Улуттук жазуучулар союзунун сыйлык тапшыруу аземи өттү

Бүгүн К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. КР Улуттук жазуучулар союзунун салттуу түрдө эки жылда бир ирет ыйгарылып келген А.Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыгы, балдар адабияты боюнча Тоголок Молдо атындагы республикалык адабий сыйлыгы жана быйыл алгач ирет уюштурулган проза багытындагы М.Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы конкурстук негизде тандалып алынган авторлорго ыйгарылды. Акын Махабат Молдалиева “Айгерим” аттуу китеби үчүн, акын Бурулкан Карагулова “Ойдун эшиги” аттуу китеби үчүн, акын, котормочу А.Исмаилов “Агыш түн” аттуу китеби үчүн А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болушту. толугу менен…..

Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Урматтуу мекендештер, Кадырлуу калемдештер, Баарыңыздарды улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Нооруз жаңы жылдын, күн менен түн теңелген жаңы күндүн майрамы. Токчулуктун, молчулуктун, берекенин майрамы. Жер жарылып чөп чыккан жадыраган жаздын, жаңылануунун, жаңыруунун майрамы. Ата бабаларыбыз бул күнү кош өгүзгө соко кошуп жер бетин жаңы жылдын эсебинен алгачкы ирет тилип, эгин айдашып, апаларыбыз көжө, сүмөлөгүн жайнатып, жаңы кийимдерин кийип жакшы тилек менен майрамдап келишкен. Бүгүнкү күнү да ошондой шаң, маанай менен майрамдап келүүдөбүз. Нооруз майрамына карата канчалаган үйдө сүмөлөк кайнатылып, канча тилектер айтылат. Жүздөгөн, балким миңдеген энелер элге, толугу менен…..

Майрамыңыздар куттуу болсун, аялзат

Урматтуу айымдар, сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилден куттуктайбыз! Аялзатынын адам жашоосунда орду чоң. Сиздер үйдун куту, ааламдын көркү, сүйкүмдүү жар, мээримдүү эне болуп, жашообуздун ажарын ачып турасыздар.  Биз мырзалар, аялзатынын мээриминен, жылмаюусунан кубат алып, эрктүү, күчтүү болуп, сиздердин бейгам, бактылуу жашооңуздар үчүн бардык шартты түзүүгө аракет кылып келебиз. Энелерибизди, эже-карындаштарыбызды коргоо жана бакубат жашоосу үчүн жоопкерчилик алуу ар бир эр азаматтын башкы милдети.  Сиздерге бекем ден-соолук, жаркын маанай, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз! Ар бир күнүңүздөр майрам болсун!  Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы 

Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар уюму түзүлдү

6 мартта Түркиянын Анкара шаарында түрк дүйнөсүнүн жазуучулар союздарынын төрагаларынын жыйыны өттү. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен уюштурулган жыйында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия жазуучулар уюмдарынын жетекчилери ТҮРКСОЙ демилгелеген Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар уюмун түзүү жөнүндөгү сунушун бир добуштан колдоого алышты. Жаңы уюм түрк өлкөлөрүндө адабий байланышты чыңдоого, чыгармачыл интеграцияны күчөтүүгө, адабий котормолорду жандандырууга, жаш калемгерлердин башын бириктирүүгө, балдар адабиятын жайылтууга максат алды. Ошондой эле жаңы уюм адабий форумдарды, акын-жазуучулардын фестивалдарын, китеп басып чыгаруу, адабий сын, изилдөө, адабий жаатындагы иш-чараларды ТҮРКСОЙ уюму менен бирге алып барат. Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар толугу менен…..

ТҮРКСОЙдун баш катчысы С.Раев чыгармачыл союздардын төрагалары менен жолукту

Кыргыз улуттук тарых музейинде Түрк тилдүү элдердин маданияты – ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев чыгармачыл союздардын төрагалары менен жолукту. Жолугушууга Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, театр ишмерлери союзунун төрагасы, драматург Ж.Кулманбетов, киноматографисттер союзунун төрагасы Т.Кулмендеев, журналисттер союзунун төрагасы А.Султанбаев, сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Ж.Жунушев, композиторлор союзунун төрагасы Т.Чокиев, кол өнөрчүлөр союзунун төрайымы Д.Чочунбаева, дизайнерлер союзунун төрайымы Н.Султанова жана Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү К.Мамбеталиев катышты.  С.Раев бул жылы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өткөрө турган иш-чараларынын планы менен тааныштырып, Кыргызстанда да көп ирет өткөрүлөрүн айтты. Чыгармачыл союздарды уюштуруу иштерине тыгыз кызматташууга чакырды.  толугу менен…..

