Жакыпбек Абдылдаев: Эгерде күлкү сатылса… (сатира)

Эгерде күлкү сатылса

Эгерде күлкү сатылса,

Сараңдар дайым түнт жүрмөк.

«Бекерге акчам кетти» – деп,

Беш мүнөт сайын үшкүрмөк.

 

Эгерде күлкү сатылса,

Билишпей эмне кыларды.

«Белек кылып бербейт» – деп,

Ач көздөр тартмак убайды.

 

Эгерде күлкү сатылса,

Ажаандар бизди урушмак.

«Нанбы, – деп, – күлкүң жегидей?»

Намыска тийип турушмак.

 

Эгерде күлкү сатылса,

Капчыкты кагып кош колдоп.

Азыркы тартыш маалда,

Алуучусу жок болмок.

 

«Кабагын ачып жүрсүн» – деп,

«Каткырып бир аз күлсүн» – деп.

Бюрократка тултуйган,

Бекер берчү күлкүм көп.

 

Мурч кошуп берем сараңга,

Туз кошуп берем ажаанга.

Бал кошуп өзүм тартуулайм,

Кайгысы арткан адамга.

 

Сатылар буюм түркүнү,

Сатпаймын, бирок күлкүнү.

Өчүрбөй шамын оюн-зоок –

Өмүрдүн болсун түркүгү.

 

Жакшыга арнап каткырык,

Жаманды сындап мат кылып.

Калкыма такыр угузбай,

Кайгынын оозун жап кылып.

Жүүнү бош бир күн өткөрбөй,

Жүрөлү дайым каткырып.

 

Кусур уруп кеттиби?

«Бейиш тура» дедиртип

Бекер тамак жедиртип,

Өтүп кетти бир мезгил

Ооздон көбүк көбүртүп.

 

Тойдо үлпөт курчубуз

Мелт-калт арак сунчубуз.

Батпай калса байкатпай

Чайга кошуп турчубуз.

 

Ал турмушту шаттанган

Айбыгамын айткандан.

«Кара нанды уй жейт» – деп,

Алар элек ак нандан.

 

Платформа, шиш така,

Кайырма жака, түз жака.

Кийим кийчү аялдар

Күйөөлөрүн сыздата.

 

«Кудай берди бизге» – деп,

Кактап жедик шишкебек.

Колбасаны жеридик:

«Ыргытып сал итке» – деп.

 

Чачылмай да, төгүлмөй

Заман калды көрүнбөй.

Түбүң түшкүр бул учур,

Түшүм эмес өңүмдөй.

 

Азыр бизде баары жок,

Ооруп калсаң дары жок.

Ай-талаадан жыйнаган

Аарылардын балы жок.

 

Толгон-токой дос менен

Тойгучакты торт жегем.

Азыр кирсең дүкөнгө

Жооп угасың «жок» деген.

 

Кыдырам деп базарды,

Капчык, чөнтөк тазарды.

Жалап коюп отурам,

Жугунду жок казанды.

 

Кээ бир аял жашарып,

Кетиришти каталык.

Туалетке барса да,

Барышчу эле жасанып.

 

Шым кийишип сороктоп,

«Жашмын» дешчү чоёктоп.

Азыр дароо карышты

Боёнорго боёк жок.

 

Ыймансыздар көпкөндүр,

Ал Кудайга жеткендир.

Нанды тепсек топ кылып,

Кусур уруп кеткендир.

 

Тарпаңбай менен Картаңбай

–Тарпаңбай кайда кетти эле?

–Базарга кеткен азандан.

–Картаңбай кайда кетти эле?

–Азандан кеткен базарга.

–Тарпаңбай неге кетти эле?

–«Самопал» арак сатканы.

–Картаңбай неге кетти эле?

–Баш оорусун жазганы.

–Тарпаңбай жок да базарда?

–Ал кургур азыр түрмөдө.

–Картаңбай жок да катарда?

–Ал байкуш а дүйнөдө.

–Экөө тең жоош эле койдон

Аларга эмне болгон?

–Тарпаңбай «самопалын» куюп берген,

Картаңбай ичип алып уугуп өлгөн.

 

Базарда

Базарда деги эмне жок?

Буюм бар сенде, менде жок.

Карасаң, баары сатуучу

Алуучу бир да пенде жок.

 

Тигинде бирөө май сатат,

Тамеки, самын, чай сатат.

А бирок баасын уккандар

Аргасыз башын чайкашат.

 

Кыйкырып балдар нан сатат,

Гезитти кемпир, чал сатат.

Сому жок жүргөн көпчүлүк,

Сонуркай карап таркашат.

 

Кийими бар түрктүн, жапандын

Кааласаң кийгин, жасангын.

