Кыргыз Азербайжан адабий кызматташтыгы уланат

Үстүбүздөгү жылдын 4-6-апрель күндөрү Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында мамлекеттик жана саясий ишмер, Азербайжандын экс президенти Гейдар Алиевдин 100 жылдыгы, жазуучу, филология илимдеринин доктору Мир Жалал Пашаевдин 115 жылдыгы жана кыргыз акын-жазуучулары менен тыгыз кызматташып келе жаткан акын, жазуучу, публицист Акбар Кошалынын 50 жылдыгына арналган иш чара болуп өттү. Эл аралык деңгээлде өткөн бул мааракелик иш-чараларга түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрү менен бирге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков катышып келди.

Салтанаттуу иш чаралардын алкагында төрага Н.Калыбеков Азербайжан Республикасынын Парламентинин маданият комитетинин төрайымы, депутат, ф.и.д., жазуучу Ганира Пашаева менен жолугуп, адабий багыттагы кызматташтык боюнча сүйлөшүп кайтты.

Эске сала кетсек, 2019-жылы “Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы” азербайжан тилинде, 2021-жылы “Карабах аңгемелери” китеби кыргыз тилинде жарык көрүп Баку шаарында жана Бишкек шаарында бет ачарлары өткөрүлгөн.