Садык Алахан: “Манас” эпосунун кара сөзгө айландырылышы. С.И.Липкиндин “Манас Великодушный” повести

Кыргыз улуттук жазуучулар союзу 1934-жылы түптөлгөн учурунан тартып калемгерлерибиз жараткан чыгармалар элдин калың катмарына жетсе экен деген аруу тилекти эң башкы озуйпасы катары эсептеп келет. Ушул максаттын ишке ашуусун көздөп Советтер Союзунун учурунда атактуу “Ала-Тоо” журналы менен атпай журт күтүп окуган “Кыргызстан маданияты” жумалыгын чыгарып келген. Эми минтип заман өзгөргөнүнөн, окурмандардын дээрлик көпчүлүгү электрондук маалымдоочу каражаттарга ык сала баштаганынан улам заманбап баарлашууга өтүп, adabiyat.kg сайтын уюштуруп, калемгерлерибиз жараткан көркөм дүйнөнү ушул сайт аркылуу элге жеткирип келет.

Акыркы жылдары adabiyat.kg сайтыбыз окурмандарыбыздын кеңири катмарынын сүймөнчүгүнө айланып баратканын кубануу менен белгилегибиз келет. Акын, жазуучуларыбыз, адабиятчы илимпоздорубуз жараткан ар түрдүү жанрдагы ары кызык, ары пайдалуу, эстетикалык деңгээли жогору чыгармаларды окугуңуз келсе, анда биздин adabiyat.kg сайты менен болуңуз…

Бул ирет биз улуу “Манас” темасына кайрылып, белгилүү адабиятчы, филология илимдеринин доктору, Улуттук жазуучулар союзунун адабий көркөм сын боюнча секциясынын башчысы Садык Алахандын Улуу Сөзүбүздү прозага айландырылышына арналган макалалар түрмөгүн сунуш кылмакчыбыз.

“Манас” эпосунун кара сөзгө айландырылышы.

С.И.Липкиндин “Манас Великодушный” повести

(1-макала)

Дүйнөлүк маданияттын алтын казынасын түзүп турушкан улуу эпостор “Илиада” менен “Одиссея”, “Махабхарата” менен “Калевала” ж.б. соңку эки кылым ичинде маданият менен адабияттын көптөгөн башка жанрларында да өз өмүрлөрүн улантып келе жатат. Бул эпостор тууралуу тартылган живопистик полотнолор, скульптуралык чыгармалар, опералык, драмалык көркөм туундулар, көптөгөн кинотасмалар айтылган оюбуздун айкын мисалы болуп эсептелет. Жогоруда көрсөтүлгөн улуу эпостордун катарында турган биздин “Манас”, ”Семетей”, “Сейтек” үчилтигибиз да кагаз бетине түшкөн мезгилден баштап түрдүү жанрларда өмүр сүрө баштагандыгы баарыбызга маалым. Айрыкча өткөн Совет доорунда улуу эпосту кагаз бетине түшүрүү, иликтеп-изилдөө канчалык терең жана ар тараптуу жүргүзүлсө, ошончолук эле деңгээлде искусствонун башка түрлөрүндө да кеңири түрдө экинчи өмүргө ээ боло баштады.

Айрыкча, улуу эпосту сахналаштыруу күрдөөлдүү колго алынгандыгын баса белгилеп кетмекчибиз. Өткөн кылымдын 30-40-жылдарында сахна аркылуу элге тартууланган атактуу алты автордун (Ж.Бөкөнбаев, К.Маликов, Ж.Турусбеков, В.Власов, А.Малдыбаев, В.Фере) “Айчүрөк” операсы, А.Токомбаев, К.Маликов, В.Власов, А.Малдыбаев, В.Фере жараткан “Манас” операсы, Т.Сыдыкбеков менен К.Рахматуллин биргелешип жазган “Манас менен Алмамбет” драмасы жана да кылым соңунда белгилүү калемгер Жалил Садыков тарабынан жазылган “Айкөл Манас”, “Манастын уулу Семетей”, “Сейтек” драмалары бул багыттагы өзгөчө мыкты чыгармалар жана элдик улуу эпосту сахналаштыруунун эң сонун үлгүлөрүнөн болуп калды.

Ал эми атактуу скульптор Тургунбай Садыков жараткан – баш калаабыздын көркүнө көрк кошуп турган – “Манас” архитектуралык-скульптуралык комплекси улуу эпосту бедизчиликтин тили менен чечмелөөнүн сонун үлгүсү болгондугун эч ким жокко чыгара албайт.

