Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар уюму түзүлдү

6 мартта Түркиянын Анкара шаарында түрк дүйнөсүнүн жазуучулар союздарынын төрагаларынын жыйыны өттү. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен уюштурулган жыйында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия жазуучулар уюмдарынын жетекчилери ТҮРКСОЙ демилгелеген Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар уюмун түзүү жөнүндөгү сунушун бир добуштан колдоого алышты. Жаңы уюм түрк өлкөлөрүндө адабий байланышты чыңдоого, чыгармачыл интеграцияны күчөтүүгө, адабий котормолорду жандандырууга, жаш калемгерлердин башын бириктирүүгө, балдар адабиятын жайылтууга максат алды. Ошондой эле жаңы уюм адабий форумдарды, акын-жазуучулардын фестивалдарын, китеп басып чыгаруу, адабий сын, изилдөө, адабий жаатындагы иш-чараларды ТҮРКСОЙ уюму менен бирге алып барат. Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар толугу менен…..

Нурлан Калыбеков 1-даражадагы Евразия ардак белгиси менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР Өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын Нурлан Калыбеков Москва шаарында өткөн мамлекеттер аралык “Евразия дүйнөсү XXI кылым” форумуна катышып, мамлекеттер арасында маданий кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн 1-даражадагы Евразия ардак белгиси менен сыйланды. Аталган форум Россия Федерациясынын Президенттик администрациясы менен биргеликте уюштурулуп, 2021-жылдын 3-октябрында өттү.  

Казакстанда Азия жазуучуларынын биринчи форуму өтүп жатат

Казакстандын ордо калаасы Нур-Султан шаарында Азия жазуучуларынын биринчи форуму өтүп жатат. Аталган форумга Кытай, Иран, Азербайжан, Тажикстан, Малайзия, Вьетнам, Россия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катарында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков дагы катышты. Форумдун ачылышында Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев сөз сүйлөп, өз сөзүндө Азия элдеринин жазуучуларынын байланышын арттырып, дүйнө таанымын бирге калыптандырууда бирдиктүү электрондук китепкана ачуу керек экендигин белгилеп өттү. Казакстан Жазуучулар бирлигинин төрагасы Улукбек Есдаулет мындай форумду үч жылда бир өткөрүп турууну сунуштап, Азия элдеринин жазуучулары арасында Нобель сыйлыгы өңдөнгөн мартабалуу сыйлык уюштуруу маселеси талкууланды. Үч күндүк форумдун алкагында адабий толугу менен…..

Жазуучулар союзунун төрагасы эл аралык форумга катышууда

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында “Евразия борборлорунун жазуучулары” Эл аралык форуму өтүп жатат. Форумга катышкан Испания, Монголия, Египет, БАЭ, Таджикистан, Украина, Турция, Азербайджан, Израиль, Өзбекстан, Армения, Россия ж.б. өлкөлөрдүн жазуучуларынын катарында Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков жана жаш калемгер Перизат Алмаз кызы бар. Форумдун темасы “Дүйнөлүк адабият: стереотиптерди жоюу”.