КР Эл жазуучусу С.Раевге ардактуу профессор наамы ыйгарылды

Бүгүн Б.Бейшеналиева атындагы КММИУда КР эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, түрк тилдүү элдердин маданияты – ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раевге ардактуу профессор наамын ыйгаруу иш-чарасы болду. Салтанаттуу иш-чарага окуу жайдын ректору Т.Колдошов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл жазуучулары М.Абакиров, А.Матисаков, Ж.Кулманбетов, адабиятчы, профессор С.Алахан, академик А.Акматалиев, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү К.Мамбеталиев, Ө.Тиллебаев, А.Кожогулов, Г.Станалиева, окуу жайдын окумуштуулар кеңеши, көрүнүктүү маданий-коомдук ишмерлер, студенттер катышты. Сыйлоо аземинде ардактуу профессор, КР Эл жазуучусу С.Раев Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун эмгек жамаатына ыраазычылыгын айтып, кезинде толугу менен…..

Майрамыңыздар куттуу болсун, урматтуу мекен сакчылары!

Урматтуу Кыргызстандыктар, Урматтуу калемдештер, Сиздерди 23-февраль – мекенди коргоочулар күнү менен чын дилден куттуктайбыз! Жоокер элдин уулдары, баатырлардын урпагы эрктүү, тайманбас, кайраттуу, намыскөй болору ар заманда, ар кырдаалда тастыкталып келет. Мындай эр азаматтары бар элдин келечек мейкиндиги чексиз, жашоосу коопсуз! Асманыбыз ачык, мекенибиз тынч болсун! Бейпил жашоодо мекенге кызматыңыздар сиңсин! КРУЖС башкармалыгы   Зайырбек Ажыматов Аман болчу, Кыргызстан    Кагылайын Кыргызстан, кагылайын, Кайраттанып карууңду жаңылагын. Каным, жаным дартыңа шыпаа болсо, Канатыңды сун мага, дарылайын. Өлбө өлкөм, балапан жаш чагыңда, Өлөлү биз калганча арт жагыңда. Уялаштар, аздектеп карегиңдей, Урпактарга мекенди сактагыла. толугу менен…..

“Азыркы күндөгү көркөм котормонун абалы” аттуу кереге кеңеш өттү

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында “Азыркы күндөгү көркөм котормонун абалы” аттуу кереге кеңеш өттү. Бул иш-чара 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата өктөрүлүүчү иш-чаралардын бир айлык планынын алкагында КР Улуттук жазуучулар союзу, “Бугу пресс” басма үйү, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду. Кереге кеңешке төрага Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акыны Т.Самудинов, Т.Закирова, ф.и.д. профессор, адабиятчы, сынчы, котормочу О.Ибраимов, университеттин ректору А.Абдраева, “Рухэш” сайтынын негиздөөчүсү, акын, котормочу О.Шакир, “Бугу пресс” басма үйүнүн жетекчиси Ж.Абидетегин, котормочулар, акындар, окутуучулар жана студенттер толугу менен…..

“Эне тил жана руханий маданият” аттуу жыйын өткөрүлдү

Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин өркүндөтүү боюнча жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата өткөрүлүүчү иш чаралардын 1 айлык планынын алкагында КР Улуттук жазуучулар союзу, А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасы, Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору биргеликте “Эне тил жана руханий маданият” аттуу жыйын өткөрдү. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов модераторлук кылган жыйынга төрага Н.Калыбеков, КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Эл акындары Т.Закирова, К.Култегин, ф.и.д. профессор А.Эгембердиева, балдар акыны, улуттук жазуучулар союзунун катчысы Ж.Акаева китепкананын эмгек жамааты жана студенттер катышты.  Жыйында адабий баяндамалар жасалып, акын-жазуучулар эне тилдин азыркы толугу менен…..

Мамлекеттик катчы С.Касманбетов Улуттук жазуучулар союзуна келип, жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.Касманбетов Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна келип, акын-жазуучулар менен жолукту. Жолугушууга төрага Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, эл жазуучулары М.Абакиров, А.Жакшылыков, С.Станалиев, К.Сыдыкова, эл акындары Н.Алымбеков, А.Рыскулов, А.Өмүрканов, К.Култегин, Т.Закирова, М.Ааматов, Т.Нурманбетов, Маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер Ж.Саалаев, Т.Шайдуллаева, А.Сариев, К.Качибеков, К.Сариева, Б.Усубалиев, А.Медетов, Г.Станалиева ж.б. акын-жазуучулар катышты. Мамлекеттик катчы жазуучулар союзунун абалы менен таанышып, сунуш пикирлерди угуп, мамлекет тарабынан колдоо болорун билдирип кайтты. КР эл акыны К.Култегин “КР Президентинин китеп борбору” деген долбоорду ишке ашырууну сунуш кылды. “Учурда мамлекет тарабынан жылына көп эле китептер басылып атат. толугу менен…..