Нооруз – ынтымактын майрамы

21-март Нооруз майрамына, А.Осмоновдун туулган күнүнө жана Бүткүл дүйнөлүк поэзия күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен улуу муун, орто муун, кичүү муундардын башын бириктирген майрамдык иш-чара уюштурду. Алгач Ала-Арча көрүстөнүнө барып Алыкулга куран окуп, эскерип келген соң, улуулардын батасын алуу максатында жаш калемгерлер сүмөлөк бышырып, сый-урматын көрсөтүп кызмат кылышты. Жаштардын ой-тилегине, сыйына ыраазы болгон акын-жазуучулар ак баталарын берип, элге-жерге ынтымак, тынччылык тилеп кайтышты. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө жазуучулар союзунун алдыда аткара турган иш-чаралары туурасында сөз болуп, план, программалар сунушталды. Аксакалдардын кеп-кеңеши, айткан насааттарын толугу менен…..