Ошол эле учурда Т.Т.Герцен баш болгон белгилүү сүрөтчүлөр Ж.Кыдыралиев, Т.Курманов, С.Жамгырчиев ж.б.лардын улуу эпостун урунттуу окуяларына, башкы кейипкерлерине арналган өзгөчө оригиналдуу көркөм полотнолору көргөн адамды кош көңүл калтырбайт.

Демек, кырк чоронун бири болгон Ырамандын Ырчуулунан башталып, кылымдардын түпкүрүнөн бери атадан балага оозеки түрдө өтүп өмүр сүрүп келе жаткан улуу эпосубуз соңку бир жарым кылым ичинде искусствонун башка түрлөрүндө да кош катар жашоосун улантып келе жатат.

Албетте, мунун баары канчалык кубанарлык көрүнүш болгону менен эпостун кара сөз түрүндөгү вариантын жазып чыгуу көптөн бери күн тартибинде турган маселелердин бири эле. Бул тууралуу атактуу калемгер Ашым Жакыпбек минтип жазат: “1985-жылдын аягында Жазуучулар союзунда кеңеш болуп, маареке даярдыгына (улуу эпостун 1000 жылдыгын өткөрүүгө – Б.Т.) байланыштуу көп маселелердин ичинде эпостун кара сөз түрүндө жазылышы да талкууланган. Талкууну жүргүзгөндөр кыргыз адабиятынын аттуу-баштуу инсандары: Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, С.Эралиев, Т.Аскаров өңдүү бир тобу чогулуп, академиянын манасчы окумуштуулары да катышкан.

Эпостун ыр түрүндөгү варианттары орус тилине которулуп жатканы, бирок илимий сөзмө сөз котормосу болобу, көркөм котормосу болобу ыр түрүндө башка элдерге кеңири таркашы кыйынга турары эске алынган.” (1, 5-б.)

Залкар жазуучу туура белгилегендей, улуу эпостун “ыр түрүндөгү варианттары орус тилине которулган” эле. Тагыраак айтканда, ошол 1985-жылга карата 1-тому жарык көрүп, жаамы журтка тартууланган да болчу. Кийинчерээк бул котормо толук ишке ашып, болгондо да төрт том болуп Москвадан жарык көрдү. (2.)

Албетте, залкар калемгер Ашым Жакыпбек эскерип жаткан 1985-жылкы Кыргызстан Жазуучулар союзундагы жыйынга чейин эле улуу эпосту кара сөз түрүндө жазып чыгуу аракеттери жасалган болчу. Бул ишти эң алгачкылардан болуп колго алган адам кыргыз эпосунун мыкты билермандарынын бири Семён Израилевич Липкин болуптур.

Залкар акын жана котормочу Семён Липкин улуу эпосубуз менен ХХ кылымдын 30-жылдары белгилүү котормочулар Марк Тарловский, Лев Пеньковский, Эмиль Беккер менен бирге “Манасты” орус тилине которуу ишине киришкенден баштап тааныш болуп, токсон эки жылдык узак өмүрүнүн соңуна чейин ар кайсы мезгилдерде бул улуу чыгарма тууралуу кызыктуу ойлорун ортого салып келди. Кечээги кайра куруу жылдарында эле (1989-жылы) жазылып, миллиондогон нуска менен жарык көрчү “Огонёк” журналына (1989, №2) басылып чыккан “Бухарин, Сталин жана Манас” деген өтө кызыктуу макаласы бул айтылган оюбуздун эң сонун далили болуп эсептелет. Атактуу калемгердин ошол макаласында биздин проблемабызга түздөн түз тиешеси бар ойлор да айтылган. С.И.Липкин “Манасты” которуу иши кандай жүргөндүгү тууралуу кенен-кесири айтып келип, анан өткөн кылымдын 40-жылдарынын соңу, 50-жылдарынын баш чениндеги А.А.Ждановдун чуулгандуу баяндамасынын негизинде кабыл алынган ВКП(б)нын “Звезда”жана “Ленинград” журналдары жөнүндө Токтомунан” (3, 510 – 511-бб.) кийинки адабият менен искусство чөйрөсүн кара булут каптаган катаал мезгилдин капшабына өзү да кантип кабылгандыгы тууралуу минтип жазат: “Эми кезек “Манаска”, анан мага келди. Адегенде мени Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын тизмесинен чыгарып салышты. Мен аны чымын чаккандай да көргөн жокмун. Мени кыргыз комиссиясынын председателдигинен бошотуп салыш башкаларга урулуп жаткан соккуларга караганда болоор-болбос эле нерседей сезилди. Бирок Фрунзеден бирөөлөр кат жазып: “Айкөл Манас” деген повесть жазып, кыргыз эпосун өзүнө ыйгарып автор болуп алган деп күнөөлөптүр. Билимсиз бирөөнүн былжыраган кеби да! Бирок, Москвадагылар катка кадимкидей олуттуу мамиле жасашты…

