Кыял Тажиева: Унчуга албадым илебиңе, Уйкуда калды бир улуу мүдөө

Жоолугум желге дирилдейт… Өмүрдүн кол жеткис кайрыгында, Өрт койдуң тагдырдын айдыңына. Махабат, карааным кайда жалгыз, жалгыз, жалгыз Сен мени өзүмдөн айрыдың да, айрыдың да, айрыдың да. Махабат өзүмдөн, Махабат өзүмдөн Айрыдың да.   Унчуга албадым илебиңе, Уйкуда калды бир улуу мүдөө. Махабат, сен келдиң эле мага Ааламды көтөрүп жүрөгүңө. Махабат таарынам, Махабат таарынам жүрөгүмө.   Жоолугум желге дирилдеп, Жоголуп көөнүм бириндеп, Жолуңдан кетип баратам Жолумдан өмүр көрүнбөйт, Жолумдан өмүр көрүнбөйт.   Сен эми айрыба таарынуумдан, Сен мени айрыба сагынуумдан. Махабат, түбөлүк издейм сени Сен мени издебе жаңылуудан. Махабат издебе Махабат толугу менен…..