Өзбекстандын Навои шаарында классикалык поэзия фестивалы болуп өттү

Өзбекстандын Навои шаарында классикалык поэзия фестивалы жана Түрк дүйнөсүнүн 100 томдук китебинин бет ачары болуп өттү. Бул иш чара Өзбекстан жазуучулар уюшмасы, Өзбекстан маданият министрлиги, ТҮРКСОЙ уюму, түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлиги тарабынан уюштурулду. Алгач ирет түрк тилинде чыгарма жараткан акын Алишер Навоиге арналган фестиваль анын эстелигине гүл коюу менен башталып, улуу акындын ырлары окулуп, чыгармачылыгы тууралуу баяндамалар жасалды. Түркия, Кыргызстан, Казахстан, Башкортстан, Татарстан, Өзбекстан, Каракалпакстандан барган акындар өз тилдеринде ырларын окуп беришти. Бул фестиваль менен катар түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлигинин биринчи жыйыны да өтүп, уюштуруу, иш пландары талкууланды. Жыйында ТҮРКСОЙдун Генералдык секретары Султан Раевдин демилгеси менен түрк тилдүү акын -жазуучуларды колдоо толугу менен…..

Матисаковдун чыгармалары Пушкиндин тилинде

Матисаковдун чыгармалары Пушкиндин тилинде Жакында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Абдиламит Матисаковдун «Уроки доброты» деп аталган орус тилиндеги көлөмдүү китеби жарыкка чыкты. Бул китептен орус тилдүү окурмандар жазуучунун кыргыз окурман журтчулугуна кеңири белгилүү аңгемелери, повести жана эсселери, Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары жөнүндөгү көркөм-публицистикалык чыгармалары менен тааныша алышат. Буга чейин А.Матисаковдун кыргыз элин дүйнөгө тааныткан атактуу кино актер жана живописчи Сүймөнкул Чокморовдун кайталангыс образын жараткан «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» аттуу даректүү көркөм чыгармасы жана бир топ аңгемелери орус тилине которулуп келген болсо, бул жолу анын дээрлик бардык чыгармалары орус тилине которулуп отурат. Муну толугу менен…..

Акбар Рыскуловдун “Эл акыны жана элчи” аттуу адабий-поэтикалык кечеси өттү

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Акбар Рыскуловдун 70 жашка толушуна арналган “Эл акыны жана элчи’’ деп аталган адабий-поэтикалык кече болуп өттү. КУУнун мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректору, адабиятчы Садык Алахан модераторлук кылган кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Эл акындары Т.Самудинов, М.Мамазаирова, К.Култегин, академиктер А.Эркебаев, О.Ибраимов баштаган акын-жазуучулар, коомдук-маданий ишмерлер, окуу жайдын эмгек жамааты, студенттер катышты. Катышуучулар авторду 70 жаш мааракеси толугу менен…..

Абдымомун Калбаевдин “Төкмө акын Ысак Барпиев” аттуу китеби жарык көрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу, белгилүү тележурналист Абдымомун Калбаевдин “Төкмө акын Ысак Барпиев” аттуу китеби жарык көрдү. Китепке Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Ысак Барпиев тууралуу ой-толгоолору, эл оозунда айтылып келаткан ырлары, эскерүүлөрү, устатынын курч, терең маанилүү сөздөрүн жыйнап киргизген. Демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен “Улуу тоолор” басмасынан басылып чыккан китеп жалпы окурмандарга, өзгөчө айтыш өнөрүн аздектеген ак таңдайларга сунушталат.

Кыргыз жазуучуларынын “Айдын сырдуу тарабы” китеби түрк тилинде жарык көрдү

Евразия жазуучулар бирлигинин  каржылоосу менен  жазуучулар Жумабек Токтогазиев, Афина Абдылдаева жана Асан Ахматовдун биргелешип жазган “Айдын сырдуу тарабы” (Апат жана акын балладасы) аттуу китеби түрк тилинде жарык көрдү. 5 көшөгөлүү драманы түрк тилине которгон Екрем Арик оглу, Уланбек Алимов. Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата чыккан китепке демөөрчүлүк кылгандыгы үчүн Евразия жазуучулар бирлигинин төрагасы Якуб Өмероглуна Улуттук жазуучулар союзунун атынан ыраазычылык билдиребиз.

