Ырысбай Абдыраимов: Тамсилдер

Тайган

Тайган ар дайым сыртта жүрөт.

Байлыгы ашып-ташканы менен

туулган жерине, бирок, үлүш бербейт.

Анткени менен эл-жер башкарууну

Күндүр-түндүр эңсейт.

Самаганы – ал өскөн талаада тынчтык болбой,

тоз-тополоң басылбаса…

Каршылары шаштысын алып,

Аюуну тактан кулатса…

Тайган анын ордун ээлеп алса…

Кайсы бир кезде

Аюу аны бооруна тарткан.

Орун басарлыкты берип,

кийин өз ордуна таптаган.

Бирок Тайган,

ал кызматка ичи чыкпаган.

Тактыны алууну көздөп,

Айыкпады, ич буроосунан.

Сыртта жүрсө деле

Аюунун ордун аңдыганы аңдыган.

Менчик-кемтик башталганда

Май токочтуу жерлерди

Бүтүндөй ээлеп алган.

Базарларынан чуурулуп,

Кирешеси агып турган.

Бирок, тактыны аңтарууну ойлоп,

Аюунун кетээр күнүн болжоп,

оозунан суу, тамагынан оокат өтпөйт.

Өзү бөлөк жакта жүргөнү менен

Таламдаштарын отко түртөт.

Тымызын гана аларга

бөйрөк-шыйрак, жото жилик өңдөнгөн

эт-май, устукан жиберет,

урушка күүлөйт…

Ызы-чуу, жаңжал чыкканда

Билмексенге салып, кытмыр күлөт.

Жер түбүнөн желип-жортуп,

“Мен бармын”- деп, жетип келет.

Ошентип, өз жерин дайым бүлдүрөт,

Токойду түгөл күйдүрөт.

Ойлогон ою ишке ашпай,

колго түшүп калаарда,

мойнуна каргы салаарда,

уурданып качып,

досторун таштап балээге

кайрале четти көздөй жүгүрөт.

 

Өзүм “өлбө”

Улгайган келемиш

эсеби жетпей байыды.

Ар колотко үйүлдү,

жылдап жыйган буудайы.

Эгин толо үңкүр-ийини санда жок

аштыгын ага жашырды.

Мурутун сылап тикчийип,

казысы болсо, жарылгыдай,

жер чийип.

Араң гана дем алып,

семирип алган күлтүйүп.

Байлыгын катаар жайын билбеди.

Арык-торук тамыр-тааныш, туугандарга

чычкандай жакыр, жетим-жесир муктаждарга

бир тоголок дан, же саман бербеди.

Картайганда акыры акыл келгенби?,

“-Атым калсын түбөлүк! Атама аш берем.

Мышыкеңден эмнем кем?” -деп,

жоро-жолдош

өрөөн толо түмөн элди,

алыс-жакын конокторду чакырып,

бапылдатты кернейди.

Уюштуруп күрөш-жарышты

оңду-келди чачып тапканын

ойлогон жок, үй-бүлөсүн багышты.

Жүз жыл топтогон байлыгын

Үч күндө түгөл сапырды

Ургаачы келемиш жашыйт бер жакта:

-Чөндөлөйлөргө ырыскы калды кай жакта?

Алардын келечеги не болот?

Кантип жашап, кантип оңолот?..

Аны укпады Келемиш

куйругун шилтеп койгону:

-Менден кийин эмне болсо,

ошо болсун!–деп,

кийинкилер менен иши жок.

Момолойлордун көзүн кызартып,

аларды жакын жолотпой

ырыскысын туш келди чачып,

аштыкка адегенде өзү тоёт.

Ичке жукпас кешигин калтырып коёт.

ххх

Өз камын гана ойлогон

бар байлыкты чачып, тойлогон-

адамдар чыгат арадан,

келечекке уютку калтырып койбогон.

 

Кумурска менен чычкан 

Кумурска дегеле бош турбай,

жаны тынбай, келечекти ойлоп,

чарчап чаалыкса да оозуна дан салбай,

таңдан кечке

ийнине буудай сүйрөйт.

“Эч ким эч качан ач калбасын,

азыгым жылдан жылга ашса, ашсын,

бүткүл  тукумум  жыргап- куунап,

ойноп-күлсүн”- деп,

ороолоруна күндүр-түндүр данды

кырмандай үйөт.

Кечээкиден бүгүн,

бүгүнкүдөн эртең ашыра иштеп,

оокаты ашып турса,

жашоосу жакшырып,

бирөөнүн көзүн карабашын,

карыз сурабашын мыкты билет.

Тапканын туш келди чача бербей,

туугандарга толук үлөштүрөт.

Ороо толо дандуу Кумурскага

Момолойдун көзү күйөт.

Кыш менен иши жок,

жаз, саратан бою

ал, сайрандап жүрөт.

Былтыр уурдап тапканы желим болуп,

шарт түгөнөт.

Айласы жок

Кумурсканын ороосунан эгин шилейт.

