Өмүрбек Дөлөев: Ойлоруман от “дүрт” этип көз ачып, Ойгончумун дүбүртүнөн жылкынын

Ата-энедей ардактуу

Кобуру, сөздөрү бар, колот, сайдын,

Уу-дуусу бүтпөгөн бир жомок жайдын.

Алыстан эңсеп, дегдеп келгенимде,

Атчандай чаап чыккан, тосот айылым.

 

Дайыным калган окшоп желден жетип,

Шыбагы жыпар чачат сербеңдешип.

Мен кармап, анан тартчу аркан болуп,

Кашка жол алып жөнөйт дегдеңдетип.

 

Ар кимдин өмүрүндөй бар айылы,

Жол кетет улам тоону карап улуу.

Бой тарткан кыздарындай суйсалышат,

Суу бойлоп келе жаткан тал кайыңы.

 

Не кылдым бала күндөн, бөктөрүнө,

келгеним, айтам элдин өздөрүнө.

Келиндей жаңы келген, ийилгим бар –

Айылдын адамы эмес, чөптөрүнө.

 

Кубанчым сөз жетпеген баарыдан да,

Айылда байыркынын шаңы бар да.

Өңгөдөн апам жүрөт, атам жүрөт,

Аларды көргөн тоодой карыларда.

 

Күбүңдөп суулары да, бактары да,

Жолуккан нарк-насилдүү, жаш, кары да.

Тигини-муну бүткүл эске салат,

Көчөсү, анын жаткан таштары да.

 

Суктанам “турмуш” деген аттуу кылды,

Көрөмүн балалыгым, жаштыгымды.

Кошулат балдарыма ошол жылдар,

Толуктап, күчтөндүрүп жаш кылымды.

 

Бир жүргөн аралашып кан-жаныма,

Бийиксиң, ак жүрөгүм арналуу саа.

Айылым ата-энедей эң ардактуу,

Өмүрүн бөлүп койгон балдарына.

 

Жер шары ооруйт апа, сен оорусаң

Жараткан ар балада адам бактың,

Энелик мээримиңден таалай таптың.

Адамга өмүр берген асыл апам,

Жарыгы, жылуулугу адамзаттын.

 

Жашоонун жалгыз сенде сүйгөн гүлү,

Турмуштун жалгыз сенде үйгөн жүгү.

Апаке, ардактын сен ардагысың,

Ааламдын жалгыз сенде сүймөнчүгү.

 

Жаркы апа, бул өмүрдүн кең тоосунан,

Сен барда жашообуздун кең доору шаң.

Ооруба, апакебай, оорубагын,

Жер шары ооруйт, эгер, сен оорусаң.

 

Сен барсың – жеримде көрк, элдүү өзөн,

Сен деймин гүлү өскөн жерди көрсөм.

Маанайың ачык болсун, апакебай,

Бул дүйнө кап-караңгы сен түнөрсөң.

 

Мен жылкычы болуп калдым мезгилге

Бала кезде ар бир өткөн жыл кылым,

Баркын анын ырдап бүтпөс ырчымын.

Ойлоруман от “дүрт” этип көз ачып,

Ойгончумун дүбүртүнөн жылкынын.

 

Оюн салып кулун-тайлар куюлуп,

Обологон жал-куйругу суюлуп.

Түмөн колдой каптап келчү желени,

Туяк доошу барабандай туюлуп.

 

-Ай, эле ай! Атам тосуп эң алдын,

“Желегелеп”, апам чуркап, желаргың.

Мен тызылдап, жылаңайлак, көйнөкчөн,

Күйүксөм да келчү ат минип дем алгым.

 

Эңип алчу, атам мени өңөрүп,

Чоң кишидей “бастырам” дейм көгөрүп.

Канжыгадан ышкын чечип карматып,

Калуучу элем укмуш сыйга бөлөнүп.

 

Жыйырма кулун байлап бүтүп заматта,

Өзү түшүп, мени таштап ал атка.

