Мамлекеттик катчы С.Касманбетов Улуттук жазуучулар союзуна келип, жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.Касманбетов Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна келип, акын-жазуучулар менен жолукту. Жолугушууга төрага Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, эл жазуучулары М.Абакиров, А.Жакшылыков, С.Станалиев, К.Сыдыкова, эл акындары Н.Алымбеков, А.Рыскулов, А.Өмүрканов, К.Култегин, Т.Закирова, М.Ааматов, Т.Нурманбетов, Маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер Ж.Саалаев, Т.Шайдуллаева, А.Сариев, К.Качибеков, К.Сариева, Б.Усубалиев, А.Медетов, Г.Станалиева ж.б. акын-жазуучулар катышты.

Мамлекеттик катчы жазуучулар союзунун абалы менен таанышып, сунуш пикирлерди угуп, мамлекет тарабынан колдоо болорун билдирип кайтты.

КР эл акыны К.Култегин “КР Президентинин китеп борбору” деген долбоорду ишке ашырууну сунуш кылды. “Учурда мамлекет тарабынан жылына көп эле китептер басылып атат. Бирок ал китептер кандай басылып атат, кайда кетип атат белгисиз. Ал эми жогорудагы долбоор ишке ашса, анда атайын тандалма китептер жарык көрүп, республика боюнча кеңири таратылып калар эле. Бул долбоордун алкагында мамлекеттик жетекчилер, облустук администрациялар, райондук жетекчилер, айыл өкмөттөрү дагы иштеп калат эле. Акын жазуучулардын китептери көп тиражда жарык көрүп, ар бир айылга жетип турат эле деген пикирин айтып”, мамлекеттик катчыга толук таанышып чыгуу үчүн долбоордун бир нускасын тапшырды.

Адабий багытта бир дагы гезит, бир дагы журнал жок экендигин жолугушуунун катышуучулары бир ооздон сөз кылышты. Жеке тараптын каржылоосу аркылуу айына бир жолу чыгып турган “Ала-Тоо” журналы дагы учурда акча каражаты жок токтоп тургандыгын айтып, мамлекет колдоого алуусун суранышты.

Кезегинде акын-жазуучуларды эл менен тыгыз байланыштырып, жолугушууларды уюштуруп турушкан. Бүгүнкү күндө анын бири жок. Азыркы учур мына ошондой саясатка муктаж болуп турат, андыктан акын-жазуучулар менен эл аралап, жолугушууларды уюштуруп туруу керек деген сунуштар айтылды.

С.Касманбетов айылган бардык сунуштар жүйөөлүү экендигин айтып, бир-эки ай аралыгында тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен кеңири масштабда дагы жолугушуу өткөрүү керек экендигин белгилеп өттү.

Соңунда, төрага Н.Калыбеков жазуучулар союзунун ижарага болгон карызын жоюуга көмөк көрсөтүп, акын-жазуучуларга көңүл буруп, мамлекеттик камкордукка алууга аракет кылып жаткандыгын баса белгилеп, ыраазычылык билдирип, Президиумдун жана Башкармалыктын атынан Мамлекеттик катчы С.Касманбетовго ыраазычылык катын тапшырды.

Эскерте кетсек, ушундай эле ыраазычылык каты буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго жана Министрлер кабинетинин төрагасы А.У.Жапаровго жиберилген.