Баасына жетпейт чогулткан

Дүнүйө-мүлкү атаңдын.

 

Жазуусу кооз бөтөнчө,

Тигине желим бөтөлкө.

Кыргыздан чыккан буюм жок

Жасалган жери – чет өлкө.

 

Орусча билбес «оо» деген,

Мал менен өскөн тоодогу эл –

Машыккан азыр коммерсант,

Машыккан азыр соодагер.

 

Чет элдик болуп жазуусу,

Сому жок тетир басуучу.

Базарда буюм толтура,

Базарда баары сатуучу.

 

Үйүмө араң келгенмин

Таң атпай барып базарга,

Сатуучудан жол тийбей

Кайрылып артка басаарга,

Үйүмө келгем жатаарда.

 

Бир келин көркү ак куудай,

Алдыман кыя бастырбай.

Жалбарып ийди: «Ичиңиз,

Суусун жок, «Шоро» максымдай».

 

«Манты же, нан ал» – деп мени,

Канчасы тороп эзбеди.

Ачкамын, бирок пулум жок

Экенин эч ким сезбеди.

 

Турганда ичим курулдап,

Жаш бала турду бырылдап.

«Вечерка», «Дело…» алгын деп,

Гезитти сунат чыйылдап.

 

Суурулуп андан чыкканда

Жолуктум жапжаш кыздарга.

Жабышат алар: «Спирт ал,

Жүз грамм мына жутканга».

 

Ичине кирбей базардын,

Сыртына көпкө такалдым.

«Кайтайын үйгө» – деп ойлоп,

Айласын таппайм качаардын.

 

«Кара далы»

Эр албаган кээ кыздар,

Элге далай кеп болот.

Ал кыздарды эмнеге:

«Кара далы» – деп коёт?

 

Бойго жеткен кыздардын

Кара чачын келишкен,

Жеңелери кырк өрүм

Далысына өрүшкөн.

Ал кыздарды жигиттер

Көчөлөрдө көрүшкөн.

Адептүүсүн жактырып,

Жүрөк сууруп беришкен.

«Өмүрлүк жар болгун» – деп,

Маңдайынан өбүшкөн.

Турмуш куруп ошол кыз

«Жакшы келин» дегизген.

Далыдан чач жыйылып,

Эки өрүм кылып өрүшкөн.

 

Эрке-талтаң өскөндөр

Ээн басып көпкөндөр

Жигиттерге жакпаган.

«Качан эрге тием?» – деп,

Далай жылы какшаган.

Кара чачы жыйылбай

Бүт далысын каптаган.

«Кара далы кыз» деген

Ат кондуруп таштаган.

 

Тартиптүү өссөң жаш селки,

Эч ким «жаман» дей албайт.

«Шалтай-балтай» – деп жүрсөң,

Сени дагы эр албайт.

 

«Шишиң толду»

Дардаңдаган кээ бирөө,

Сөз укпайт да, кеп билбейт.

Эл андайды эмнеге:

«Шишиң толду» – деп тилдейт?

 

Шылуундардын шылууну

Болгон экен бир ууру.

Кесип кылып алыптыр

Мал-мүлк уурдап турууну.

 

Ал уурунун аялы

Мындай бир иш кылчу экен

Бир мал уурдап келгенде

Бир кесимин ал эттен

Шишке сайып турчу экен.

 

Элдин малын уурдамай

Бир топ эле болуптур.

Эт сайылып бир кесим

Ошол шишке толуптур.

 

Бир күнү анын аялы:

–Койчу эми, болду, – дейт.

Эл катары оокат кыл

Шишиң сенин толду, – дейт.

 

Ага болбой күйөөсү

Уурулукка барыптыр.

Торпок уурдап жатканда

Эл төпөштөп салыптыр.

 

Жалган сүйлөш айыптыр,

Бул айтканым аныктыр.

«Шишиң толду» деген кеп

Мына ошондон калыптыр.

 

Эки каргыш

Ажылдаса аялы,

Чыдабай тилдин заарына,

Күйүп-бышкан күйөөсү

«Күп» бир коёт далыга.

Анда:

–Шал тийсин – деп, – колуңа!

Аялы каргайт таарына.

 

Күйөөсү чытып кабагын

Тилептир оору «жаманын»:

–Айкырбай калгын шыбырап,

Ангина болуп тамагың.

 

Жаман катын

Кыздардын бир күлгөнү майрам сымак,

Кыздардын күлкүсүндө сайран турат.

Супсулуу, кыз кезинде баары жакшы

А бирок жаман катын кайдан чыгат?

 

Курулай дүнүйө-мүлк көксөгөндөр,

Күйөөсүн талпак кылып тепсегендер,

Бирөөнүн турмушуна көзүн артып,

А бирок өзү жарып кетпегендер.

