“Беш акын” теледолбоорунун жеңүүчүсү К.Урманбетов

“Беш акын” теледолбоорунун биринчи көрсөтүүсү ийгиликтүү өттү. Биринен бири өткөн мыкты таланттар К.Урманбетов, Б.Сарыгулова, Ж.Саалаев, М.Осмонкулова, А.Темировалар ат салышып, жыйынтыгында Кыялбек Урманбетов жеңүүчү болду. Кыргыз Эл акыны К.Култегин төрагалык кылган К.Кадыракунов, А.Өмүрканов, Ү.Култаева, Г.Шакирова, С.Орозобекова, М.Токторов, Ж.Маматова, А.Исмаилов – тогуз адамдан турган калыстар тобу таланттарга өз баасын берип отурду. Көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырган кечеге катышкан бардык акындарга, калыстарга, уюштуруучуларга, КТРКнын эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз. Жеңүүчү болгон Кыргыз эл акыны Кыялбек Урманбетовду чын дилден куттуктайбыз жана мындан аркы чыгармачылыгына ийгиликтерди каалайбыз.