Акын Бурулкан Карагулова: “Поэзия мага Бурулкан Карагулова деген наам берди…”

Маектеш тууралуу маалымат:

Бурулкан КАРАГУЛОВА – 1957-жылы 1-августта Кетмен-Төбө өрөөнүндө туулган. 1994-жылдан Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Тун жыйнагы 1989-жылы чыккан. ”Кыял кемеси”, “Көкүрөгүң жыттап алдым билгизбей”, ”Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө”, ”Селсаяк”, ”Токтогул көлү – көз жашым”, ”Бул дүйнө көркү чыгат сүйүү менен”, ”Мен сүйүүнүн доктору”, “Көздөгү жалын”, “Билик”, “ЛИРИКАЛАР” ыр жана проза жыйнактарынын автору.

– Адатта аялзатынын жан дүйнөсү үлбүрөк келип, өзүнө окшогон уяң, назик ырларды жазат эмеспи, а сиздин ырларыңыздан белгилүү бир алкактарга, ченемдерге сыйбаган ээнбаштык, эркектерге мүнөздүү эрк, кайрат, кайра тартпаган өжөрдүк, көктүк сезилип турат. Бул мүнөз, бул касиет сизге бала кезиңизден мүнөздүүбү?

– Мен кичинемде эле бир ордумда тура албаган бейбаш, жакпаган ишти аткарганга желкем жар бербеген көк элем. Балдар менен эле күрөшүп, мушташып жүргөн бир тентек болчумун. Пара, лянги тээп ойночумун. Үй ишине жалкоо элем, ошон үчүн апамдан көп тил укчумун. Эң жаман көргөн ишим идиш жууган, кир жууган, үй шыпырган болчу. Короо шыпырганды, бак, гүл өстүргөндү, тамеки тизгенди, жүгөрү кайрыганды, жыгачтан, темирден бир нерсе жасап, кураштырганды жакшы көрчүмүн. Азыр деле ошондоймун. Бирок, коноктор кеткенден кийин идиштердин баарын жалгыз жууп, таза сүртүп, кыялданып отура бергенди, кирди колго шашпай таптаза кылып жууганды жакшы көрөм.

Балалыгыңыз Ноокатка өткөн экен, ал жакка не себептен барып калгансыз?

– Атам 6 жашымда каза болуп, апам 5 бала менен 29 жашында жесир калган. Кышында жука кийим менен кардын үстүндө балдар менен ойноп, Нарын дарыясынын жээгине барып жылаңайлак суу кеччүмүн. Шоктугумдан, жеңил жүрүп, суук тийдиби, айтор көп оорудум. Жайында апам ишке кеткенде көчөлөп кетип, дарыяга батиңкелеримди канча агыздым. Апам күндө талаада иштейт. Мен ооруп калсам караган эч ким жок. 3-классымда доктурлар Ошко санаторияга жөнөтүп жиберишти. Семиз киши көрсөм эле эсим оой берчү. Кашайып, ошо жылдары орустун дүйнөнү дүңгүрөткөн штангачысы чыгып, анын майкачан ыйынып штанга көтөрүп аткан сүрөтү эски Токтогул районунда жайнап кетти. Базарга кире бериште, мектепке кире бериште, көчөдө, айтор бардык жерде илинип турчу. Тиктебегенге аракет кылсам деле болбой эле, тиктеп алам. Ошол эле жерден кусуп жыгылам. Анан үйгө сүйрөп келишчү. Ошону апама 18ге чыкканда айтсам аябай кейиген. Оштун да ар кайсы кычыгында жанагы кишини илип коюшуптур. Менин оорума Оштун доктурлары деле диагноз коё алган жок. Анан Жаңы-Ноокатка бардым. Ал жактан Токтогул атындагы мектеп-интернатты окуп бүттүм.  Ангинамды да кесип салышты. Ноокатта да жанагы кишинин сүрөтүн илип салышыптыр. Эгер ал сүрөттү же семиз кишилерди көрбөсөм, шоктук кылып жакшы эле чуркап жүрөм да, аларды көргөндө эле жыгылам. Айтор оорум да оригиналдуу болчу, аты жок. Ноокаттан чоочуркабай, өз районумдай кабыл алдым. Өтө кооз жер болчу, интернаттын сыртында суу акчу. Жээги бак эле. Бактын ичинен чыкчу эмесмин. Топтун артынан эле кууп жүрчүмүн футбол ойноп. Бөбөктөрүмдү сагынып, ыр менен кат жазчумун үйгө. Алгачкы ырды Ноокатта жазып баштадым.

– Кыргыз элинин миңдеген жылдык тарыхы бар Кетмен-Төбө өрөөнүнүн көп жери суу алдында калды. Куттуу өрөөндүн тагдырына кейип өтө көп кайгылуу ырларды жаздыңыз? Суу сактагычтын толгонуна 40 жылдан ашып кетсе да унута албай жатасызбы?