 

Адамдай акыл-эстүү болуп туруп,

Башында бир «шариги» жетпегендер.

Ар кимден жаман сөздү уга берет,

Анан ал жаман болуп чыга келет.

 

Бой жеткен тоту куштай секелек кыз,

Бактылуу турмуш кургун теңиң менен.

«Ар-р» этип беттен алган ажаан болбой,

Атка кон: «Ыйманы бар келин» деген.

 

Эң жогорку жаза

Жек көрүнүп баарына,

Элдин калган каарына.

Киши өлтүргөн канкорду

Күнөөлөштү жабыла.

 

Ырбап жыйын чатагы:

–Өттү мунун азабы!

Ыйгарабыз,– дешти эл

«Өлүм» деген жазаны.

 

Бирөө айтса күңкүлдөп:

«Уудан ичип өлсүн» – деп.

Башка бирөө кыйкырат:

«Сууга чөгүп көрсүн!» – деп.

 

–Олтургузсун казыкка!

–Же шыйрактан асышса!

–Аздык кылат мындайды

Эл көзүнчө атышса!

 

Ал жыйындын «көзүрү»

Минтет соттун өкүлү:

–Жашообузга төп келбейт,

Элдин мындай өкүмү.

 

Азыр берер уубуз жок,

Чөктүрөргө суубуз жок.

Асып салар жип эмес

Мүшөк байлаар буугуч жок.

 

Казык эмес чырпык жок,

Атып салар мылтык жок,–

Деген соттун сөзүндө

Байкап турсаң кынтык жок.

 

Өкүм сүйлөп башкадан

Өңүн бузуп Капсалаң:

–Өзүм деген бул наадан

Өлсүн,– деди,– ачкадан!

 

Сот өкүлү обдулуп

Бул пикирге кошулуп:

–Ырас, бизде бар,– деди,

Ырыс кескен жокчулук.

 

Ар ким таяп-жөлөп да

Көрсөтпөсөк көмөк да,

Аргасы жок бул кургур

Ачкасынан өлөт да.

 

Элдин арбын катары

Эп көрсө бул жазаны,

Күлүп турган күнөөкөр

Баш шылкыйтты азалуу.

1993

 

Байкап койдум

Шашып-бушуп келе жатсам ишимден,

«Дос» жолукту кан базардын ичинен.

Кечээ күнү келиштире ичкенин

Көрүп турдум шишик тарткан жүзүнөн.

 

–Иче турган барбы,– деди – бирдеме?

Жооп бердим: – Андай неме үйдө эле.

–Жүргүн анда, мейли аяш урушсун,

Кирип жаттым беле,– деди,– күндө эле.

 

Тамшандырып орундуу айткан кептери,

Жолдош эле студенттик кездеги.

Ортобуздан он жыл өтө электе

Өкүндүрдү алкаш болуп кеткени.

 

Айтып жатты кылган ишин, «атагын»:

–Акчам барда мен баарына чачамын.

Сага дагы эстен кеткис сый кылам,

Жок дегенде бир күн мендей жашагын.

 

Мени мактап бакылдаган чеченим,

Тооругандыр мендейлердин неченин.

Байкап койдум бир кездеги жолдошто

Акча түгүл абийир жок экенин.

 

Кымбатчылык маалында

Жаман жорук баштабас

Сыпаалыгын таштабас.

Өскөн чачын кыскартып

Тегиздетсе Барктабас,

Капчыктагы акчасын

Кагып алды чач тарач.

 

Карегине жаш толуп,

Күлүп, кайра мостоюп,

Капаланат Барктабас:

–Кыйынсынбай чач коюп,

Кымбатчылык маалында

Калсамчы,– деп,– таз болуп.

 

Кароолчунун чын сөзү

–Калкыбыздын мүлкү үчүн

Сакчымын деп жүрчүсүң.

Кайтаар элең үйүңө

Кана уктап түнкүсүн.

 

Өтөп далай жашты бу

Өмүр сүрдүң бактылуу.

Уктабайсың бу кезде

Уйкуң эмне, качтыбы?

 

–Уйкучу элем жашыман,

Аны кантип жашырам.

Уйкум келбей жатпайбы,

Курсагымдын ачынан.

 

Боорукердик

Сүлүктөй кызга үйлөнүп,

Сүйүүдөн түркүн сый көрүп.

Арыкбай бир бийкечтин

Артынан кеткен сүйрөлүп.

 

Басышып турмуш – чоң жолдо,

Балалуу, анан болгондо.

Энесин колго алган дейт,

Эс кирип, акыл толгон го?

 

–Эртелеп жеген ырысын,

Эс кирбей ошол курусун.

Баласын багып энеси,

Жасайт да үйдүн жумушун.