Блог

Эрлан Жумагазиев: «Улуу мурас» – улуттук өзөк менен замандын талабын айкалыштырган китеп

«Улуу мурас» – улуттук өзөк менен замандын талабын айкалыштырган китеп Элдик оозеки чыгармачылыкты изилдөө, жыйноо, топтоо, басмадан чыгаруу бүгүн эле баштала калган жери жок. Айталы, XIX кылымда «Манас» эпосун эң алгач кагазга түшүргөн казак Чокан Валихановду, ошол эле кылымда кыргыздын элдик чыгармаларын топтоого эмгек сиңирген немис Василий (туулганда коюлган аты Фридрих) Радловду, XX кылымдын башында кыргыз жеринде элдик чыгармаларды жазып алуучулар ийримин түптөгөн башкыр Каюм Мифтаковду, Сагынбайдын артынан сая түшүп жүрүп, сан-миң саптуу «Манасын» кагазга түшүрүп алган Ыбырайым Абдрахмановду, XX кылымдын башында кыргыз жерине келип, азыр аты аңызга айланган андагы эчен толугу менен…..

Ризван Исмаилова: Көкүрөктү бошоткуң келсе, көрүстөнгө бар…

Көкүрөктү бошоткуң келсе, көрүстөнгө бар…  (Б.Усубалиевдин “Чымчыктар сайрап жатат…” деген аңгемесин окугандан кийинки ойлор) Экинчи макала Түркиялык атактуу жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Орхан Памук: “Быть писателем-это значит заставить сказать читателя:” “Я тоже хотел сказать это, но не мог бы выразит так просто” деп айткандай, ачуу чындыкты айткан жеңил эмес. Аны ыгы менен айтканды билген, жеткире алган да чеберчилик. Айтмакчы, О.Памукту Ата-мекениндегилер жактыра беришпейт, жаман көрүшөт, анткени анын чыгармаларында акыйкатты көзгө сайып көрсөткөн, чыркыраган чындыкка тике караганга аргасыз моюн сундурган даремет күчтүү. Чебер сүрөткер Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” деген чыгармалар жыйнагында өзгөчө бир таасирдеги, толугу менен…..

“Ыр өмүр” аттуу поэзия-муза кечеси өтөт

Урматтуу ыр ышкыбоздору, сиздер үчүн жагымдуу жарыя! КР Улуттук жазуучулар союзу, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору жана “Сонун го” китеп дүкөнү 14-май күнү саат 18:30да Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Ыр-өмүр” аттуу поэзия-муза кечесин өткөрөт. Кечеде КР Эл акындары С.Акматбекова, К.Бакиров, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Ж.Исабаева, Р.Исаков, КР Өкмөтүнүн Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын дипломанты, А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты А.Исмаилов, Н.Өмүрбаева, Б.Келдибаев, КР Өкмөтүнүн Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты М.Жангазиев, М.Жумадилова, С.Турдубек уулу, Б.Сарногоев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Б.Нурлан кызы жана А.Кудайберди кызы толугу менен…..

Айтыңыздар маарек болсун!

Урматтуу мусулмандар, Урматтуу калемдештер, Мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Рамазан айында, орозо айтта адам баласы бири-бирин кечирип, жакшы тилек менен бири экинчисинин үйүнө конокко барып, жакшы каалоолорун айтып, “айт маарек болсун” деп, айттап келишкен. Элибиздин эзелтен келе жаткан бул салты ар дайым биримдикте, ынтымакта болууга үндөп келет. Мындай улуу күндө элибизге тынччылык, берекеси төгүлгөн бейпилчилик, ынтымак каалайбыз. Ылайым элибиз, жерибиз ар кандай кырсыктардан, апааттардан алыс болсун. Айтыңыздар маарек болсун! КРУЖС Башкармалыгы

Ризван Исмаилова: “Зоокага” адабий экскурс же “уялгандан деле адам өлбөйт окшойт”

Китепке пикир “Зоокага” адабий экскурс же “уялгандан деле адам өлбөйт окшойт” Биринчи макала Кыргыз адабиятында өткөн, мурунку жана азыркы муундун акын- жазуучуларынын жеке стилин кененирээк, тереңирээк талдоо маселеси эмнегедир аксап келет. Адабияттын алпы Ч.Айтматовду ар тараптуу изилденип жатат деген тыянакка таянганыбыз менен кара сөздүн чеберлери: Т.Сыдыкбеков, А.Жакыпбеков, Т.Касымбеков, М.Гапаров жана башка бир топ жазуу стили, жазуу манерасы башкалардан асман менен жердей айырмаланып турган калемгерлердин индивидуалдуу стилин казып, керек болсо ар бир сөзүн талдап, таасири менен сиңимдүүлүгүн таразалап, көркөм өнөр ээлеринин жекелик өзгөчөлүгү менен бөтөнчөлүгүн кашкайта ачып берүү кечеңдеп жаткандай сезилет. толугу менен…..

