![](https://adabiyat.kg/wp-content/uploads/2022/09/dancho-150x150.jpg)
Санаа мени саргайтса – сагыныч мени жашартат (Эссе) Санаа мени саргайтса, сагыныч мени жашартат… Санаасын да, сагынычын да жерибейм. Балким, мени ушул эки нерсе эсиме келтирип, ар таңда Улуу Жолго – Улуу Милдет жүктөп туруп, анан адам бол деп алыска узатып турганындадыр!? *** Санаа – чабыттап учкан кыялым… Кай жерге беттеп учат, кайдан токтойт – муну элестетүүнүн өзү коркунучтуу. Санаа токтогон күнү өмүр бүтчүдөй туюлат. Убайым жеген адам өзү үчүн да, өзгөлөр үчүн да кам көрөт! *** Санаа тарткандардын дили карайганын көрбөдүм. Санаа – жашоодон тыянак чыгарчу бүтүмдөй. Андыктан сабалап уч, толугу менен…..