Бектуруш Салгамани: Зоокадан агып түшкөн шагылдар – кар. Үңкүйөт түбү сууга малынган жар

Мухамед пайгамбардын турмушунан

Куш уйку салып чак түш кезегинде,

ойгонуп өйдө боло береринде,

жатыптыр бала мышык жыргап уктап,

жайылган чепкенинин этегинде.

 

Ширин бир жылмайды да ойлонбостон,

мышыктын тынчын алып ойготпостон,

акырын туруп кетти чапанынын

этегин кесип таштап койгон бойдон…

 

Чалдар менен балдар

-Бир бутубуз гөрдө турат эй, балдар,

сыйдагыда, бизди байлап бериппи?

Уят болот!-деп чалдар,

троллейбуста топ балдарды зекишти.

 

Балдарды көп күнөөлөшкө негиз жок,

бирдемени талкуулашып жатышкан.

Байкашса орун бошотмок,

булар деле салтты билип калышкан.

 

Бала болгон,

чалдар ойлоп көрбөйбү,

бекер эле беймазалап зекишти.

Балдар эмне, өлбөйбү?

Балдарды эле эмне, байлап бериппи?!.

 

Кант жеген балдар

Керебетте жатам, табым жок,

катарымда болсо – балдарым.

Коюшпайт да мени бир ойлоп,

кытырата жешет канттарын.

 

Ойлондурбайт онтоп жатканым,

ооруум, соом бирдей аларга.

Кытыратып жешет канттарын,

келчү күндөр түшпөйт капарга.

 

Белим сыздайт. Күлкүм таш жарган

бала болгом мен да бир кезде.

Жүзүм – бырыш, азыр картайгам,

»жылт» деп өттү жаштык ирмемде.

 

Чөнтөгү кант бала курагым,

чуркап барат азыр оюмда.

Канча жол бар али мен басчу,

кандай күндөр күтөт жолумда?!.

 

Көптөн бери келет кыйнап дарт,

көкүрөгүм «гыр-р» дейт дем алсам.

Балалыкта ширин болсо кант,

карылыкта ширин экен жан.

 

Беш-Таш капчыгайында

Мамылар…

…Куп бышкан күз уругундай,

тамчылар зымдан тамып туру тынбай.

Кылкылдайт Талас суусу «жылт-жулт» этип,

кыргыздын кындан суурган кылычындай.

 

Дүпүйөт шуулдак жапан тал-теректер,

табылгы, бадам, четин, акчечектер.

…Малчылар турган жапыс, чачкын үйлөр –

балчылар коюп кеткен балчелектер.

 

Зоокадан агып түшкөн шагылдар – кар.

Үңкүйөт түбү сууга малынган жар.

-Жарк! – этет Хорезмдин сарттарындай,

бейкасам чапан кийген чагылгандар.

 

Тамбашта таңган четен сыяктанып,

Ташчайнар балбан келет улакты алып.

Жармашып алып жарга көлөкөлөр,

өзөнгө шыйрактарын турат малып…

 

Апама кат

Бир топ ырым чыкса журнал, гезитке,

бирөөсү анан калбаса элдин эсинде,

акынсынып дардайып бок жейминби?

Акындык – чоң арзуум болгон кезинде.

 

Баласы элем мугалимдин, кыштактын.

-Бир чоң акын болом!-деп шаарга сызганмын.

Асманга көз салсам чөптөр шуудурап,

асфальт жолдон чегиртке үнүн тыңшаймын.

 

Көп балаани көрүп, далай сыздаган,

кыштагынан бөлөк жакка чыкпаган,

Ысык-Көлдү бир көрбөгөн апам ай,

атак сүйбөс жашооңузга суктанам.

 

Акын боло албайт экем, тан алдым.

Азыр мен ыр жазгандарды аяймын.

Ошол ылай шыбак бойдон тургандыр,

оңдойм барып беш пакса үйүн атамдын.

 

-Ыр жазыш да ишпи мендей жигитке?

Ыр жазып не кылдым?-деймин ичимде.

Ыр жазгандын көбү коймок – китеби,

өзү менен кошо өлөрүн билишсе.

 

Жазуучулар менен жүрүп жададым,

акыйкаттан сөз башташып аягын,

Мидин, Чынгыз, Байдылданы ушактап,

түгөтүшөт алган арзан арагын.