Анан алчу атам көпкө жетелеп,

Төрт жаштамын, мен окшошуп канатка.

 

Эңсеп эчен, келер күн да, кетер күн,

Элестетет – үнүн менин энемдин.

Бир элирип, чыңырыгы кулундун,

Мекиренип кишинеши бээлердин.

 

Канча ырды, канча угам музыка,

Канча үнгө жүрөм эчен тушуга.

Уга элекмин, бирок кулун үнүндөй,

“Канымет” дейм, балалыгым – ушуга.

 

Жылдар закым, өмүрүмө желедей,

Жылды, күндү, айды байлап ченебей.

Мен жылкычы болуп калдым мезгилге,

Балалыкты эч нерсеге теңебей.

 

Айылга

Булутуң түтүн чубалган,

Келиниң булут суу алган.

Жигитиң түнкү отторуң,

Байбичең булак чубалган.

 

Тоолоруң бир да, кары бир,

Олтурса, окшош, баары бир.

Өзгөгө кандай билбеймин,

Өзүңсүң жанга дары бир.

 

Качан сен кимден бөлүндүң,

Биргесиң дайым, көңүл күн.

Каякта, кайда жүрсө да,

Байланган учу өмүрдүн.

 

Күн өтүп жана түн өтүп,

Ааламга сенсиң бир эшик.

Жоон түп чынар сыяктуу,

Чыккансып жерден бир өсүп.

 

Сүйлөгөнгө сөз берген,

Көрөрүмө көз берген.

Алтын бешик айылым,

Ашыксың мага көп жерден.

 

Ак –Сай

Суусу бар эне сүтүндөй,

Суурулуп тоодон түтүндөй.

От болуп жөнөйт өөндөн,

Өрткө окшоп чыккан күтүлбөй.

 

Жели бар ойноо келиндей,

Желпинтип ойду, элирмей.

Чалкалап жаткан төрлөрү,

Чалкыган сонун пейилдей.

 

Гүлдөрү кыздай кылактап,

Көңүлдү алат турактап.

Торгою тоонун сырларын,

Бут төгүп коет кулактап.

 

Коноктор сымал кадырман,

Кырданып жатат адырлар.

Зоолору түптүз мелтирейт,

Туткундар окшоп таңылган.

 

Кышында күмүш, жай килем,

Керчөөдөй бышкан күзгүлөң.

Калтардай жазда кулпунат,

Кетпеген кыздай күзгүдөн.

 

Шаңын мен ойго сактаймын,

Шаттанып көркүн мактаймын.

Шатырап жааган жамгырдай,

Шааниси укмуш Ак-Сайдын.

 

Кайда аттар?

Бала кез, майрамдарда,

ат минип жетине албай,

тунчу элек сайрандарга,

Тулпардын терин албай.

 

Эми да ошол майрам,

А балдар жөө жүрүшөт.

Бөксөмүн көңүл толбой,

Тургансып өмүр түтөп.

 

Жылкылар жайыттарда,

Сагынып кыргыздарды.

Окшошот кайып малга,

Ээ кылган жылдыздарды.

 

Ат кайда? Кыргыз кайда?

Күнөө артам бөөдө кимге?

Боркулдайт турмуш канда,

Дүбүрттөр көөдөнүмдө.

 

Жолдор

Күндө, айда, жолум жатат ар жылда,

Төрөлгөндөн жолдор болуп калдым да.

Канча сүрсөм өмүр шончо алдыда,

Канча шашсам, жолдор шончо алдымда.

 

Бул өмүрдү күндөр күнгө көчүрөт,

Жашообузда күтпөгөндөр кезигет.

Карылыкка баратабыз ошончо,

“Келсе күндөр деген менен тезирээк”.

 

Жолдор, жолдор! Тоо, токойлуу талаа көп,

Санаалуу күз сары убайым санаа жеп.

Ойлономун ой жолунда зымырап,

Жолдор сурайт: “айт, эмгегиң кана?” – деп.