Муну сезген кумурска:

-Уурулук жама-ан. Арам оокат аш болбойт -дейт.

ххх

Мээнеткеч, көсөм – келечекти ойлойт.

Жалакай, ууру – элден уурдайт,

бирок, оңбойт.

 

Унутулган убада

Көпчүлүк ишенип абдан

Короочуну тайгандардын арасынан

күзөтчүгө шайлап алган.

Ал адегенде убада бергени менен

кызматка жеткенден кийин

короо кайтармак милдетин да унутту.

Күндүзү акактап, жөн-жай жүгүрүп,

пайда таппай, күч-шайманын курутту.

Түн киргенде

дарбазаны ачып кенен,

ууру- кескилерге жай берди белен.

“Бул менин жерим. Кет ары, сен!”- дебестен

айбат кылбай, куйругун түйдү коркуп.

Түлкү келип,

тоок жөжөнү уурдап атса,

четке чыгып,

бөрү кой-козуну жарып атса,

короону деги корубай,

жатып алды

билмексен болуп кымпыйып.

Эстен чыкты короо-жайды корумай.

ххх

Коркоктор болот

душмандарга таламдаш

мекендин сырын ачкан санаалаш.

Эл башына күн түшсө,

жалган ооруп, жатып алган үйүндө.

 

Топоз чөлгө түшпөйт

Топоздун жүргөнү аскар тоо..

Үшүбөйт бороондуу кышта.

Ойлободу, бирок

камылга көрүүнү кышка.

Жүргөн үчүнбү, жем чачылуу

капчыгай, талаа, кырда

бычан, тоют чаап албады,

жай, күз… Күндүн ысыгында.

Жайлоодон чөлгө түшпөдү.

Адат кылды, үзүп таштап,

нокто жүгөндү:

таңдан кечке ойноп-күлгөндү.

Азыналап ырдап, бийлеп жүргөндү.

Мамалагы тургай,

кара курсагына чөп үйбөдү.

Кышка барып, тери жукарып

жүдөп-какап этинен түштү.

Кепшегени болсо да майлуу, күчтүү.

Мал-жаныбар төлдөп атса, убагында

А мунун саны азайды;

мамалагы бойдон түшүп, жадесе,

берекелүү жаз маалында…

Жокчулукту ээсине шылтап,

эми…

тумшугунан буу чыгарат:

-Бээ, төөлөр төлдөйт тегиз.

Менин саным өспөй такыр,

Бука, бодо, Жылкы эмнеге семиз?

Тоо бооруна, же бир колотко

Малкана курса, болот го!

Тоютту кырдап үйбөйбү да?

Карышкыр, чөөнү жолотпой!

Эт кошулбай салмагыма,

менден башка ким арык?

Кордолдум го мен карып!

Качан жашоом оңолот?

Бадачы койсо, муну ойлоп.

 ххх

Өп-чап турмушун, жалкоолор

өзүнөн эмес, өзгөдөн көрөт.

Догурунат, милдет кылып,

оюнда алар үчүн

кимдир -бирөө иштеш керек.

 

Орок менен Чалгы

Уста жасаган жаш чалгыны

“Билет, үйрөтөт, – дешип – иштин бардыгын”.

карт Орокко таңышты.

Албарстай миздүү Чалгы

дароо ишке жабышты.

Бычанды оруп бачым,

тасырайтты адырдын башын.

Орок шапар тепкени келгендей

чөптү учунан бирден кармалап,

тандап орот, чымчылап.

Акыры, жалкоолугу кармап,

жатып алды көлөкөнү

баш пааналап.

Ага жаккан жок, сол кулатып,

Чалгынын баратканы зуулдап.

Ага үйрөтмөк болуп “тажрыйба”

булгады кол:

-Ой Чаке, бери кел!

Бу саратанда

жүрбөй да калды, салкын жел!

Мен үйрөтөм жан кыйнабас,

оңой жол!

Эч ким жокто ишиң билинбейт,

кур бекерге урунба!

Коротуп ашыкча күч

өзүңдөн-өзүң жулунба!

Батыл ишиң менен чынында

толуу кыйын,

көрүнгөндүн сынына.

Текшерүүчү келсе,

токтотпой такыр жумушту

чыгаргын, шондо бар күчтү:

Кубатың жеткенче чап,

бутуң үзүлгүчө жүгүр!

Кеткиче алар бүгүл да, үзүл!

Ошондо көзгө илинип, көрөсүң үзүр.

Ыраазы болот, көргөн киши.

Сыйга алынып, эмгектин кайтат, акыбети.

Эч ким жокто, кенен сун, колду-бутту

көлөкөдөн чыкпа, кандыргын уйку.

Азыркыдай иштесең,

эрте карып, эрте сынып,

жок болосуң. Эсиңе түй, ушуну!

  ххх

Туура эмес, мындай кеңеш:

чындыкка берсек, кезек

жаштарды жолдон бузат,

Ороктой жалкоо, жанбагар кесеп!