“Арашанда” А.Осмоновдун аллеясы ачылат

Урматтуу акын-жазуучулар! Кымбаттуу поэзия ышкыбоздору! Кыргыз Республикасынын акын-жазуучуларынын Адабий фонду жалпыңыздарды келе жаткан 21-март – “Нооруз” майрамыңыздар менен куттуктайт! 21-март – кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун да туулган күнү экенин жакшы билесиздер. 21-март ошондой эле – Бүткүл дүйнөлүк поэзия күнү. Мына ушул майрамдарга карата баарыңыздарды жазуучулардын “Арашан” чыгармачылык үйүнүн аймагында “Алыкул Осмонов” аллеясын түптөп, көчөт олтургузуп, бак тигүүгө жана “Ноорузду” чогуу майрамдоого чакырабыз! Эмгек менен эс алууну айкалыштырган бул салтанат-майрамга улуу-кичүү акын жазуучулар, жаш таланттар менен Алыкулдун поэзиясынын күйөрмандарынан тартып, кыргыз адабиятынын окурмандары, каалоочулардын бардыгы катыша алышат. Өз алдымча, өз толугу менен…..