– Башканы унутса болор, кереметтүү Кетмен-Төбөнү унутууга мүмкүн эмес. Жердин соорусу, эң каймактуусу, берекелүүсү, коозу, көркөмдүүсү ошол эски Токтогул району болгон. Андай жер дүйнө жүзүндө жок. Ал жерде киндик каным тамган. Ал жердин топурагында жыңайлак чуркагам. Жок дегенде бир ууч топурак уучтай чыкпаганыма өкүнөм. Ал жерден кеткенде жаш элем да. “Токтогул көлү – көз жашым” деген китебим эски Кетмен-Төбөмө арналып жазылган.

Окурмандар сиздин “эки махабатыңыз” бар экенин билет. Кайсы махабатыңызга биринчи жолуктуңуз эле?

– Экөөнө тең жолуккан эмесмин. Бирөөнү эле билем 18 жашымдагыны. Ага жетпедим деп көп жылы өкүнүп жүрдүм. Бирок, аны 30 жашымда капысынан көрүп калып, катуу иренжидим. Күн-Туу деген автобуста кысылып баратсам артыман бирөө бирөөдөн “Карагулова бекен?” деп  сурап калды. Шак артымды карасам ошол экен. Курсагы чыккан, семиз, капкара, тиштерин саргайтып күлүп коёт. Көңүлүм айланып кетти. Автобусту дароо токтотуп түшүп кеттим. Баягы кичинемдеги оорум кармап калбасын десем керек да. Болду, ошондон кийин ошого арналган ырга чекит коюлду. Оо андан кийин канчоону жактырдым дейсиң, хе-хе…

Сүйрөлгөн бирөөдөн,
Сүйбөгөн күйөөдөн,
Сүймөнчүк кыздарды,
Төрөгөм, төрөгөм… – деген ырым кыздарымдын атасына жазылган. Ал экөөбүз 9-класстан баштап 10 жыл сүйлөшкөнбүз. Сүйбөсөм да турмуш курушка туура келген. А азыркы жигитимди тагдыр табыштырган. Тек гана тагдырлаш болуп калып бириккенбиз. Ага кызыккандар “Селсаяк” деген китебимди окуса болот.

– Ыр сиз үчүн эмне? Хоббиби, же жашоонун маңызыбы?

– Мен ырдын ичинде жашайм. Ыр мага ыйык наам апкелди. Ал наамдын аты “БУРУЛКАН КАРАГУЛОВА”.

– Менин поэзия дүйнөсүнөн тапкан наамым, алган сыйлыгым Бурулкан Карагулова деген ысымым деңизчи?

– Наам тууралуу айтсак, азыр сатык заман. Ар нерсенин өз баасы бар. Наам сатып алганга намысым жол бербейт. Талантым бар, таанышым жок деген сөздөн алысмын. Тааныш издеп чуркаган жокмун. Мен керек болсом өздөрү бир күнү келиңиз деп чакырып калар. Чакырбаса капа болбойм. Азыр кылган кызматы, сиңирген эмгеги жоктор дүңүнөн наам алып жатканын көргөндөн кийин көңүл иренжийт экен.

– Эл акыны, Эл жазуучу деген наамдар да сатыктабы ошондо?

Наамды кимдер алып жатышат? Кийинки 10-20 жылда наам алгандардын арасында Алыкулдун, Байдылда, Мидиндин, Т.Мукановдун деңгээлинде жазган акын барбы? Же Чыңгыздын, Т.Касымбековдун, Т.Сыдыкбековдун деңгээлинде жазуучу барбы? Өткүр эмес супсак, жүүнү бош тажатма чыгармаларды жазышат азыр. Баарынан кызыгы жазуучуга “Эл акыны” наамын берип, акынга “Эл жазуучусу” деген наамды берип жатышат. Күлөрүңү же ыйларыңы билбейсиң. Акын-жазуучулар ар менен намысты туу туткан, абийирине камчы чаппаган журт болчу эле. Наам алгандар уялбаса, мен уялчу болдум. Заманга шылтоолойбуз, бирок заманды өзүбүз бузуп атабыз.

Эмне үчүн сизди “Сүйүүнүн доктору” дешет?

– Аны окурмандар өздөрү айтсын. Эл катары эле жазам. Болгону кайсы темада жазбайын экинчи куплетке өткөндө эле өзүнөн өзү сүйүүгө бурулуп кетет. Сүйүү дайрасы менин каным аркылуу агат. Көбүнчө “Күйөөң унчукпайбы?” деп сурай беришет. Күйөөм эмне деши керек? Жазбай жүрүп калсам: “Эмне жазбай атасың?” деп сурайт. “Колум бошобой атат” десем колуман ишти ала коюп: “Бар, ырыңы жаз” дейт. “Ырыңда бир өзгөчөлүк болбосо, анда жазбай эле кой” дейт. Кантсе да эл жазуучунун уулу да. 9 китеп чыгардым, баарында тең жаап-жашыруу, кысынып-кымтынуу деген жокко эсе, ырда ачылуу, чачылуу басымдуулук кылат. “Мен сүйүүнүн доктору” деген ырым бар. Анын үстүнө бир китебимдин аты да ушундай. Көбүнчө сүйүү темасы менин темам болгондуктан, “Сүйүүнүн доктору”, “Сүйүүнүн рыцаркасы”, “Сүйүүнүн ханышасы” деп кайрылышат. Сүйүүдөн сырткары патриоттук ырларым деле бар. Эч ким айталбаган көйгөйдү ыр менен айтып койгондоймун. Бирок, ашыктык ыры басымдуулук кылгандыктан, көпчүлүк менден жалаң эле сүйүү темасын көргүлөрү келет.

– “Турса” деген шедевр аңгемеңиз күлкүлүү окуя болгон менен, күлбөй турган, кейий турган нерсе экен. Чоңураак кара сөз чыгармаларыңыз барбы?

– Менин 7 китебимде тең аңгемелер бар. Ыр менен аңгемени тең алып келатам Ноокатта окугандан бери. 2 китебимде гана жалаң ырлар. Аңгемелеримдин баары турмуштан алынган. Илгери “Көктөм” деген альманах чыкчу. Ага да аңгемелерим кирген. “Учкун” китебине ырларым чыгып турчу. Менин аңгемелерим же аябай күлкүлүү же аябай өкүттүү. Ушул эки теманы гана камтыйт. Азыр жазгандан зеригип эле көп аңгемелерим көз жара албай калып келатат.

Жазып бүткөндөн кийин сөзсүз ыйлайм. Күлкүлүү аңгемемди жазып бүткүчө эле ыкшып калам күлө берип. Ал эми “Турсамды” араң жазгам күлкүмдү токтото албай. Көлөмдүү аңгемелерим да бар, бирок, андан да узартып повесть кылганга желкем жар бербейт, жазуучу болсом катуу жазып кетем, бирок, ырдан ажырагым келбейт.

Кыргыз аял акындарынан кимди баалайсыз?

– Ноокатта окуп жүргөндө, Омар Хайямдын өзбек тилиндеги ырларын, Гүлсайра Момунованын сүйүү ырынан, Турар Кожомбердиевдин, Алыкул которгон “Жолборс терисин кийген баатырдын” ичинен 13 куплетин, анан Смар Шимеевдин сонеталарын  дептериме көчүрүп алгам. Ушул ырлардан кийин башкалардын ырын ыр дебей жүрдүм чоңойгуча. Ал балалык дептерим дагы деле бар.

Азыр ой токтотуп, баарын кыдырата окуп көрсөм, Роза Карагулова, Роза Мукашова, Алмаш Чойбекова, Айгүл Узакова, жаштардан Мадина Тураевалар бир топ кыйын болушкан экен. Эми деле ушуларды айтмакмын. Башкалардын деле жакшы ырлары бар, бирок, ал ырлар мени өзүнө тарта алышпады.

– Чыгармачылык өнөрканаңыз менен тааныштыра кетсеңиз. Качан жазасыз, кандай жазасыз, качан жазбайсыз?…

– Чыгармачылык өнөрканам дайыма кичинекей сумкамдын ичинде жүрөт. Ыр жазганга убакыт, мөөнөт, шарт дегенге түшүнбөйм. Күн, түн деген болбойт, кайсы жерде магдырап ойлонуп же толкуп кетсем, ошол жерден эле сумкамдагы жаман дептеримди чыгарам, көбүнчө 216-маршрут менен 7,8-троллейбустун ичинде. Себеби, ушул 3 каттам менен каттайм. Бактар мөмөсүн төккөндөн кийин бир сезон эс алышат ко, мен да ошентем.

– Республика боюнча таланттуу балдар, кыздарды чогултуп “Балдар ай”, “Кыздар ай” деп уюм түздүңүз, анын максаты эмне?

“Кыргыз акын-жазуучулары” деген коомдук фондду Юстиция министрлигинен өткөргөнүм менен “Кыздар ай” жана “Балдар ай” чыгармачылык бирикменин аты менен иштейбиз. Муну азыр жаштарга өткөрүп бергем, акын Кундузбү Маматова жетектейт. Эң башында фонддун байкоочу кеңешинин төрайымы болуп Гүлсайра Момунова турат. Республиканын ар бурчунан ыр жазгандардын башын бириктирдим. Азыркы күнгө чейин ырдын жазылышы, түзүлүшү жөнүндө сабак өтүп келатам. Ар бирине 70-80ден ашык авторлор кирген көлөмдүү 7 альманах жана “Алыкулга ырдесте”, “Байдылда акынга ырдесте” деген китептерди чыгардык. 20дан ашык жаш авторлордун китебин чыгарганга көмөк көрсөттүм. “Москва кайрыктары” деген адабий бирикмени да 2008-жылы Москвада жашап жүргөндө ачып келгем. Ыр кечелерди тынбай өткөрүп турабыз. Айтор, тыным жок.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”