Азада Бегимкулова: Намыс үнүн укпай коюп бир жолу, Күнөө бекен махабаттан жаңылуу

Өзүмө ант

Адилдикке баш ийип тепселейин,

Жамандыктан жан ачып жектелейин.

Касымдын таттуу сөзүн укканчакты,

Досумдун ачуу сөзүн эп көрөйүн.

 

Жалгандын гүлзарында көктөбөйүн,

Жашоонун тегиз жолун көксөбөйүн.

Караны ак деп эптеп күн көргүчө,

Отуна акыйкаттын өрттөнөйүн.

 

Ак жерден күйгөнүмө өксүбөйүн,

Өмүрдү гүл ачкандай өткөрөйүн.

Байлыгым бир нан болсо тең жарымын,

Бөлүшүп башкаларга жеткирейин.

 

Жакшыга жаным чаап тартылайын,

Жаманды жаман дебей бар кылайын.

Жолума арам ойлуу торун жайса,

Чалынбай өтүп кетип дал кылайын,

Же мени бир көрүүгө зар кылайын.

 

Мээримим адамдарга

Сезим гүлү соолуса арык кайда,

Жүрөк сыздап ооруса табып кайда.

Азап турса кишендеп бут бастырбай,

Абалыңды сурарга карып кайда.

 

Жалгыздык жанга батса достор кайда,

Жаздым болсоң жашоодо жоктоор кайда.

Күлүк аттай чыгаарда байге жиреп,

Кайрат берип сүрөөндө коштоор кайда.

 

Чарчаганда түз басар кадам кайда,

Түз басканда бут тосоор чабал кайда.

Чабал атайы чалганын байкай коюп,

Чаңын кагып тургузаар адам кайда?

 

Күүгүм жапса көңүлдү таңы кайда,

Куса болсоң күлкүнүн шаңы кайда.

Кээде адамдар аябай аз убактың

Абал сурап олтурар чагы кайда?

 

Шашып жашоо өмүрдү шашып жүрүп,

Иштеп калмай шашылып белиң бүгүп.

Бир сырдашып олтураар баарлашып,

Кайда деги турар кез мээрим төгүп?

 

Үмүт

Өмүрдү өлчөө керек эмне менен,

Өкчөлүп өткөн күнгө суроо берем.

Өлчөмгө толчу кызмат өтөбөпмүн,

Бергенден алганым көп бул дүйнөдөн.

 

Жашоонун кең талаасын кезип келем,

Жүгү оор, кээде чарчоо сезип келем.

Жылмаюу ууртумдан улам кемип,

Жаштыктын жээгинен безип келем.

 

Ийнимди мөндүрүнө тосуп коюп,

Жаз айын өмүрүмдүн узатыпмын.

Көз жашым ызгаарга кошуп коюп,

Аязына тоңупмун кусалыктын.

 

Күлкүнү карегиме түнөтпөстөн,

Кайгыга жашоомду ороптурмун.

Сезимим азгырбаган күн өтпөстөн,

Аңдабай акырындап короптурмун.

 

Өмүрдү ченөө керек эмне менен?

Өзүмчө эртеңиме суроо берем.

Көргөндөн көрөлегиң алдыда деп,

Сооротот оту өчпөгөн үмүт деген.

 

Мендеги суроо

Куса болсом кубантып сүйөөрүм ким,

Кайгырсам көңүл улап күйөөрүм ким?

Жыгылсам капысынан жаза басып,

Жылмайып мыйыгынан күлөөрүм ким?

 

Өйдөгө умтулганда өбөгүм ким,

Жакын деп боор тартсам бөлөгүм ким?

Чарчасам бул жашоонун сокмогунда,

Чарпылып дарман болоор жөлөгүм ким?

 

Алсырасам арка болчу тирегим ким,

Асырап аздектөөчү түнөгүм ким?

Айыпка жыгып турса көрө албаган,

Арача түшүп берчү зирегим ким?

 

Досумду душманымды иргээрим ким,

Күлгөндө ыйлаганым билгеним ким?

Ишенсем адамдарга дилимди ачып,

Оорутуп жүрөгүмдү кирдээрим ким?

 

Баалап, баркым билип байкаган ким,

Тазалыгым ылай сууга чайкаган ким?

Оюмдун тизмектери күндөн – күнгө,

Суроо болуп ийилет бир эмес миң.

 

Кайра жаңыруу

Бир сезим өзүңдөгү, өзүмдөгү,

Жалганбы сүйүү болуп сезилгени?

Жалбарбай намысты туу туткандыгым,

Жанымды жай алдырбай эзүүдөбү?

 

Баш кошпой бир өзүңдөй асыл жарга,

Бушайман болдум канча таппай айла.

Бурулбай анан сапар улап кеттим,

Башканы жолдош кылып тагдырыма.

 

Элесиң бирге болуп дайым жанда,

Эчкирип ыйлап коюп анда-санда.

Кербенин жалгыздыктын тартып калдым,

Көңүлүм ийибестен бөлөк жарга.

 

Кезиктик капилеттен кай бир күнү,

Жаңырды өткөн күндүн жаштык үнү.

Жан дүйнөм жаштыгыма сүңүп кетип,

Арналды бир өзүңө кумар түнү.

 

Бирок да өмүрлүк жар боло албадым,

Жагынып көңүлүңө толо албадым.

А балким ачылышты менден күттүң,

Намысты тепсеп кадам коё албадым.

 

Сен жокто

А… га.

Эки жаздык катар коюлган,

Жакшы тилек, жакшы оюмдан.

Бирин жатам өзүм жазданып,

Экинчиси кимге буюрган?

 

Катар жаздык бири бош калат,

Бир жаздыкка ысык жаш тамат.

Бир төшөктүн жарымы жылуу

Жарымында өксүү муң жатат.

 

Бир жаздыкка башым жазданып,

Буркураймын демим капталып.

Өзөгүмдү өрттөйт өксүүм

Өзүң жаткан жаздык бош калып.

 

Аманыңды тилеймин

Бүгүн да келген жоксуң,

Күткөнүм бекер болуп.

Калганын билген жоксуң,

Көңүлүм муңга толуп.

 

Олтурам кирпик какпай,

Оокатым камдап коюп.

Дарегиң эшик какпай,

Дасторкон сенсиз тоңуп.

 

Ландыштын гүлдөрүндөй,

Чачтарым өрүлбөгөн.

Ойлорум кыш түнүндөй,

Ак таңы көрүнбөгөн.

 

Ойлоймун, кайда жүрөт,

Ким экен жолдоштору.

Калды экен кайда түнөп,

А балким кан жолдобу.

 

Ойлоном укпасам деп,

Жашоодо жаманыңды.

Тынч аман уктасаң деп,

Тилеймин аманыңды.

 

Тилегим

Суунун тазалыгы бар мүрөгүндө,

Аккуу көркү ачылат түгөйүндө.

Ата-Журтка арналган терең сүйүү,

Айтылган сөзүмдө эмес жүрөгүмдө.

 

Тоонун калбаат көрүнүшү мөңгүсүндө,

Аялзаттын жылдызы күлкүсүндө.

Жакшылыктар жаралат күндүзүндө,

Жамандыктан дарек келет түнкүсүндө.

 

Төрөлгөн соң бир башта бир өлүм ак,

Телегейиң тең болбос, шатырман-шат,

Аз күндүк өмүрлөрдү кыя чаппай,

Анткорлук, көрөалбастык болсо экен жат.

 

Туулган жердин керемети

Көк суусу таза – тунук, керемет жер аздектүүм,

Туулган жерим ыйыгым, бүтпөс күүм.

Суктантып сулуулугуң тартып мени,

Артылып барат сага улам сүйүүм.

 

Эң кымбат тоолоруң да, таштарың да,

Сырдашам турмуш сырын ачканымда.

Элестейт эчак калган балалыгым,

Жан жыргайт, жылаңайлак басканымда.

 

Энемдей ыйык-кымбат сенин демиң,

Кагылып кетем сенден туулган жерим.

Өзүңө тамчы болсо бактылуумун,

Өмүрдө мен өтөгөн ак эмгегим.

 

Үйүңүзгө болом шам

Өткөнүмдү эске салбастан,

Өктөм сүйлөп өчүн албастан.

Өксүтпөстөн ардактасаңыз,

Өлгүчөктү сизге болом шам.

 

Кыйкым таппай баскан-тургандан,

Кызганбастан достон, душмандан.

Кечиримдүү болуп койсоңуз,

Кыяматтык болом сизге шам.

 

Кыялыма кишен салбастан,

Көңүлдөргө шекти албастан.

Кең пейилдүү, кенен болсоңуз,

Күн бүткүчө сизге болом шам.

