Мар Байжиев: Кара курт

Кара курт (аңгеме) Бул иш мындан он чакты жыл мурун болгон, – деп баштады аңгемесин профессор. – Мен анда жаш врач элем, чачыма да ак кире элек, согуштан жаңы келгем. Фрунзеден Ысык-Көлгө командировкага жиберишти. Машинабыз бузулуп, жолдо бир айылга токтоп калдык. Жанымда Степан деген жолдошум бар, биз ошол айылга конуп, эртеси ары, Түпкө кетмек болдук. Ал жылдары Түптүн ооруканасында келте, безгек жана башка жугуштуу оорулар менен ооругандар көп эле. Мына ошолорго дары-дармек алып бара жатканбыз. Биз түшкөн үйдө бир кичирээк кыз жана алтымыштардагы аял бар экен. Чарчап келгенбиз, кайнаткан чайынан толугу менен…..