Сагын Акматбекова: Кыргыз жазуучуларынын ичинен эң бактылуу жазуучу Кубатбек Жусубалиев (эсселер)

Ай күнөөлүү

… Албетте, Ай күнөөлүү. Биз, адамдар, жаңылыш иш кылганда күнөөнү эч качан өзүбүздөн издебейбиз. Көбүнчө башкаларды күнөөлөйбүз. Ошол сыяктуу мен да өзүмдү күнөөлөбөй, Айды күнөөлөп жатам. Албетте, Ай күнөөлүү. Чачырап терезеден тийип турган. Айдын жарыгы эле жетет деп ошон үчүн чырак жакпай отурганбыз.

Өзүмдү күнөөлөгөндөн коркуп, айды күнөөлөдүм. (Сыртымдагы мен ичимдеги мага: “сен күнөөлүү!” – десем эле күнөөнү шак мойнуна алганы турбайбы). Айтылбай турган сөздөрдүн айтылып, ачылбай турган сырлардын ачылып кетишине…

Албетте, Ай күнөөлүү.

Сентябрь, 1999

“Мне боль причиняет воздух…”

“Мне боль причиняет воздух.

Сердце.

И даже шляпа!” – Булар Гарсиа Лорканын саптары. 1977-жылдагы күндөлүк дептерге жазып коюптурмун.

Дептердеги калган жазууларды карайм:

Дүйшөмбү, 14-февраль. Телефон.

Дүйшөмбү, 14-март. Телефон.

Ишемби, 19-март. Кат. Анын тушунда: “Мне боль причиняет воздух, сердце и даже шляпа…” Кайрадан: Шейшемби, 29-март – телефон. Дептердин “важнейшие дела недели” делген бетиндеги “позвонить” деген экертүүнүн тушунда, 30-мартта; баланын колу менен: “Срочно позвонить в больницу!” – деп тайраңдата жазылган жазуу турат. Кызымдын колу.

Кат күтүп, телефон күтүп жашаган ал күндөр, ал мезгилдер да капырай, мен жашаган, менден өткөн эместей алыстап, унутулуп баратат. Кат кечигип, телефон да унчукпай калган күндөрү жаркыраган жарык дүйнө бүт өчүп калгандай болор эле…

Дептердин 1978-жылдан башталган барактары таптакыр эч нерсе жазылбай актай калыптыр. Себеби… Себеби, мен турмушка чыгып кеткем. Качкам өзүмдөн жана сүйүүдөн.

27.09.1999.

Кыштын кабарчылары

… Таң эрте ойгонуп карасам, бет маңдайдагы үйдүн чатырына кыркалекей тартып олтурушат. Олтуруп, олтуруп анан жапырт учуп кетишти. Каякка учуп кеткендерин билем. Шаардын тышындагы аңыздарга. Кечке чейин ошол жакта жоголушат. Курсактарын тойгузуп алышып, кечинде кайра келишет.

Кыштын кабарчылары жылдагыдан эрте келишти.

01.10.1999.

Кирлерим күн жебей калды

… Балконго жайган кирлерим күн жебей калды. Эки күнү катары менен бүркөлгөн күн ачылган жок. Күндүн ордун толтуруп, үтүктөп жатам.

30.09.1999.

Арашандан ай толгондо келдик

… Эртең кетебиз деген күндүн кечинде уулум экөөбүз аккан сууну бойлоп көпкө бастык. Көпүрөнүн үстүндө турдук. Аңтарылган сууну тиктедик.

… Альбина эже, Сүйүнбай ага калды. Комузду ырдатып, ыйлатып, сүйлөтүп черткен Санарбек агай калды. Чогуу отуруп тыңшаган башкалар калды. Шамалдуу күүгүмдөр калды. Гүлдөр калды биз терген. Жолдор калды биз кезген. Көзүбүз менен башына жетип, бутубуз менен этегиндеги адырларга жеткен тоолор калды. Адырда жайылган уйлар калды. Бадачы калды. Сууга агып кеткен баласынын сөөгүн издеген абышка калды. Күн сайын таң аткандан кечке чейин талбай издеген абышка калды. Аркырап аккан сууну бойлоп, кошо издешкендер калды. Табылды бекен сууга аккан бала?

Таштар калды биз отурган. Теректер калды шуулдаган. Мажүрүмдөр калды буралган. Бүлдүркөндөр калды… Бир гана Ай калган жок. Биз менен кошо келди. Турат тереземдин тушунда. Өзүнүн асманында… Буларды окуган уулум: “А шаты каякта, шаты? Шаты менен ачкычты жазбайсыңбы”,-дейт. Ошондо эстедим шатыны. Шаты менен чыгып, ачылуу турган терезеден кирип, ачкычы ичинде калып, бекилип, биз кире албай отурган эшигибизди ачып бергендер калды. Күүгүм кирер менен үйгө кирип, боздото чаккан бозтоголоктор калды. Алардын сырларын билип калгандан кийин күүгүм кирер замат айнек менен эшиктерди жаап алганга үйрөнгөнбүз. Ай калган жок. Биз менен ээрчий келди.

Арашандан бир сап да ыр жазган жокмун.

22.08.1999.