 

Үмүтүмдү сизге арнасам,

Үйүр тартып сизге жандасам.

Үшкүрбөңүз ушак кептерге,

Үйүңүзгө болом жанган шам.

 

Мага кымбат

Мен үчүн акчанын баасы жок,

Отун ал, күкүрт жаксаң жанып кетет.

Мен үчүн килем – мал да дүйнө эмес,

Сел каптаса баарысын алып кетет.

 

Заңгырап турган үй да кымбат эмес,

Катуурак жер термесе кулап калат.

Мен үчүн эң кымбаты адам дили,

Бир ооз суук сөздөн үшүп калат.

 

Мен үчүн бийлик дагы кымбат эмес,

Жаш жетсе, жашыраагы алып кетет.

Мен үчүн эң кымбаты адам дили,

Айтылган ачуу сөздөн зилдеп өтөт.

 

Мен үчүн ден-соолук да кымбат эмес,

Соо туруп кокустуктан ажал жетет.

Бир кылым жашасам да өмүр эмес,

A өмүр көз ирмемде жанып өтөт.

 

Мен үчүн уулум деле кымбат эмес,

Үйлөнсө аял көзүн карап кетет.

Жашоодо ар бир саат кымбат мага,

Жүрө алсам калкым үчүн кызмат өтөп.

 

Мен үчүн кызым деле кымбат эмес,

Бой жетсе бөтөн жерди жeрдeп кетет.

Кызматыма тараза кадырман эл,

А балким чыгармамды бир эскерет.

 

Мен үчүн уйку деле ширин эмес,

Түбөлүк уктап жатчу күн да келет.

Элимде эгер калса менден элес,

Жашоого миң жаралып келем демек.

 

Күнөө дебейм

Сен келбесең таңдын азап атмагы,

Кашаң тартып ырларымдын саптары.

Карааныңа зарыктырдың эрте-кеч,

Көңүл сүйүп, жүрөгүмдүн тапканы.

 

Сен келбесең ар бир саат кейиштүү,

Сен бар кезде бүтпөгөн иш жеңиштүү.

Өзөктөгү өксүү калат унутта,

Өзүң менен өмүр сыйлуу, бейиштүү.

 

Сен келбесең ооруп калат көңүлүм,

Бир кунарсыз беймаза бул өмүрүм.

Сезимимди каптайт албуут шектенүү,

Сүрүштүрбөй чындыгын же төгүнүн.

 

Арзып, күтүп келбей калсаң сагынуу,

Айып дебейм сүйүүмө багынуу.

Намыс үнүн укпай коюп бир жолу,

Күнөө бекен махабаттан жаңылуу.

 

Апамдын мүрзөсүндөгү ой

Жар бойлоп жалгыз келдим эски мүрзө.

Жабыкпа көздөрүмдөн жаш төгүлсө.

Эчкирип мынча ыйлап турат белем,

Элеси энекемдин бир көрүнсө.

 

«Апа» деп бир ооз айтпай мында келдим.

Атыңды жүрөгүмө жаттай келдим.

Эселек ымыркайың таштап коюп,

Эсилим кантип гана кете бердиң.

 

Каштарың кандай экен, көздөрүңчү,

Көзүмө элестебей өтөмүнбү?

Кантейин табалбадым, жаным апа,

Кирпигим кадаганга сүрөтүңдү.

 

Ыр жандуу, шайыр мүнөз башка эле деп,

Өзүңдү билгендерден угамын кеп.

Көөдөнгө муң толгондо чыдай албай,

Кыйкырам анда неге төрөдүң деп.

 

Бар болсоң апакебай бул жашоодо,

Бөтөндүн тили мага тиймек эмес,

Ансыз да өксүү толгон жүрөгүмдө,

Армандын оту мынча күймөк эмес.

 

Жар бойлоп жалгыз кеттим, кошкун, мүрзө,

Жан тартып көп келермин өмүр берсе.

Эл менен кошо келип, жалгыз калам,

Бир күнү жашоодогу күнүм бүтсө.

 

Ишенем бир күн издеп келериңе

Унутам, унутам деп күндөн-күнгө,

Убара тарта берем узун түндө.

Унуттум ууртумда күлкүмдү да,

Ушунча баттың беле жүрөгүмө?

 

Унутам, унутам деп айдан-айга,

Убара боло берем таппай айла.

Уурдап кетиптирсиң бейпилдигим,

Ушунча тундуң беле жүрөгүмө?

