Бийиктик жана биримдик Турмуш өзү майдалардан куралат деп айтышкан бизден мурун жашап өткөн адамдар. Майда кумдар биригип, пайда кылат үйдөй болгон таштарды. Аскалар да пайда болот биригишкен таштардан. А аскалар бир-бирине кошулуп, айланышат тоолорго. Тоолор анан бири-бирин толуктап, көтөрүшөт көк тиреген улуу, бийик чокуну! …Биз да акырын тоолорго окшоп өссөк дейм. Тоолорго окшоп умтулсак дейм биз дагы бийиктикке күнү-түн! Тоолорго окшоп жашасак дейм кыргыздар- Азиянын асманын төбөбүзгө көтөрүп! Тоо жана мен Мен тоолордун арасында төрөлгөм. Тоолорго окшоп сыймыктуумун, салмактуумун, бийикмин! Тоолор майда кум менен топурактан турат дешип толугу менен…..