Ырлар

Жаңы жазган ырларымды кимдир бирөөлөргө окуп берсем, же гезиттерге чыгып кетсе, ошол ырларым такыр башкача көрүнүп калат. Меники эместей, чоочун боло түшөт. Кол менен жазып болуп, машинкага бир, бирөөлөргө окуп бергенде эки, гезиттерге чыкканда үч өзгөргөнсүйт. Отун жоготконсуйт. Кемчилиги да оркоюп көрүнөт. Баарынан жакшысы – ырларымдын эч кимге окулбай, эч кайда жарыяланбай өзүм менен кошо жүргөндөгүсү, черновиктегиси… Кайрадан кайра карап, кайрадан кайра иштей бергенге болот.

Топурак жана асфальт

… Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Муну көп баскан киши билет. Асфальттуу жолдор бат чарчатат. Топурак чарчатпайт. Канча көп бассаң да чарчатпайт. Таманың аркылуу демиңе дем, күчүңө күч кошот. Асфальт тескерисинче соруп алат.

Дагы ырлар тууралуу

… Кай бир акындардын ырларынан эч кынтык таба албайсың. Уйкаштары жуп-жуп болуп жарашып… Айтайын деген ою да орундуу. Төрт тарабы төп. Окуй бересиң, окуй бересиң, окуп бүтүп карасаң башта эч нерсе жок. Түк козгобойт. Тескерисинче одуракай, содуракай жазылган ырлардан бир нерсе тапканга болот. Жок дегенде жылаңач сезимди.

Ар бир мааракеге, майрамга, той-топурга, мансаптуу менен бийликтүүлөргө арнап ыр жазгандан эч тажабаган акындар бар.

Алыкулдун үйү

… Былтыр бардым. Мурдагы жылы бардым. Бек. Пардалары тартылган терезелерин, бек эшигин, эшик алдын карап-карап туруп кете бердим.

… Ар кандай шаан-шөкөт, той-топур акынды чачат, алаксытат. Жалгыздык чогултат. Алыкулдун жалгыздыгы – анын акындык бактысы болгон.

Унчукпоо

… Далай жолу тилимди тишиме каттым. Бүгүн да ошенттим. Жолдон жолугуп, тынымсыз сүйлөй берген кишини угуп, унчукпай баш ийкеп тура бердим. Курулуп бүтүп калган тамдын кыйшык-кемин оңдоо кандай кыйын болсо, жетилип калган кишини оңдоо, аны менен сөз талашуу ошондой кыйын.

Аалы Токомбаев менен Түгөлбай Сыдыкбеков

Кыргыз совет адабиятынын аксакалдары менен алптары Аалы Токомбаев менен Түгөлбай Сыдыкбековду тирүү көргөндө эсим ооп кала таштаган. Пушкин менен Лермонтов сыяктуу буларды да алда качан эле адүйнөгө кеткендер деп ойлочумун. Албетте, бала кездеримде.

Эң бактылуу жазуучу

Кыргыз жазуучуларынын ичинен эң бактылуу жазуучу Кубатбек Жусубалиев. Жазгандан баштап, жалаң чыгармачылыкка баш байлап, айрымдарыбызга окшоп ар кай жакка чарпылбай, карьера куубай, даңк, сыйлык, сыймык куубай, өзү каалагандай жазып, өзү каалагандай жерге өзү каалагандай үй куруп, эркин жазып, эркин жашап келатат.

Адамдар да китептей

Кай бирин бат эле окуп чыгасың. Кай бирин окубай туруп жаап саласың. Кай бирин өмүр бою окуп өтөсүң.

Үйдөн чыкпай

… Үч-төрт күн үйдөн чыкпай Кавабатаны (“Тысячакрылые журавли”, “Танцовщица из Идзу”, “Снежная страна”, “Элегия”), Макс Фришти (“homo Фабер”), Булгаковду (“Мастер и Маргарита”), Генрих Фон Клейстти (“Михаил Колхаас”, “Локарнская нищенка”, статьи), Н.Рубцовду (“Звезда полей”), Бальзакты (“Обедня безбожника”), Гогольду (“Мертвые души”), Стефан Цвейгди (Казанова, Ницше, Фрейд) кайрадан окуп чыктым.

*****

Тоголок кезден тоголок жерге,

Толкундар жуубас эктим мен эмне?

Келатып, келатып эле карып калганыма таң калам

… Келатып, келатып эле карып калганыма таң калам. Жаш жүрөгүм алып учуп, көңүлүм делбиреп, көйнөгүм желбиреп кечээ эле чыкпадым беле, көз жетпеген мейкиндерди, алыстыктарды беттеп… Беттегенимди сөзсүз алып, тоскоолдуктардын баарын жеңип, жапырт жапырып өтчүдөй болгом. Каякта ошол күч, ошол дем, ошол эрк, ошол дымак?

Аял кишинин бактысы

… Аял кишинин эң чоң бактысы – алган эри кашында, казаны астында, үйү үстүндө болуп, бала-чакасы менен түгөл, соо-эсен отурганы. Жок, андай эмес деп талашкандар чанда чыгар.

Кат

Кат күтпөй калган элем, эч, эч кимден, эч жактан. Кат келиптир. “Ырыңыз чыкпай калды гезиттерге. Эмне үчүн?”. “Сагындык, сагындык”,-дейт.

Февраль 2004