Акын Кемелгазы Ниязовдун чыгармачылык кечеси өттү

Бүгүн борбор калаабызда КР Айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер, зоотехник,  КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Кемелгазы Ниязовдун чыгармачылык кечеси болуп өттү. Кечеге акын-жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акындын кесиптештери жана жакын санаалаштары катышты. Келген меймандар автордун айыл чарба тармагындагы эмгектерин, жасаган эрдиктерин сыймыктануу менен эскеришип, акындык талантына таңыркашып, ырларынан угуп чер жазышты.

Исраил Сулайманов 100 жашта

СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын-жазуучу И.Сулайманов көзү тирүү болгондо быйыл 100 жашка толмок. Жазуучунун 100 жылдыгынын урматына Ош облусунун Кара-Суу районунун Алга-Бас айылында мааракелик эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чара КР Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмү тарабынан уюштурулду. Уюштуруучу, жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн башчысы, акын Т.Жороев: “Бул маараке КР Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү. Биз бул жылдар аралыгында адабиятка салым кошкон акын-жазуучуларыбызды унутта калтырбашыбыз керек. Алардын жасаган иш-аракеттеринин натыйжасында бүгүн биздин 85 жылдык тарыхыбыз бар. Андыктан мындай эскерүүлөрдү, жолугушууларды толугу менен…..

Асан Жакшылыков 70 жашта

Акын, драматург, жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер Асан Жакшылыковдун 70 жылдыгына карата КР Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан иш-чара өткөрүлдү. Мааракенин урматына А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында илимий-практикалык конференция уюштурулуп, анда А.Акматалиев, А.Эркебаев, Э.Нурушев, А.Эгембердиева өңдөнгөн көрүнүктүү инсандар баяндама жасады. Иш-чаранын алкагында А.Жакшылыковдун бейнесине арналган көргөзмөнүн ачылышы болуп, КР Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, коомдук-саясий ишмер М.Шеримкулов, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Черикбаев ж.б. акынды куттукташты.                               толугу менен…..

Драматургия жана театртаануунун 10 айлык курсу башталды

КР Улуттук жазуучулар союзу жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу “Драматургия жана театртаануунун 10 айлык курсун баштады. Окуу курсу жумасына үч жолу Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп турат. Лектору КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, театр сынчысы, драматург Ж.Кулманбетов.

Акын Бүбүайшакан Аксариева 70 жашта

А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акын Б.Аксариеванын 70 жылдыгына арналган чыгармачылык жолугушуу кечеси болду. Келген меймандар акындын ырларына канып, эргүү алышты. КР Эл акындары А.Өмүрканов, Г.Момунова, К.Бакировдор автордун чыгармачылыгы боюнча кеңири токтолуп сөз кылышты. Эл ичинде катылып, билинбей жүргөн элеттик акын “Кара кыр таңы”, “Шамшыкал”, “Таалим”, “Жомоктон соң” жана “Кыргызстаным” аттуу беш китептин автору, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.