Абдымомун Калбаевдин “Төкмө акын Ысак Барпиев” аттуу китеби жарык көрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу, белгилүү тележурналист Абдымомун Калбаевдин “Төкмө акын Ысак Барпиев” аттуу китеби жарык көрдү. Китепке Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Ысак Барпиев тууралуу ой-толгоолору, эл оозунда айтылып келаткан ырлары, эскерүүлөрү, устатынын курч, терең маанилүү сөздөрүн жыйнап киргизген. Демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен “Улуу тоолор” басмасынан басылып чыккан китеп жалпы окурмандарга, өзгөчө айтыш өнөрүн аздектеген ак таңдайларга сунушталат.

Кыргыз жазуучуларынын “Айдын сырдуу тарабы” китеби түрк тилинде жарык көрдү

Евразия жазуучулар бирлигинин  каржылоосу менен  жазуучулар Жумабек Токтогазиев, Афина Абдылдаева жана Асан Ахматовдун биргелешип жазган “Айдын сырдуу тарабы” (Апат жана акын балладасы) аттуу китеби түрк тилинде жарык көрдү. 5 көшөгөлүү драманы түрк тилине которгон Екрем Арик оглу, Уланбек Алимов. Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата чыккан китепке демөөрчүлүк кылгандыгы үчүн Евразия жазуучулар бирлигинин төрагасы Якуб Өмероглуна Улуттук жазуучулар союзунун атынан ыраазычылык билдиребиз.