Манас Алымбаев: Саргайган күз. Чаң аралаш ойлордон, Сага ылайык сап издешет кыялдар

Ат үстүндө толгоолор… Атым жаңы такаландың, Ташыркабай арышта. Тизгиниңди токтото албай, Карышсын кол карышса. Өмүр бизди шаштырса да, Биз булуттай каалгып жылып, Бир да жолу кошулбадык жарышка.   Дүбүртүнө кошулсаң сен аттардын, Дүрбөөсүнө кошулсам мен жаштардын. Байге алмаксың сен деле, Бай болмокмун мен деле, Кыйын деген күлүктөр, Сага окшогон ат эле. Кыйын деген жигиттер, Мага окшогон пенде эле… Экөөбүз тең козголбогон, Тоону көрүп суктанып. Жашабайбыз жарышып деп, Тынч тоолорго ыктадык.   Дүйнө сенин суулугуңдай, Чайналып да, көбүрүп. Дүйнө кыздын жоолугундай, Бир кызарып көрүнүп. Бир үйүрүң болгондугун, Сен эстейсиң бышкырып. Бир толугу менен…..

“5 акын” теледолбоору эки күн катары менен өтөт

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштуруп жаткан “Беш акын” теледолбоорунун экинчи жана үчүнчү көрсөтүүлөрү шартка байланыштуу 11-12-май күндөрү катары менен тартылат. 12-май күнү өтө турчу кечеде акындар – Жыпара Арыкова, Жыргалбек Алымжан уулу, Максуда Ормонова, Манас Алымбаев жана Алиман Абдыкеримовалар өз таланттарын тартуулашат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК