Стамбулда акын Жолон Мамытовдун поэзия күндөрү өтөт

Түркия Республикасынын Стамбул шаарында акын Жолон Мамытовдун поэзия күндөрү өтөт. Бул иш-чара КРнын Жогорку Кенешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиеванын колдоосу менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, КРнын Түркиядагы элчилиги, КРнын Стамбулдагы Баш консулдугу, Евразия жазуучулар союзу, Стамбул маданият Борбору жана Жолон Мамытов атындагы фонду тарабынан уюштурулду.

КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Эл акыны М.Мамазаирова баштаган КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын А.Кожогулов, КР Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн башчысы У.Омокеев, А.Исмаилов, М.Маматжанов, А.Кубанычбеков ж.б. акындар ыр майрамга катышуу үчүн бүгүн Стамбулга жөнөп кетишти. Акындын адабий кечеси 28-сентябрь күнү Стамбулдагы Түрк маданияты борборунда (Топ Капыда) саат 17.00дө өтөт.