Эгемберди Эрматов: Сабырдуулук

Сабырдуулук * * * Кудай Тааланын токсон тогуз атынын бири – сабыр. Демек, сабырдуу болуу – актыкка жетүүчү жолду тандап алуу. Биз барга да, жокко да, ачка да, токко да сабыр-канаат кылуу менен адамдык аброюбузду түшүрбөй жүрүп ийгиликтерге жетишебиз. Бекеринен ата-бабаларыбыз: «Сабыр түбү сары алтын»,– деп айтпаган чыгар. Сабырдуу адам көп нерсеге жетишет. Оор басырыктуу, токтоо болот. Бирөөгө ойлонбой туруп сөз бербейт. Кызуукандыкка алдырбайт. Ушак-айың сөздөргө алынып кетпейт. Бирөөлөрдүн артынан кыянат сүйлөбөйт. Көп нерсеге кечиримдүү болот. * * * Сабыр күтпөй жашагандарды бесабыр, сабыры жоктор, сабырсыздар деп коюшат. Андайлар ар кандай кесепеттерге дуушар болушат. Кыял-жоругу жүрүп олтуруп жеңил толугу менен…..