Жазуучулар союзунун (сөз СССР Жазуучулар союзу жөнүндө болуп жатат – Б.Т.) секретариатында менин ишимди карамак болушту. Чынын айтсам катуу корктум. Жазуучулар союзунан чыгат деген эмне! (Ал учурда Жазуучулар союзунан чыккандарды дароо камап коюшчу). (Алдыларын биз сыздык – С.А.) (4, 12-б.)

Бул жерде биз өзгөчө көңүл бура турган ой асты сызылган сүйлөмдөргө катылган: “Фрунзеден бирөөлөр кат жазып: “Айкөл Манас” деген повесть жазып, кыргыз эпосун өзүнө ыйгарып автор болуп алган деп күнөөлөптүр.” Сөз С.Липкиндин 1949-жылы Москвадан чыккан “Манас Великодушный” деген повести жөнүндө болуп жатат. Албетте, бул кат – атактуу калемгер өзү таамай айткандай – “билимсиз бирөөнүн былжыраган кеби” эле. Анткени, дүйнөлүк адабияттын тарыхында элдик эпостордун негизинде искусствонун ар кайсы түрлөрүндө, ар кйсы жанрларда чыгармаларды жаратуу кеңири тараган көрүнүш болчу. (Бул тууралуу сөз башында айтып өттүк). Семён Липкин да өз учурунун өзгөчө билимдүү жана таланттуу сүрөткери катары кыргыздын бул өлбөс-өчпөс эпосунун негизинде кара сөз түрүндө чыгарма жаратуу көптөгөн окурмандар үчүн кызыктуу да, таанып билидирүүчүлүк жагынан пайдалуу да болоорун айттырбай билип, эпосту ошондо эле кара сөзгө айлантып жазып чыгуунунун зарылдыгын ачык-айкын сезгендиги бүгүн бизде ыраазычылык сезимин жаратпай койбойт.

Калемгер эпостун негизинде жараткан чыгармасын жанрдык жактан “повесть”, “повесть-сказка” деп атаган. Албетте, бул сүрөткердин өз укугу. Бирок, биз бүгүн С.Липкиндин ”Айкөл Манас” деп аталган бул көркөм туундусун окуп олтуруп, бул чыгармада окуялардын камтылышы, мезгил менен мейкиндиктин көркөм берилиши, сюжетинин көп катмарлуулугу, образдарынын терең ачылышы, каармандарынын эпостун өзүндөгүдөй көп санда экендиги, сюжеттик структурасы менен композициялык жактан курулушу, жадагалса эки жүз беттен ашкан (20 басма табактан ашуун) көлөмү жагынан жана да – эң башкысы – автордун көркөм ойлоосунун романдык масштабы бул чыгарманы роман жанрындагы көркөм туунду деп атоого толук мүмкүнчүлүк берет.

Чыгармага жазылган “От автора” деген чакан бетачар сөздөн эле С.И.Липкиндин дегеле эпостун жанрдык табиятын, анын теориялык маселелерин тиешелүү деңгээлде биле тургандыгы ачык-айкын көрүнүп турат. Залкар калемгер минтип жазат: “Повесть, предлагаемая вниманию читателя, написана по мотивам фольклора”. (5. 3-б.) Бул өтө зарыл жана керек тактоо эле. Анткени, окурман колуна алып олтурган бул чыгарманын пайдубалы кандай кыртышка куюлуп, өзөгү кайда катылгандыгынан так, таамай кабар бериш керек эле. Ошол озуйпаны аркалап  турат бул эң алгачкы сүйлөм. Андан ары автор эпостун жаралыш убактысы байыркы мезгилдерге барып такалары, башкы кейипкерлери, жалпы көлөмү, сюжеттик линиялары, манасчылар жана алар тарабынан чыгарманын алымча-кошумчаларга туш болгондугу  жөнүндө айтып келип, оюн минтип уланат: “В эпосе сочетаются правда и вымысел, миф и история, благородная мораль первобтно-общинного строя с мышлением, свойственным феодальному обществу.” (5, 3-б.) Ооба, булар калетсиз чындык эле.

