Миргүл Текешова: Чыңгыз Айтматов: чындык жана адилеттүүлүк

Чыңгыз Айтматов: чындык жана адилеттүүлүк

Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу менен чыгармачылыгында чындык менен адилеттүүлүктүн өзгөчө орду бар. Бул жазуучунун жеке тагдыр жолу, адамдык касиети, ал жашаган доор, коомдук-саясий кырдаал менен тыгыз байланыштуу. Эмесе, “чындык менен адилеттүүлүк” аң-сезимдүү адамдын тиричилигинде кандай маанидеги түшүнүк экендигине назар оодарып көрөлү:

“Чындык – бул эң жогорку социалдык жана личносттук баалуулук. Ал “адилеттүүлүк”, “жакшылык”, “жашоонун маңызы” ж.б.у.с. түшүнүктөрдүн катарында турган адамзаттык баалуулук болуп саналат. …адилеттүүлүккө умтулуу – бул адамзаттын түбөлүктүү умтулуусу, ал эми адилеттүүлүк деген эмне суроосу, адамзаттын түбөлүктүү суроосу болуп келе жатат” [8, 103-104.] – дейт изилдөөчү А.И.Шандулаева.

Өз эмгегинде Ю.А.Шрейдер адилеттүүлүк жөнүндө төмөндөгүлөрдү белгилеген: “Адилеттүүлүктү (dikaiosenes) этикалык категория катары өз убагында Аристотель да изилдеген… Көп учурда адамдардын дүйнөгө, Жаратканга карата доосу, даттануусу дагы, татыктуулар менен ак ниеттүүлөргө заалимдик кылып, эң эле татыксыз, кара мүртөздөрдү көкөлөтүп сыйга бөлөгөн Жараткандын ашынган акыйкатсыздыгы сыяктуу көрүнөт” [9, 218.] Демек, көркөм чыгармада чындык менен адилеттүүлүктү чагылдыруунун өз тарыхы бар, көркөмдүк негизи бар, өзөктүү темалардан болуп келген. Ар доордун социалдык-руханий абалын чагылдырууда өзгөчө мааниге ээ тема экендигин баса белгилөө керек.

Бул маселе Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун да көз жаздымында калган эмес. Тескерисинче өтө кылдат жана ийине жеткире иштеген темалардан экендигин байкоого болот. Жазуучунун казак акыны Мухтар Шаханов менен биргелешип жазган “Сократты эскерүү түнү, же маңгыбаш терисинин үстүндөгү сот” деген драмасында да адилеттүүлүк баса белгиленет. “…түндүн башкы идеясы мына мында. Сократтын бүт өмүрү акыйкатты жактоого, канчалык кыйын, кооптуу болсо да ачуу чындыкты айтууга арналганы баарыбызга жалпы белгилүү” [6, 366] – дейт драманын каарманы Калия. Драма – адилеттүүлүк менен адилетсиздик, чындык менен жалган бири биринен айырмаланбай, чырмалышып калган бүгүнкү кымгуут замананын типтүү кейипкерлеринин жүзүн ачууга арналган.

Ажайып бир адабият жараталы…” деген «Шарк юлдузи» журналынын кабарчысы менен маектешүүсүндө кабарчынын “Балалык кезиңизден өздөштүргөн кайсы сапат сиз үчүн өмүр бою кымбат?” – деген суроосуна жазуучунун мындай деп жооп бергени бар: “Адилеттүүлүк. Өз тажрыйбамдан ушундай бүтүмгө келгенмин: адамдардагы бардык оң сапаттар башкы нерсе болгон Адилеттиктен башталат” [1, 327]. Бул маалыматка караганда адилеттүүлүк түшүнүгү, анын маани-маңызы жазуучунун жан дүйнөсүнө жаштайынан ыроолоп, аң-сезиминен орун алгандыгын айтууга болот.

Оомалуу дүйнөнүн опасы жөнүндө” «Известия» газетасынын кабарчысы менен болгон маегинде Ч.Айтматов кабарчынын “Дүйнөлүк адабияттын бүткүл сюжетин негизги типтүү багыттарга алып келип көгөндөсө болот деген пикир бар” – деген оюна жазуучу мындайча жооп берген экен: “Адабият эзелки өнөр, андыктан анын эзелки темалары да болот. Балким, алардын эң башкысы, азыркы кездердеги романда да, эски жомокто да бирдей өнүккөн сюжет — адилеттүүлүк жана адилетсиздик адамдын тагдырында өзгөчө мааниге ээ болот” [1, 120]. Демек, жазуучу адабияттагы эзелки темаларды жалпылаштырып келип, адабияттын башкы предмети болгон адамдын тагдыр жолунда адилеттүүлүк менен адилетсиздиктин катышы чоң мааниге ээ экендигин байкаган. Бул нерсени албетте, өз чыгармачылык жолунда, тажрыйбасында ишенимдүү ишке ашырган деп айта алабыз.

Ал эми “Легенданын жаңырышы” деген маегинде жазуучу мындай дейт: “— Болжолумда менин окурмандарымдын көпчүлүгү жаш адамдар. Сүйүүгө, достукка, адамдык мамилелердин тазалыгына жана адилдигине, жомок сыяктуу сезилген идеалга ким чын дилден ишенсе — ошол баатыр. Чындык да толук бойдон ошол тарапта” [1, 203 ]. Жазуучунун бул оюн окуп отуруп, анын каармандарын көз алдыбызга келтиребиз. “Жомок сыяктуу сезилген идеалдарга” ишенген баатыр каармандар. Чыны менен “чындык да алар тарапта”. Сейде, Жамийла, Асель, Майсалбек, Жайнак, Дүйшөн, Танабай, Авдий, Арсен, Эдигей, Абуталип сыяктуу каармандардын дүйнө таанымдары, турмушта карманган принциптери жазуучунун жогорудагы ойлорунан улам жаралганын белгилөөгө болот.

“Адамдын ариетине ишенем” деген «Правданын» кабарчылары менен маегинде жазуучу: “Ымандуулук — ар кандай коом, бардык таптар, бардык адамдар үчүн тиричиликтин эң баштапкы жана эң башкы мыйзамы болот. …Абийир менен жашап, анын айткан жагына басуу дайыма эле оңой болбойт, бирок абийирдин аруулугу гана коом турмушун идеялар менен үмүттөргө жаркытып, ымандуулуктун эгерим эскирбес мурасын акактай таза, тунук тутууга мүмкүндүк берет. Бирок, аттиң десеңиз, адамгерчиликтин андай үлгүсүнөн алыстап кеткен учурлар да турмушта болбой койбойт” [1, 400 ]. Жазуучу бул оюн 1980-жылдарда билдиргенин эске алсак, демек, руханий жана абийирдик, адеп жана ыймандык маселелерди камтыган “Кылым карытар бир күн” менен “Кыямат” романдарынын өзөктүү темаларынын башаты дал ушул ойдон келип чыккандыгын аңдап билүүгө болот.

“Жаңычылдык жөлөктөрү” аттуу макаласында Ч.Айтматов буларды айтат: “…Адам руханы, өмүр жана өлүм проблемалары, сүйүү менен запкынын, ак менен каранын, адилеттик менен жүзү каралыктын ортосундагы күрөш түбөлүктүү, ал эч качан бүтпөйт. Азыр дүйнөдө жашап жаткан жана келечекте жашай турган адамдардын бардыгы бул жөнүндө тынымсыз ойлоно бериши бышык” [2, 50 ]. Демек, жазуучунун бул карама каршы эки түшүнүктүн маңызын, күндү түн алмаштыргандай бирин бири кубалап жүрө берүүчү, мыйзам ченемдүү кубулушка, түбөлүктүү күрөшкө тете карагандыгын байкасак болот. Эрксизден эсибизге “Ак кеме” повести түшөт. Запкы, кара ниеттүүлүк менен жүзү каралыктын доорону туу чокусуна жетип (Орозкулдун доорону), адилеттүүлүк менен ак ниеттүүлүктүн, тазалыктын (Момун, Бала) өз ара катышы минимумга түшкөндөгү көрүнүштү элестетип көрүңүз. Баланын балык болуп сүзүп кетүүсү менен абийир, тазалык, адилеттүүлүктүн таңы агарып, күнү кайрадан көтөрүлүшү керек. Адилеттүлүк жеңилген жерде, жеңишти көздөй алгачкы кадам ташталып, ал өсүп отуруп “Кыяматта” Базарбайдын жазаланышы сыяктуу күрөш менен уланышы керек эле. Бул так ошондой болду. Жазуучу чындык жана адилеттүүлүк издөөнүн түбөлүктүү күрөш экендигин так баамдап, таасын тартып бере алды.

Жазуучунун “Оомалуу дүйнөнүн опаасы жөнүндө” «Известия» газетасынын кабарчысы менен болгон маегинде:…негизгиси – искусство адамдын жана коомдун турмушундагы алда-канча драмалуу, бурулуш учурларга кайрылганда гана өз максатына жете алат. Сүрөткер ички чыңалууну, демейки жана көнүмүш көрүнүштөрдүн карама-каршылыгын жандырып салган кезде да ушундай болот. Эмнеге дегенде, конфликттен жана мүнөздөн сырткары турган турмуш да, искусство да болбойт, ал эми адилеттик жана адилетсиздик биздин ишибиздин тараза ташы болуп саналат” [2, 314 ] – деген пикирине назар оодара турган болсок “Гүлсарат” повестин эстейбиз. Андагы коомдун турмушу, “көнүмүш көрүнүштөрдүн карама каршылыгынын жандырылышы”, адилеттик жана адилетсиздик көркөм чагылдырылат.

Маселен “Гүлсарат” повестинде темабыздын тегерегинде мындай сөз болот: “Чорочу билимдүү, өмүр бою эл башкарып келатат. Сегизбаев менен Кашкатаевге окшогондордун айткандары бир башка, чындык бир башка экенин ушу Чоро кантип көрүп-билбесин! Жанагылардын сөздөрү сыртынан кооз, ичи чирик, маңызы жок бош экенин көрбөй туру дейсиңби? Бу Чоро анда кимди алдамакчы, эмне үчүн алдамакчы?” [3, 390]. Үзүндүдөн да байкалып тургандай коомдук, социалдык-экономикалык маселе чыйралып чегине жетип калган. Танабайдын мындай бюрократтык мамилелер, жалгандарга каршы күрөшкө чыгышы, Чоро досунун коркоктугу, адилеттүүлүк менен чындыктын тебелендиде калышынын ачык мисалы болгон.

“Кылым карытар бир күн” романына келе турган болсок, адилетсиздиктин жеткен чегин көрүүгө болот: “…жер бетинде адилеттик, акыйкат өлбөстүгүн даңктайм! Мына бу жолу да ошол болду. Кымбатка турса да актык жеңди! Бу дүйнө бу бойдон турганда ушундай боло берер. Ак пейлиңен издеген адилеттикке жеткениңе ыраазымын, Эдигей…» [ 4, 345]. Жазуучу бул романы менен өлкөдөгү коомдук түзүлүштүн бүтүндөй системасынын туңгуюкка бара жаткандыгын белгиледи. Анын бирден бир мисалы катары да “бийлик-кудайга” айланып алгандардын, адам тагдырлары менен арсыз ойноолорунун акыры эмнеге алып келээрин көрсөтүү эле. Өз кызматтык абалдарын жана макамдарын кыянаттыкка колдонуу жана аны менен адам абийиринин күрөшү бизге жазуучунун өз атасынын тагдырын эске салат. Ачык айтылбаса да, романдан бул трагедиянын күчтүү эпкини уруп турат. Атасы Төрөкул Айтматов жана анын өмүр жолундагы чындык жана адилеттүүлүктү жазуучу Чыңгыз Айтматов өмүр бою издеди. Бул чындык менен адилеттүүлүктү издөө жолунда ал ааламды ачты. Адамды жана анын адамдык маңызын ачты. Адамзатка айтып чечмелеп, түшүндүрүп келди.

Ч.Айтматов 1937-жыл тууралуу, атасы Төрөкул Айтматовдун тагдыр жолун түздөн түз баяндаган чыгарма жазбаса да, айрым чыгармалардан атанын трагедиялуу тагдырын, атадан өксүгөн өспүрүмдөрдүн образдарын даана көрүүгө болот. Мисалы: “Кылым карытар бир күн” менен “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” чыгармаларындагы атанын балдарына кылган камкордугу, ата мээрими, ата-бала арасындагы мамилени, жашоонун бүтүндөй философиясын камтыган ойлор менен жабдуусу, жазуучунун бул биримдиктен үзүлбөй улана берүүчү түбөлүктүүлүктү көрүшү, бул нерселер албетте жөн салды ойлор эмес. Бул албетте жазуучунун аталар алдындагы парзды, милдетти орундатуу үчүн, акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү айтуу, кыянатчылык менен адамкерчиликсиздиктин бетин ачуу сыяктуу маселелерге атайылап баш байлап киришкендигин билдирет. Жазуучу баталгага башын коюп, өмүрдүн кунуна тете болсо да тайманбастан коомдук-саясий түзүлүштүн кемчиликтерин сынга алып, болуп өткөндөрдүн эсебин сурап, аны менен гана чектелбестен Советтер Союзунун айрым түзүлүштөрүндө адатка айланып бараткан айла-амалдар менен акылга сыйбас арампөштүктөрдү ашкерелөөгө жетишкен. Көркөм сөздүн кудурет күчү мына ушунда болсо керек. Фактылык материалдардан турган репрессия жана куугунтуктоолорго арналган тарыхый өңүттөгү чыгарма жазса да болот эле. Бирок ак жеринен айыпталып балдарынан, үй-бүлөсүнөн ажырап кетип бараткан Абуталиптин образын эч бир факты менен алмаштырып болбойт. Өз энесин атканга жетип калган маңкурттай, өз атасын жайына бере албаган Сабитжан сыяктууларга толуп калган коомдун албетте өз чыгаан уулдарын атып, буйрукту гана аткарып маңкуртташып калгандыгы айтылбаса да түшүнүктүү болуп отурат. Жазуучу сөздүн күчү жана өзүнүн адамдык касиет-сапаттары, тутунган принциби менен бир эле Төрөкул атанын эмес, куугунтукталып, сүргүнгө айдалып, бийлик колдуу болгон миңдеген адамдардын бейнеси менен жашоосунун маани маңызын ачып берип отурат. Айтматовдун ар бир чыгармасынан адилеттүүлүктүн күчтүү демин сезүүгө болот. Балким ушунун өзү, бүтүндөй адамзаттын, ааламдын Айтматову болуусуна себеп болгондур. Жогоруда да айтылып кеткендей адамдар издеген адилеттүүлүктү Айтматов турмуштук жагдайлар менен көркөм ачып бергендиктен анын чыгармалары жүрөктөрдөн түнөк таап отурат. Айтматовдогу адилеттүүлүк сезими ал курулай ишеним эмес, ал чыныгы турмуштагы күрөштүн жана чындыкка умтулган күчтүн адилеттүүлүккө жетиши. Танабайдын адилеттүүлүк издөөсү, Эдигейдин адилеттүүлүккө умтулуусу, Авдийдин изденүүлөрү, Арсендин күрөшү булардын баарында реалдуу турмуштагы адилеттүүлүк үчүн күрөштү көрүүгө болот.

