Хэ Цзин-Мин: Канат кагып ыраак жактан келишкен, Ак куулардан тууган жерди сурадым

Кытай классикалык поэзиясынан Кылымдарды карыткан Кытайдын тузу буйруп, 2008-жылы дүйнөлүк Олимпиадалык оюндарды чагылдыруу максатында барып, ошондон бери Сун жана Мин доорундагы акындар башаты болушкан кытай классикалык поэзиясы менен “ооруп” калдым. Кытай поэзиясы – ааламдагы эң байыркылардын бири, жогорку аң-сезим менен чапталган уйкаштыктардын туундусу. Бизге жеткен эң баштапкы ырлардын – “Поэзия канону” жыйнагынан диний ыр саптарынын датасы биздин доорго чейинки болжол менен XII кылымдарда белгиленген. Улуу ойчул Конфуций тарабынан тандалып алынган 300дөн ашуун ар түрдүү поэтикалык чыгармалардын жыйнагы мына 2 миң жылдыктан ашуун мезгилден бери Кытайда поэзиянын өрнөктүү үлгүсү катары бааланып толугу менен…..