айылга жаңырыктап келе жаткан бир суук кабардын шойкуну бар. Аны байкап жакасын кармап турган бир гана Айжангүл байбиче. Бул байбиче ажалдын келеринен башканын баарын билет. Мындагылардын үрөйү учуп байбиченин айланасына чогулуп турат. ***** Тээ алыстан эле уюлгуп чаң чыгат, боз үйдүн алдында ийик ийрип олтурган Айжангүл эненин жүрөгү бир нерсени сезгендей опколжуй түшүп ийик колунан ыргып кетип, тегеренип боз үйдүн алдындагы очоктун жанына жиби чубалып барып жатып калды. -Ээ жараткан кудай, өзүң сактай көр, бул жамандыктын белгиси, – деп ордунан тура калып, ийикти алды да жанында турган толугу менен…..

Афина Абдылдаева: Жоголгон саат

Жоголгон саат (аңгеме) Бишкектеги азыркы ГКНБнын имараты турган жерде мурда финансы-кредит техникуму болгон. Имараттын эскилиги жеткендиктен 1959-жылы Жаш Гвардия менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы үч кабат окуу жайы жана батыш жагында жатакананын имаратынын курулушу салынып жаткан. Пайдаланууга бериле турган болуп, бүтөөр кезде техникумдун жетекчилери биринчи курсту бүткөн студенттерди каникулга жибербей, кара жумуштарды жасатуу үчүн алып калышты. Жаңы жаркыраган имаратта күзүндө биз биринчи болуп окуйбуз, -деп, кудуңдаган дүмбүл жаштар шатырап, кыйналдык-кысталдык дебестен кыздар терезелердин айнегин, эшиктерин, полун жууп-тазалап, уландар болсо курулуштун акыр-чикирлерин оор замбилдерге салып, сыртка ташып чыгарып жатышты. Күндөрдүн биринде толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Колуңду берчи, жакшы адам

Колуңду берчи, жакшы адам (аңгеме) -Кутуча толуптур, – деди уулум Курман айтка бир күн калганда. -Эсептеп көрчү, канча болду экен? -Санап чыктым: эки жарым миң сом чогултуппуз. Экөөбүз тең унчукпай калдык. Айлап топтогон тыйыныбыздын аздыгына ичим чыкпаса да, жээрге нан таппай отурган дагы бирөөгө жок дегенде бир апталык оокат болор деген ойдо өкүнүчүмдү бастым. Капкагынын ортосу тыйын баткыдай болуп тилинген калай кутуча үйүбүздүн кире беришиндеги текчеде турат. Күн сайын сырттан келгенибизде чөнтөк, баштыгыбызды аңтарып, колубузга илинген тыйын-тыпырды ага салып коюп, анан үйгө кирчүбүз. Бул кайрымдуулук кутучасы – уулумдун демилгеси. Менин толугу менен…..

Шабданбай Абдыраманов: Самар (аңгеме)

Самар (аңгеме) Коңшубуздун кызы Самар чыбыктай шыңга, кымча белдүү арык чырай кыз болучу. Анын жаз күнүндөй жаркылдаган ачык мүнөзү менин эсимден кетпейт. Түтөгөн кыйгач каштарынын астындагы кичирээк карагаттай мөлтүрөгөн көздөрү ойноп турчу. Өзбек кыздары түспөл кырдач мурундуу, жүзү кагаздай жука. Дайыма атлас көйнөк, тар камзир кийип, шайдоот басып жүрөр эле. Кош көкүрөгү бөдөнө тумшуктанып, кыздын сымбаттуу боюн ого бетер көзгө жакын кылып турат. Сазга чыккан чымындыктай майда өрүлгөн чачы далысын тегиз жаап, үстүнөн бастыра кийген зар топу куп жарашып калганычы. Кыздын атасы ичкилик кыргыздардан боло турган. Ошондон улам Самардын тили толугу менен…..

Жумабек Токтогазиев: Күкүк, күкүк, Мен канчага чыгам?!.

Күкүк, күкүк, Мен канчага чыгам?!. (Эссе) Жылдар тогошуп, ошол эле ирмемде жылдар ажырашып, эл күткөн жаз да келди. Бул күндү, ушул мезгилди ким кандай күтөт… мен үчүн азыр да купуя сырдай сезиле берет. Мындай ойлор, тээ балалык кезимден – эс тарта баштаган учурумдан бери эле ушул кезге чейин эрбелеңдеп мени ээрчип жүргөнү жүргөн. Мен ошондогу балалыгымды эстеген сайын, негедир дүпүйгөн калың бакка оролгон бир жапма жепирейген үйүбүз, жана да жашыл көчөлүү айылымдын жаз күндөрү оюма кылт эте түшөт. Анан да жанымда жаңыдан гана эс тарта баштаган кипкичинекей бала пайда боло толугу менен…..