 

Ула-ула, о, адамдар, жол ула,

Улуу жашоо бир тийди го колуңа.

Өмүр жолу бүтпөйт, бүтсө кошулат,

Өксүп калсаң так өлүмдүн жолуна.

 

Айылдар

Өзүнчө дүйнөсү бар дүңгүрөгөн,

Тоолору карсындай үргүлөгөн.

Аттанган адамдары сууларындай,

Айылдан, мен өзүнчө күндү көрөм.

 

Айылдар – оттор-оттор, турмуш барда,

Ал – өзөк салт, жол-жосун кыргыздарга.

Түнүндө иттери үрсө асман карап,

Түйүлүп үнү жетет жылдыздарга.

 

Баары ачык – жолугуусу, айрылуусу,

Билинип көздө турат, айтылуу куу.

Тоолордо тоскон сууну дароо ачкандай,

Түн-күндү жарат эшек айкырыгы.

 

Адамга жарык нурун сый кылганга,

Ааламга ак шайы жапкан сыйкыр таңда.

Жылдыздар катуу үйлөгөн шамдай өчөт,

Короздор сыбызгыта кыйкырганда.

 

Айылдын кутун, сыйын билген билет,

Шаанисин анда жашап жүргөн күтөт.

Малчылар мал айдабай, шыгыратып,

Жай-кышы жылдыз сүрүп жүргөнсүшөт.

 

Дыйканы суу жетелеп баласындай,

Балдары таңда турат баласынбай.

Ыйбаалуу кызы, укмуш келиндери,

Айланган тегирмендин барасындай.

 

Адамы кетилбеген болоттордой,

Шайырлар – асмандагы болот торгой.

Мал менен, чарба менен, бош күнү жок,

Айылдар – тажатпаган жомоктордой.

 

Жөнөкөй жана бийик адамы бар,

Кыргызга кара тоодой карааны бар.

Толкуну тоодой жашоо деңизинде,

Айылдар – кереметтүү арал, арал.

 

Жаз айлары

Тулпар туйлап турган өңдүү байлануу,

Кар астына суу толуп тээ кайдагы.

Арыктарда кыян жүрөт ашыгып,

Жамыраган козу-улактай жайдагы.

 

Нурлар тоодо – кескен жиптей кыркылып,

Тоолор күнгө – жаш сулуудай кулпунуп.

Жаз койнуна кирип алып айра тээп,

Жер эненин ак көйнөгү жыртылып.

 

Кырларда гүл, көңүлдө нур чатырап,

Кысылгандай ак кар боюн жашырат.

Шаңга бөлөп дүйнөнү көз жаруулар,

Жаңылыктар күн нурундай чачырап.

 

Өскөн жер сага арналып

Алыста жүрсөм баары эсте,

дегенсип “мага кап этпе”.

Агарып аткан таң болуп,

Ак калпак тоолор каректе.

 

Көзүмө кооздук чегелеп,

Көркөмүң укмуш керемет.

Өскөн жер, шыкты жараттың,

Өмүрдө эч ким бере элек.

 

Уямсың учкан шаңданып,

Улуу тоо көркүн жар салып.

Өтөмүн жашап чеп болуп,

Өскөн жер сага арналып.

 

Наристеме

Көрүнсөң көңүл шат кылып,

Кубанчым улам арттырып.

Таалайым сезип турамын,

Талпынган сайын каткырып.

 

Сен үчүн келет иштегим,

Турмуштан көптү издегим.

Ак жалын болуп жылытат,

Жарылган жаңы тиштериң.

 

Гүлсүң бир соолбос жергемде,

Жүрөксүң соккон сен менде.

Тепеңдеп чуркап келатсаң,

Теңдешсиз сага эч нерсе.

 

Карасаң сырдуу култундап,

Жоругуң ойду ыр кылмак.

Баары унут, жалгыз сен гана,

Быйтыңдап койсоң ,быйтыңдап.

Быйтыңдап койсоң, быйтыңдап.