ТҮРКСОЙдун баш катчысы С.Раев чыгармачыл союздардын төрагалары менен жолукту

Кыргыз улуттук тарых музейинде Түрк тилдүү элдердин маданияты – ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев чыгармачыл союздардын төрагалары менен жолукту. Жолугушууга Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, театр ишмерлери союзунун төрагасы, драматург Ж.Кулманбетов, киноматографисттер союзунун төрагасы Т.Кулмендеев, журналисттер союзунун төрагасы А.Султанбаев, сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Ж.Жунушев, композиторлор союзунун төрагасы Т.Чокиев, кол өнөрчүлөр союзунун төрайымы Д.Чочунбаева, дизайнерлер союзунун төрайымы Н.Султанова жана Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү К.Мамбеталиев катышты. 

С.Раев бул жылы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өткөрө турган иш-чараларынын планы менен тааныштырып, Кыргызстанда да көп ирет өткөрүлөрүн айтты. Чыгармачыл союздарды уюштуруу иштерине тыгыз кызматташууга чакырды. 

Түрк дүйнөсүнүн жазуучуларынын ассоциациясы түзүлөрүн, Түркиянын Кастамону шаарында түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын фестивалы уюштуруларын билдирди. 

Жолугушуунун соңунда зилзаладан жабыр тарткан боордошторго көңүл айтып, руханий, моралдык колдоо көрсөтүп турган кыргыз элине түрк эли ыраазы экендигин айтып, акындардын ырларын түрк тилине которуп жарыялап турган Мээрим Сайдилканга ыраазычылыгын билдирип, ТҮРКСОЙдун баалуу белегин тапшырды. Бул каргашалуу окуяга байланыштуу жазылган кыргыз акындарынын ырларын чогултуп, жыйнак кылып чыгарарын кошумчалады.