Акбар Рыскулов: Чыгармамды жазам деп бир ай гана, чыны, бүтпөй жүрөмүн жыл айлана.

Кыргызстан картасы Карап көрчү Кыргызстан картасын!.. Калкыбызга канча сыймык артасың: өрөөн, жайлоо, төрдү көр, көлдөр, суулар, мөңгүлөр көрккө бөлөйт Ала-Тоонун аркасын!   Карап көрчү Кыргызстан картасын!.. Капаны да, жапаны да тартасың: чек араны чечейтип, кең араны кекейтип, кескендерди кайсы Кудай алкасын?!   Кайра кара Кыргызстан картасын!.. колго кармап кайчы, кылыч, балтасын, Этек-жеңди өөнөгөн, Эшик-төрдү жөөлөгөн кас душмандан казыр дагы жалкасың!   Карап көрсөң Кыргызстан картасын, Көз алдыңа Кумай кушту тартасың: бир канаты кетилип, бир канаты жетилип, бийик зоого сүйөп турат аркасын!   Кумай кушту – “феникс” дейт гректер, Кудай жазса, толугу менен…..

Сагын Акматбекова: Келет ырлар, бири озунуп, биринен… Ыр даарыган келет менин күндөрүм.

29 …Көчө бойлоп өттү бирөө. Дабирөө Өттү чуркап. Токтоп турган автобус Жаан алдында тура берди кыймылсыз. …А биз кечки чайга олтуруп жатканбыз.   Жамгыр менен жалбырактар туш-туштан Жаай берди, жаай берди, бир кышка Эшик ачып, жаан артынан кар түштү Калың түштү.   Турду автобус турган бойдон козголбой. Бирин-серин өттү жандап бирөөлөр. … А биз таңкы чайга олтуруп жатканбыз.   Унутулган автобустай… айнектей Теңи сынык, тентип кирген, шамал, кар Баары башка, баары бөлөк… Мен сага Айтчу сөздүн жылуу учугун таба албайм.   30 Тамак ичпей жатып алды. Сай жактан суу ташкындап, толугу менен…..

“Эгиз элдин эки акыны” аттуу эл аралык поэзия кечеси өттү

Бүгүн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик студиясында “Эгиз элдин эки акыны” аттуу эл аралык поэзия муза кечеси болуп өттү. КР Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Акбар Рыкулов менен Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери, Казакстан Республикасынын Абай атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси Улыкбек Есдаулетовдун достугуна арналып уюштурулган кечеге КР Мамлекеттик катчысы С.Касманбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары К.Иманалиев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков баштаган акын-жазуучулар, поэзия күйөрмандары катышты. КР Улуттук жазуучулар союзу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Казакстан жазуучулар бирлиги, Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жана жаңы түзүлгөн толугу менен…..

Данияр Исанов: Менин бир эле диним бар. Ал менин – абийирим!

Сага (Эссе) Турмушта сагыныч болбосо, анда адамдар бири-биринин баркын билбей калышмак. Көпчүлүк адамдар: «сагынычтан өткөн азап барбы, адамды санаага салып саргайтып жиберет» – дешет. А мен тескерисинче, сагынычтан жашарам. Жаша түбөлүк сагыныч! * * * «Күтүүдөн өткөн азап барбы?» – дешет айрымдар. Жакын адамыңды сабыркап, санаага малына күткөндүн өзү канчалык рахат экенин айрымдары баамдабай калышат окшобойбу. Күтүү да, сагыныч сыяктуу жакыныңдын караанын алда канча аруу көрсөтө турган көрүнүш экенин эске түйө жүргөн дурус… * * * «Кудай кайда, барбы?» – деп бир канча ирет жаным кейигенде жаратканга акаарат айтып алган толугу менен…..

КР Эл баатыры Т.Сыдыкбековдун 15 томдук китеби жарык көрдү

Бүгүн, 12-апрелде Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдук жыйнактар китебинин бет ачары өттү. Иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Кыргыз Республикасынын Баатырлары Медеткан Шеримкулов, Алиясбек Алымкулов, академик Абдылдажан Акматалиев, Роза Айтматова, Сыртбай Мусаев, Кулубек Бөкөнбаев, Кыргыз Республикасынын эл акындары Надырбек Алымбеков, Анатай Өмүрканов, Кыялбек Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары ж.б. бир катар коомдук ишмерлер, илим жана маданият чөйрөсүндөгү көрүнүктүү инсандар катышты. Иш-чарага министрдин биринчи толугу менен…..