Ал эми бул повестти жазуудагы өзүнүн автордук милдеттери жана эпосту кара сөзгө айландыруудагы кыйынчылыктар менен анын өзүнө тарткан өзгөчөлүктөрү тууралуу С.Липкин минтип жазат: “Особенности эпоса определили задачу автора этой повести-сказки. Прежде всего была сделана попытка создать единство сюжета, выбрать из полумиллионна стихов главное и придать отдельным эпизодам форму цельного повествования. Но особая трудность и в то же время притягательная сила работы заключалась в стремлении показать столкновение двух культур – младенческой культуры кочевого свободолюбивого народа и сложной культуры мощного рабовладельческого государства. Естественно, что такая задача заставляла автора не раз отходить от первоисточника и в освещении эпохи, и в трактовке образов, и в психологической характеристике персонажей. Однако автор не позволил себе свободы большей, чем свобода сказителей-манасчи, из уст которых записаны многочисленные эпизоды киргизского эпоса.” (5, 3-б.)

Залкар калемгердин улуу эпосубузду биринчи болуп кара сөзгө айландырган чыгармасынан жогоруда айтылгандардын баарысы бекем сакталгандыгын роман менен таанышкан окурман байкабай койбойт.

С.И.Липкиндин “Айкөл Манасы” үч бөлүмдөн турат. Романдын өзөгүн улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунун варианты түзүп турат десек болот. Ар бир бөлүмдөгү окуялар өз өзүнчө тема (аталыш) коюлган бөлүмчөлөргө бөлүнгөн. Биринчи бөлүм он алты бөлүмчөгө, экинчи бөлүм он бир бөлүмчөгө, ал эми акыркы үчүнчү бөлүм он бөлүмчөгө бөлүнүп берилген да, аларды ички мазмунуна жараша автор “Вещие сны”, “Имя”, “Сорок воинов”, же болбосо, “В столице хана ханов”, “Ссора”, “Разведка” ж.б.деген аталыштар менен атап берген. Сюжеттин мындай ыкмада бөлүштүрүлүп берилиши кара сөз түрүндөгү көркөм туундулардын мыйзамченемдерине шайкеш келип, жарым миллион ыр саптан турган көлөмдөн негизгилерин иргеп алууга шарт түзгөн.

Семён Липкиндин кара сөз түрүндөгү бул чыгармасы да эпостогудай эле кыргыздардын калмактар тарабынан чабылганын, Ногойдун балдарынын төгөрөктүн төрт бурчуна айдалганын баяндоо менен башталат. Алтайга айдалган Жакыптын акырындап күтүрөтө мал күткөнү, бирок элүүгө таяп калса да туяксыз жүргөнү айтылып келип, армандуу ой толгоосу ички монолог түрүндө мындай сунушталат: “Многочисленны мои стада, но кто станет после меня хозяином над ними? Безмерны мои богатства, но кому я завещаю их? Неужели никогда мои глаза не увидят сына? Неужели мои глаза будут всегда увлажняться слезами?” (5, 6-б.) Андан  ары Меңдибай бала менен болгон окуя сүрөттөлүп, Жакып менен Чыйырдынын кереметтүү түштөрү жөнүндө эң сонун түзүлгөн  диалогдар аркылуу баяндалат да, бөлүмчөнүн соңунда Чыйырдынын боюна бүткөндүгү айтылат.

Адабияттар

  1. Жакыпбек Ашым. Теңири Манас. Эпос өзөктүү роман. – Б.: Кыргызстан, 1995.
  2. Манас. Киргизский героический эпос. – М.: “Наука”, Главная редакция восточной литературы. 1984 (т.1); 1988 (т.2); 1990 (т.3); 1994 (т.4).
  3. О журналах “Звезда” и “Ленинград”. Постановление ЦК ВКП(б) от 14 августа 1946 г. – К-те: Марксистско-ленинская эстетика. Хрестоматия. (Составители А.И.Петров, Г.В.Ратников) – Минск, “Вышэйшая школа”, 1975.
  4. Липкин С.И. Бухарин, Сталин жана”Манас” // “Кыргызстан маданияты”. 1989, 2-февраль. (Дагы: “Советтик Кыргызстан”. 1989, 2-февраль; “Бишкек шамы”, 1989, 7-февраль.)
  5. Липкин С.И. Манас Великодушный. Повесть – Б.: Учкун, 1996.

 Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор