Айбек Абдылдаев: Чоң энем күткөн жаз

Чоң энем күткөн жаз -Жүгүртүп жүрүп, мүдүрүлтүп ал, оо Кудай-таалам! Мына жазды көрдүм кайра, Күндү көрдүм! -Энем адатынча Кудай менен түз эфирин баштады! – деди менден улуу агам. Күн жылыганда биздин бүлөбүз үйдүн жанындагы чакан багыбызга төшөк салып, төгөрөнө олтуруп түшкү тамак ичебиз. Мен эс тарткандан бери ушундай, күн жаабаса бир аптадай түштөнүүбүз ушул жерде болот. Муну баары эле кылабы, же биздикилер эле салтка айлантып алганбы, анысын билбейм. Бакта үч-төрт түп өрүк, анан мырза теректер бар. Жазды энем өзгөчө тосуп алат. Чоң эне деп айтапайт биз тарапта, эне дейбиз. Энем толугу менен…..

Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Урматтуу мекендештер, Кадырлуу калемдештер, Баарыңыздарды улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Нооруз жаңы жылдын, күн менен түн теңелген жаңы күндүн майрамы. Токчулуктун, молчулуктун, берекенин майрамы. Жер жарылып чөп чыккан жадыраган жаздын, жаңылануунун, жаңыруунун майрамы. Ата бабаларыбыз бул күнү кош өгүзгө соко кошуп жер бетин жаңы жылдын эсебинен алгачкы ирет тилип, эгин айдашып, апаларыбыз көжө, сүмөлөгүн жайнатып, жаңы кийимдерин кийип жакшы тилек менен майрамдап келишкен. Бүгүнкү күнү да ошондой шаң, маанай менен майрамдап келүүдөбүз. Нооруз майрамына карата канчалаган үйдө сүмөлөк кайнатылып, канча тилектер айтылат. Жүздөгөн, балким миңдеген энелер элге, толугу менен…..

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу мекендештер, Кадырлуу калемдештер, Баарыңыздарды улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Нооруз жаңы жылдын, күн менен түн теңелген жаңы күндүн майрамы. Токчулуктун, молчулуктун, берекенин майрамы. Жер жарылып чөп чыккан жадыраган жаздын, жаңылануунун, жаңыруунун майрамы. Ата бабаларыбыз бул күнү кош өгүзгө соко кошуп жер бетин жаңы жылдын эсебинен алгачкы ирет тилип, эгин айдашып, апаларыбыз көжө, сүмөлөгүн жайнатып, жаңы кийимдерин кийип жакшы тилек менен майрамдап келишкен. Бүгүнкү күнү да ошондой шаң, маанай менен майрамдап келүүдөбүз. Нооруз майрамына карата канчалаган үйдө сүмөлөк кайнатылып, канча тилектер айтылат. Жүздөгөн, балким миңдеген энелер элге, толугу менен…..

Майрамкан Абылкасымова: Кайсы жерде жүдөө күтсө зайыпты, Ошол элдин уулуна кой айыпты

Көрдүңөрбү Нугун бузуп кеткен экен таш кулап, Көрдүңөрбү ушул жерден ак булак. Орду толбос дүнүйөдөй көрүнүп, Томурайып камышы жок саз турат.   Булут токтоп, туман токтоп кетчү эле, Алар дагы келбей калган көрүнөт. Ак кайыңды жыгышыптыр текчеге, Жакшылыктан жамандыктар көбүрөөк. Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты, Энелери элечегин тарталбай. Ошол элдин уулуна кой айыпты, Бул да кырсык бирге жүргөн байкалбай. Дайым Сени дайым аман көрөм дечүмүн, Баягыдай желбиреген жоолукчан. Оңу келбей отурабы сөзүмүн, Абалыбыз бирдей окшойт оорукчан. Жаз кечикпей келет деген үмүт бар, Учурашам эң биринчи тал менен. Көкүрөктө анча-мынча бүлүк толугу менен…..

Таазим сага татынакай жаз сулуу

Карбалас Бакиров ***** Олтурбагам чаңын жутуп бөлмөнүн, Көрдүм көлчүк толкуну жок өлгөнүн. Чартылдаган чагылгандар жоголгон, Чокулардан, түнт токойдон келгемин. Олтурбагам эки беттен май тамып, Терезеден булуттарды кайтарып. Ташкындаган суулар менен аккамын, Ташка тийип, таштын мизин майтарып. Олтурбагам далдаасында коргондун, Мага бакыт азаптары жолдордун. Үйдөн эмес, шыбыраган бүт дүйнө, Келет дайым талаалардан ойгонгум! Вавилондун, кыйраган Вавилондун Дал түбүнөн кылтыйып, жабалактап, Өсүп чыккан жаш чөптөр адырлардан, ашып түшүп, талааны барат каптап. Барат каптап талааны жоокерлердей, Кулпуларын талкалап аралдардын. Жар, үңкүргө жармашып, тоону чачып, Жарып чыгып таштардын тамандарын. Келаткандай дүйнөлүк салтанатка, Ээ-жаа бербей толугу менен…..

Айжаркын Эргешова: Мен сенден, сен менден тымызын, Күтөбүз бактынын ачкычын

Айжаркын Эргешова 1973-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кичи-Алай өрөөнүндө туулган. 1989-жылы орто мектепти, 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1998-жылы “Сиз” аттуу ырлар жыйнагы Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыкка татыган. 2005-жылы “Жүрөктөгү арал” ырлар жыйнагы жарыкка чыгып, бул китеби үчүн “Алыкулдун ак боз аты” сыйлыгынын дипломанты болгон. ***** Сен мейли, алыс болгун дил тумарым, Көз жетип, кол жетпеген мунарыктай. Жашоодо жашайм башка адам болуп, А дилим сени менен жүрөт кыйбай… Жаныңда жалбарамын карегиңе, Чачыңды сылайт ысык алаканым. Туямын энтиккениң кулак түптөн, толугу менен…..

Венера Бөлөкбаева: Таланттардын мейманы – жаз мезгили

Венера Бөлөкбаева 1969-жылы Токтогул районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1997-жылы жаш акын-жазуучулардын республикалык “Ала-Тоо – 97” фестивалынын лауреаты болуп, “Сорос – Кыргызстан” фондусунун демөөрчүлүгү менен “Гүкү энем” деген алгачкы ырлар жыйнагы (1998) жарык көргөн. Ырлар жана ой-толгоолордон турган “Жүрөгүмдө” аттуу китеби Республикалык жаштар сыйлыгына татыктуу болгон. 1997-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.   Жаз (Назгүлдүн көңүлүн барып ача албадым. Эми жаз мезгили ачса экен деп, олтурам ойлонуп) Акын-жүрөк, Жүдөдүң бекен турмуштан? Турмуштан эмес, Жүдөсөң керек ыр жазбай…   Көңүлүң жашарткан, Жаз кайра жакындоодо. Таланттардын мейманы толугу менен…..