Амангелди Мисиров: Тарбия издеген бала

Тарбия издеген бала

Качан экенин ким билсин. Мындай бир окуя айтылып келет. Узак жолдо үч жолоочу бири-бирине кезигип калып бирге жол тартышат. Анын бирөөсү чачы агарып улгайып бара жаткан адам, экинчиси кермурут жигит эле. Үчүнчүсү болсо алардан бир топ жашы кичүү кичинекей бала экен.

Жолдо баратып тиги эки киши бирдемелерди жашырып, шыбырашып сүйлөшө башташат. Бала алардын сөзүнө кулак түрбөй тез–тез алдыга басып кетет. Бир топ жол жүргөндөн кийин тиги экөө жол боюндагы жалгыз үйдүн ээсин чакырып, эшигин чертип көрүп, эч ким жооп бербеген үйгө кирип кетишет. Бала болсо аларды карагысы келбей, “туура эмес кылды” деп дагы тез–тез басып узап кетет.

Бир топ убакыттан кийин тиги экөө колтуктарына бирдемелерди кысып жете келишет. Бала болсо алардын колтугундагы буюмга да көңүл бурбай келе берет. Жүрүп-жүрүп отуруп бир жерге келсе, адам өтчү көпүрөдө бир торпок кепшеп коюп жатат. Аны көргөн улгайган киши жаман сөздөр менен тилдей баштайт. Тиги жигит болсо жете келип торпокту сабап тепкилеп кирет. Ошондо тиги бала.

-Тийбегиле, бул байкуш торпокто не айып? –деп кашылап тургузуп, акырын жетелеп четке чыгарып айдап коет. Баятан буларды көрүп, байкап отурган жол жээгиндеги аппак сакал карыя алардын алдынан тосо чыгып, салам айтып учурашып, кыргыздын салты боюча – жол жүрүп чарчаган түрүңөр бар, конок болуп кеткиле, – деп үйүнө ээрчитип келет. Тамактанып, жолоочулардын көңүлү жай болгондон кийин карыя тигилерге кайрылып:

-Кана, көргөн билгениңерди божурай отургула, жолоочунун жолдо көргөнү үйдө отурганга кызык болор,- дейт.

Тиги эки киши бир жакка баратабыз, эч нерсе деле көрбөдүк, -деп кыңк –мыңк этип тим болушат. Баятан жаш баланын жолдо жаткан малга кылган жакшы жоругуна ыраазы болгон карыя эми балага кайрылат.

-Балам, сен жаш болсоң да зээндүү көрүнөсүң, сен көргөн билгениңди жашырбай сүйлөп берчи, булар сенин кимиң болот? –дейт.

-Ырахматы менин атам илими бар киши эле, -деп сөзүн баштайт жаш бала. –Мен эс тартып чоңоюп тарбиясын көрө баштаганымда атамдын көзү өтүп кетти. Атамдай илими бар киши болсо, кызматын кылып жүрүп болсо да жакшы тарбиясын алсам деп жолго чыктым. Бул жолоочулар менен жолдо кезиктик. Келе жатып булар менден жашырып шыбырашып сүйлөшүштү.

Атамдын бирөөлөрдүн шыбарашкан сөзүнө кулак салып укпа, жаман сөзгө кулагыңды тоспо, Кудай таала кулакты жакшы сөздү укканга жараткан,-дечү. Булардын эмне сүйлөшкөнүн билгеним жок.

Андан ары жол боюндагы бир үйгө эс алсакпы деп ойлоп эшигин чертсек эч ким чыкпады. Ошентсе да бул эки киши ал үйгө кирип кетишти. Мен атамдан “бирөөнүн үйүнө барсаң, эшигин үч жолу тыкылдат, чыкпаса артыңа кайткын” дегенин эстеп, үйгө кирбедим.

Жолдон булар мага тез эле жете келишти. Колтуктары томпойот. Анын эмне экенин карагым келбеди. Анткени атам жаман нерсеге караба, жараткан эгебиз көздү адал нерсени караш үчүн жараткан деп айтчу эле. Булар колтугундагы буюм адал же арам экенин биле албадым, -деп сөзүн бүтүрдү бала.

Анан карыя балага ыраазы боло бир аз отургандан кийин дагы сурады.

-Жолдо жаткан малды булар сабап тилдеди. Сен болсо сылап сыйпап четке жетелеп чыгарганыңдын сырын айтчы?-деди.

-Атам жараткан эгебиз колубузду да бутубузду да жакшы иштер үчүн жараткан. Колуңду күнөөлүү ишке малба, бутуң менен жаман жакка баспа дечү. Колумду да, бутумду да күнөөгө батпасын дедим. Тилдебегенимдин себеби тилибизди да жакшы сөз сүйлөш үчүн жараткан тура. Ал эми мал да, адам да, ал тургай бардык жандуу – жансыздар жараткандын мүлкү эмеспи. Аларга зыян кылуу улуу жаратуучубузга жакпастыр.

-Атаң чын эле илими бар киши болгон тура. Сени мен өзүмө окуучу кылып алам, тарбиямды берейин, -деп, анан эмне дээр экен деп тигилерге карады. Карыянын олуя экенин сезген тиги экөө:

-Сиз бардыгын бизге айттырбай билип турганыңызды сезип турабыз. Эми биз артыбызга кайтып уурдаганыбызды ээсине кайтарып, жараткандан күнөөбүз үчүн кечирим сурап мындай жаман ишти кайталабайбыз, -деп, тиги экөө убадасын берип, тообо кылып, артка кайтып кетишкен экен.