Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар уюму түзүлдү

6 мартта Түркиянын Анкара шаарында түрк дүйнөсүнүн жазуучулар союздарынын төрагаларынын жыйыны өттү.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен уюштурулган жыйында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия жазуучулар уюмдарынын жетекчилери ТҮРКСОЙ демилгелеген Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар уюмун түзүү жөнүндөгү сунушун бир добуштан колдоого алышты. Жаңы уюм түрк өлкөлөрүндө адабий байланышты чыңдоого, чыгармачыл интеграцияны күчөтүүгө, адабий котормолорду жандандырууга, жаш калемгерлердин башын бириктирүүгө, балдар адабиятын жайылтууга максат алды. Ошондой эле жаңы уюм адабий форумдарды, акын-жазуучулардын фестивалдарын, китеп басып чыгаруу, адабий сын, изилдөө, адабий жаатындагы иш-чараларды ТҮРКСОЙ уюму менен бирге алып барат.
Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар союзунун алгачкы Президенти болуп, көпчүлүк добуш менен Казакстан жазуучулар уюмунун төрагасы, белгилүү акын Улугбек Есдаулетов, ал эми вице- президенттигине Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы, белгилүү акын Нурланбек Калыбеков, уюмдун Аксакалдар кеңешине жана Ардактуу төрагалыгына Азербайжандын белгилүү жазуучусу Анар Рзаев, координатору болуп ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун кызматкери Мурат Кахраман шайланды.
Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар уюмунун Президенти жана вице-президенти үч жылга, көпчүлүк добуш менен шайланат.
Жыйындын күн тартибинде Түрк дүйнөсүнүн адабий сыйлыгын уюштуруу жана аны жыл сайын эң мыкты чыгармаларга ыйгарып туруу да белгиленди. 
Жаңы түзүлгөн жазуучулар уюмунун алгачкы форуму 2023-жылдын 29-30-мартында Өзбекстандын Навои шаарында өткөрүлөт. Ал форумда уюмдун аткара турган иш пландары талкууланып, бекитилмекчи. 
Ошондой эле форумдун алкагында түрк дүйнөсүнүн жазуучуларынын эң мыкты чыгармаларын камтыган “Түрк дүйнөсүнүн берметтери” аттуу 100 томдуктун бет ачары өтөт.
Ал эми август айынын соңунда Анжиянда кыргыз-өзбек жазуучуларынын жолугушуусун өткөрүү белгиленди.
Ысык-Көлдө жана Түркиянын Кастамону шаарында жаш акындардын фестивалын өткөрүү жана башка иш-чаралар каралды.