“Преодолеть себя” деген интервьюсунда жазуучу атасын эскерип: “Вы знаете, наверное, в общем захоронении расстрелянных в 37-м в предгорьях Чон-Таша обнаружены останки моего отца. Это какая-то поразительная история, и я, признаюсь, уверовал, что есть-таки в мире некая высшая справедливость, бессрочная, неукоснительная, может быть, вне нашего повседневного бытия…” – дейт. [5, 178-179 ]. Акыйкаттыктын, адилеттүүлүктүн күчүнө бала күнүнөн ишенген жазуучу акыры ал адилеттүүлүктү тапты, атасына кезикти, өз колу менен жерге берди. Бейитин “Ата-Бейит” деп атады. Кыргызстан эгемендүү өлкө болуп, адилеттүүлүккө ишенген акыйкат издеген баягы бала элине Ала-Тоодой бел болгон залкар адам болгондо адилеттүүлүк салтанат курду. Бул тагдыр-жол, чыны менен өлбөс-өчпөс, адамдарды ар убак аруулай берүүчү байыркы мифтерге тете аңыз сыяктанат.

1937-жыл жана анын эл-журтубузга, Айтматовдорго тийгизген залакасы тууралуу фактылык, архивдик материалдар менен эскерүүлөрдү, жыйнап, кайрадан көз алдыга тартып, кайра баштан кан-жандан өткөзүп, баяндап берүү милдетин Роза Айтматова өз моюнуна алып, “Тарыхтын актай барактары” деген көзгө жаш албай окууга мүмкүн болбогон эскерүү китебин жарыялады. Бул китеп – аты айтып тургандай эле, жаап жашырылып келген окуялардын бетин ачкан, актай калган тарыхты толуктаган, адилеттүүлүктүн эртеби кеч салтанат курушун даңазалаган, аталардын тарыхтан өз ордун таап, эл-журт үчүн жасаган эмгектери бааланып, келечек муундар үчүн өрнөк болуп сакталып калышына салым кошкон баалуу эмгек болду. Айрыкча, Ч.Айтматовдун өмүрү-чыгармачылыгын изилдеген окумуштуулар үчүн да көп кайрылуучу булак болуп калды.

Шекер айылында Төрөкул Айтматовго арналып орнотулган эстеликтин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө: «Ак ийилет, бирок сынбайт», деген сөз бар элибизде. Мына атабыздын иши ак экен, көп жылдан кийин болсо да чындык жеңип чыгып, атабыздын жүзү жарык болуп, иши акталды. …Демек адилеттүүлүк бар экен да! – бул албетте кубанычтуу” [7, 188 ] – дейт Роза Айтматова. Демек, адилеттүүлүк бар! Ч.Айтматов өзү белгилегендей “адилеттик менен жүзү каралыктын ортосундагы күрөш түбөлүктүү, ал эч качан бүтпөйт” андыктан адилетсиздиктин, арампөштүктүн, жүзү каралыктын салтанаты туу чокусуна жетип, сайранын куруп турса да, адилеттүүлүктөн кайра тартпайлы! Себеби, адилеттүүлүктүн да бир күн салтанат кураарына, мезгил ар кимди өз ордуна койооруна тарых өзү күбө.

Текешова Миргүл Бакаиновна, Филология илимдеринин кандидаты