Жыргалбек Касаболотовдун адабий кечеси өттү

“Сармерден” ресторанында Жыргалбек Касаболоттун адабий кечеси өттү. Акыркы бир нече жылдан бери Түркияда жашап аткан акын менен жүз көрүшүүгө баарыбыз куштар болчубуз. Кечени КР Улуттук жазуучулар союзу “Сармерден” ресторанынын жетекчиси, коомдук ишмер Дүйшөмамбет Орозалиев менен биргеликте уюштурган. Акындын өзүнөн тышкары анын устаты жазуучу, публицист Чоюн Өмүралиев агай, акындар Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Бурулкан Сарыгулова, Кубат Оторбаев, адабиятчы, журналист Жолдош Турдубаев, журналист Назира Саалиева, Нурбек Маамытбаев, “Жаңы толкун” адабий клубунун жаш акындары катышты. Кече кечедей өттү, анткени ыр окулду. Жыргалбектин өзүнүн да, балапан акындардын дагы окуусунда. Ыр жөнүндө сөз толугу менен…..

Улуттук жазуучулар союзунун сыйлык тапшыруу аземи өттү

Бүгүн К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. КР Улуттук жазуучулар союзунун салттуу түрдө эки жылда бир ирет ыйгарылып келген А.Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыгы, балдар адабияты боюнча Тоголок Молдо атындагы республикалык адабий сыйлыгы жана быйыл алгач ирет уюштурулган проза багытындагы М.Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы конкурстук негизде тандалып алынган авторлорго ыйгарылды. Акын Махабат Молдалиева “Айгерим” аттуу китеби үчүн, акын Бурулкан Карагулова “Ойдун эшиги” аттуу китеби үчүн, акын, котормочу А.Исмаилов “Агыш түн” аттуу китеби үчүн А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болушту. толугу менен…..

Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Урматтуу мекендештер, Кадырлуу калемдештер, Баарыңыздарды улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Нооруз жаңы жылдын, күн менен түн теңелген жаңы күндүн майрамы. Токчулуктун, молчулуктун, берекенин майрамы. Жер жарылып чөп чыккан жадыраган жаздын, жаңылануунун, жаңыруунун майрамы. Ата бабаларыбыз бул күнү кош өгүзгө соко кошуп жер бетин жаңы жылдын эсебинен алгачкы ирет тилип, эгин айдашып, апаларыбыз көжө, сүмөлөгүн жайнатып, жаңы кийимдерин кийип жакшы тилек менен майрамдап келишкен. Бүгүнкү күнү да ошондой шаң, маанай менен майрамдап келүүдөбүз. Нооруз майрамына карата канчалаган үйдө сүмөлөк кайнатылып, канча тилектер айтылат. Жүздөгөн, балким миңдеген энелер элге, толугу менен…..

Майрамыңыздар куттуу болсун, аялзат

Урматтуу айымдар, сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилден куттуктайбыз! Аялзатынын адам жашоосунда орду чоң. Сиздер үйдун куту, ааламдын көркү, сүйкүмдүү жар, мээримдүү эне болуп, жашообуздун ажарын ачып турасыздар.  Биз мырзалар, аялзатынын мээриминен, жылмаюусунан кубат алып, эрктүү, күчтүү болуп, сиздердин бейгам, бактылуу жашооңуздар үчүн бардык шартты түзүүгө аракет кылып келебиз. Энелерибизди, эже-карындаштарыбызды коргоо жана бакубат жашоосу үчүн жоопкерчилик алуу ар бир эр азаматтын башкы милдети.  Сиздерге бекем ден-соолук, жаркын маанай, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз! Ар бир күнүңүздөр майрам болсун!  Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы 

Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар уюму түзүлдү

6 мартта Түркиянын Анкара шаарында түрк дүйнөсүнүн жазуучулар союздарынын төрагаларынын жыйыны өттү. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен уюштурулган жыйында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия жазуучулар уюмдарынын жетекчилери ТҮРКСОЙ демилгелеген Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар уюмун түзүү жөнүндөгү сунушун бир добуштан колдоого алышты. Жаңы уюм түрк өлкөлөрүндө адабий байланышты чыңдоого, чыгармачыл интеграцияны күчөтүүгө, адабий котормолорду жандандырууга, жаш калемгерлердин башын бириктирүүгө, балдар адабиятын жайылтууга максат алды. Ошондой эле жаңы уюм адабий форумдарды, акын-жазуучулардын фестивалдарын, китеп басып чыгаруу, адабий сын, изилдөө, адабий жаатындагы иш-чараларды ТҮРКСОЙ уюму менен бирге алып барат. Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар толугу менен…..