 

Адабият, билим, өнөр баркталбайт,

акындары акыйкатты айталбайт.

Аалымдары  наам  алсак деп паралап,

анан –Чындык! – дешип ылгый калп айтат.

 

Апа! Айылга барам. Шаарга качпаймын,

акын эмес, адам боло баштаймын.

Ырды көңүл үчүн түндө жазсам да,

саарлап туруп отко жагып таштаймын.

 

Дасторкон

Алды менен коюлуп ыйык нан, чай,

андан кийин башталат бакылдашмай.

Айланайын ушул ак дасторкондон,

адамдарды чогулткан жатыркатпай.

 

Чыканактан май тамып кайта-кайта,

өзүң жалгыз куйрук, май чайнаганча,

кобурашып сырдана достор менен,

ичкен чайың даамдуураак алда канча!

 

Ортосунда болсоң дос адамдардын,

чаалыкканы жазылып калат жандын.

Кошуп туруп сунуучу көк чайына,

какшык, азил кебин – ай аяштардын!

 

Кезиктирген көңүлү ак досторго,

себеп болгон биз минтип баш кошконго,

береке, кут кетпесин, кана эмесе

бата тилеп коёлу дасторконго!..

 

Иттер

Чала мүлжүп, унутуп коюшканбы,

же ыргытып ийгенби алда кимдер,

күлдөбөдө булганган омуртканы,

ыркырашып талашып жатат иттер.

 

Бир арзыбас сөөк үчүн салып чырды,

бирин-бири чайнап, жеп, коёр талап.

Бирок, азыр көрүшсө карышкырды,

биригишип кетишет ошол замат…

 

Дагы  иттер тууралуу

Казысы майлуу карта, жилик жешип,

арактан ичип  -Достук үчүн! – дешип,

отурду төрт-беш жигит чарпаяда.

Биринин колунан сөөк түшүп кетип,

жатышкан баятадан күлдөбөдө,

заматта келди бир ит учуп жетип.

 

Ал сөөктү тиштээр менен нараактагы,

иттер да жете келип талашты аны.

Тиш салды бир сөөк үчүн бир-бирине.

Алардын кабышканы, талашканы

тамаша сымал жагып жигиттерге,

сөөктөрдөн ыргытышат табактагы…

 

..Көз албайм казы, карта, жилик жешкен,

иттерге каткырышкан жигиттерден.

Эгерде булардын да ортосуна

бир баалуу нерсе койсоң

бул иттерден

бешбетер талашышып кетишерин

турушат капарына илишпестен.

 

Алтын саат

Белек кылгам былтыр туулган күнүндө,

бирок, досум такпады аны колуна.

– Жоготкондур! Балким сатып ийип же.!?-

деген далай күмөн келди оюма.

 

Бирге болдук зыяпатта түндө биз,

бир жупуну саатты алыптыр тагынып.

Кызуулукта сурап такпай жүргөнүн,

калдым анан өзүм ичтен ачынып.

 

-Түшүн деди досум, – себеп-жөнүмү.

Капыс көзү чалып калса бирөөнүн,

– Менин алтын саатым жок! – деп көңүлү,

ооруп калбас үчүн такпай жүрөмүн!..

 

Өмүр

Арды сактап,  -Кезек келсе кирем!-деп,

жулунганды жүрсөң осол сезип сен,

бирөө мурун кирип кетет килеңдеп,

сен кирүүгө тийиш болгон эшиктен.

 

-Бакыт бир күн жылмаяр!-деп үшкүрүп,

ашалбастан жүрсөң намыс, арыңдан,

сен үзүүгө тийиш болгон гүлдү үзүп,

күлүп өтөт да бир эпчил жаныңдан.

 

…Ичет, кийет – бар катының, балдарың,

баш катырып бу муктаждык дегениң,

табыш үчүн көзүн дүйнө, акчанын,

шылуундукка сен да адистешесиң.

 

Тааныш күтүп, анан пара берип сен,

үзүктү улап, а бүтүндү бүлдүрүп,

мурда кирип бирөө кирер эшиктен,

кетесиң шарт бирөө үзчү гүлдү үзүп.

 

Улам алды жак көзүңдү күйгүзүп,

эңсегенге жетиш үчүн күнүгө,

өмүр сени бир ыйлатып, күлдүрүп,

бара берет жүгүртүп жер түбүнө.