 

Унутам, унутам деп жылдан-жылга,

Уйкусуз таңды тостум кыйла-кыйла.

Ушинтип уйпаланып жашагыча,

Уу ичип болгум келет кыйма-кыйма.

 

Сүрөттөй тартылыпсың карегиме,

Саргарып зар боломун дарегиңе.

Ийитип сагынычым жүрөгүңдү,

Ишенем бир күн издеп келериңе.

 

Сен мага кат жазчы

Сен мага кат жазчы зарыкканда,

Сезимим кусага камыкканда.

Мээнеттүү күндөрүмдү унуткарып,

Мээримиңди сeзeйин окуганда.

 

Сен мага кат жазчы кайгырганда,

Сагыныч санаамды жай кылганда.

Сөздөрүң өткөндөрдү эске салсын,

Саптары окшобосун айрылганга.

 

Сен мага кат жазчы көңүл чөксө,

Сөздөрүң жатка калсын жылдар өтсө.

Илебиң илебиме тийбесе да,

Ийилип колдорумду катың өпсө.

Сен мага кат жазчы…

 

Чымчыктын да бузулбасын уясы

Кирпигиме ысык жашым тизилип,

Күйүт ороп, жүрөк турду эзилип.

Карегиме батып калды карааның,

Кайра сени көрбөөчүдөй сезилип.

 

Сөз айтууга эриндерим тартынып,

Сенек болуп сезим калды жанчылып.

Сага деген салмагы оор сырларым,

Сынып турду айтылбай да айтылып.

 

Бешенеме жазбаган соң Жараткан,

Айтпаган соң бакыт деген санаттан.

Көңүлүмдө көктөм болуп өнaлбас,

Кара күчкө бирөө бактын талашсам.

 

Жакшы тилек, жакшы күндөр узады,

Жолдош кылып мага жабыр, кусаны.

Өксүбөсүн өзгө бирөө менчилеп,

Чымчыктын да бузулбасын уясы.

 

Аялуу мамилемди түшүнчү сен

Бал толгон махабаттын чөйчөгүнөн,

Көп жутсаң жүрөк күйүп кетер бекен?

Таң калба, асыл курбум, о жан биргем,

Булактын таза суусун кошуп берсем.

 

Сезимдин назик гүлүн үзүп берсем,

Тез эле уйпаланып калбас бекен?

Таарынба, асыл курбум, о жан биргем.

Тыз этип тикенине колуң тилсең.

 

Кумардын шарап толгон чөйчөгүнөн,

Көп ичсең тез мас кылып коер бекен?

Шектенбе, асыл курбум, о жан биргем,

Шарапка тунук суудан кошуп берсем.

 

Шарактап шайыр жүрсөм, же көп күлсөм,

А кийин көз жаш төгүп калбас бекем?

Сабыркап санаа чекпе, о жан биргем,

Себепсиз кез-кез сага кабак түйсөм.

 

Токтоосуң, сабырдуусуң көптү билген,

Сезимди тизгиндеген, нокто илген.

Армансыз пенде экенмин, о жан биргем,

Өзүндөй асыл жанды жандап жүргөн.

 

Аялуу мамилемди түшүнчү сен,

Тагдырым тең салмактуу болсун десең.

 

Азыр да сүйүп жүрөмүн

Жаш ордуна от толуп көздөрүмө,

Жаным, кантип чыдадым сөздөрүңө?

Карегиме кагылып турчу элең,

Кайдан бүттү бул мүнөз өзгөрүлмө?

 

Кур намыска алдырып койдуң бекен,

Кезектеги сыноо же ойнуң бекен?

Чын-төгүнүн билалбай сөздөрүңдүн,

Чымындай жан чыркырап күйүп кетем.

 

Ынтызарлуу канакей ыйык сезим,

Ыйманыңа от койду кандай чечим?

Көз алдымдан сүрүлүп кете элек,

Көздөрүмдөн өпкүлөп турган кезиң.

 

Азгырылма, алданма жашта белең,

Айткандарың төп келбес башка белең?

Аздектелүү сезимимди баалабаган,

Адаштымбы, ушунча да шашма белең?

 

Бийиктердин чокусу бийик дегем,

Башымды ийип сөзүңө жибип келем.

Ысык илеп чачылса күйүп келем,

Ымаланы туйбаган жигит белең!

 

Арзан баа болбостон айтканыңа,

Азыр деле сени мен сүйүп жүрөм…