Кыргыз адабиятчысынын китеби Түркияда жарык көрдү

Белгилүү окумуштуу, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын “Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын көркөм дүйнөсү” аттуу китеби Түркияда жарыкка чыгып, түрк окурмандарынын колуна тийди. Аталган эмгек улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата Анкара шаарындагы белгилүү “BENGÜ’ басмаканасында басылып чыкты. Кыргыз адабиятчысынын бул илимий китебин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Халит Ашлар түрк тилине которгон.