Абдужапар Аскаров: Сөз айтсак ыйлап ийчүдөй, Унчукпай турдук, унчукпай…

***** Каректен аткан мылтыктай Же сенден, менден үн чыкпай, Сөз айтсак ыйлап ийчүдөй, Унчукпай турдук, унчукпай…   Бир туруп бөлөк арабыз, Айрылыш жолду курабыз, Жер бизди бириктирчүдөй, Жерди эле тиктеп турабыз…   Сүйлөшпөй бастык кадам суз, Сүйүүнү көмдүк анан биз… Жапжалгыз, жолдор турса да Бир жолдо баспас адамбыз.   “Кош” дедиң көзүң жаш болуп, “Кош” дедим сөзүм пас болуп, Көрүндү көзгө дарактар, Көрүстөндөгү таш болуп…   Көз жаштар акты көңүлдөн, Көрүшпөс болдук өмүрдөн, Бул бакта биздей коштошуп, Канча бир сүйүү көмүлгөн….   Муңайган жан жок биз өңдүү, Курчаган ойлор күмөндүү, толугу менен…..