Калчоро Көкүлов: Мен адаммын, бүт дүйнөнү тепсеген, мен адаммын, ак-караны экчеген

*****

Жолон акын күйүп турчу дүпүлдөп,

Жолон-ырлар күлүп турчу бүчүрлөп.

Эсил кайран эл ичинде жүргөндө,

Эмдигиче далай ишти бүтүрмөк.

 

Кыял менен калчап турду кыйланы,

Кызыл алтын ырлар болду жыйганы.

Кырмызыдай каада куту төгүлүп,

Кызгалдактай жайнап турчу ыйманы.

 

Кенен сүйлөп келечекке ишене,

Келеп-келеп ыр жаратуу иши эле.

Кыйын кезде акыл болчу кыргызга,

Кыдыр мисал кызыгы мол киши эле.

 

Кайран жүрөк капилеттен токтоду,

Калк кайгырып акын уулун жоктоду.

Күкүк болуп ыр чакырган кайран жан,

Күкүрт болуп күйүп кеткен окшоду.

 

Миң айрылып, миң сүрүлүп сөгүлдү,

Миң чачылып, миң чайпалып төгүлдү.

Отту сүйөм, Ошту сүйөм дечү эле,

Отко таштап ийгенсиди өмүрдү…

 

Кадик ырың каным менен айланган,

Казалыңа кара башым байланган.

Калк деп жүрүп капилеттен жалп өчкөн,

Кайран Жолон! Кайран акын! Кайран шам!…

 

*****

Ким бирөөнүн бели калса бекчейип,

Бул – турмуштун кылганы.

Ким бирөөнүн көзү калса чекчейип,

Бул – турмуштун кылганы.

Турмуш ошо – муңдуу келип кайрыгы,

Мукам болот ыргагы…

 

Ким бирөөнүн арбып турса арманы,

Бул – тагдырдын иши де.

Ким бирөөнүн ажаан чыкса алганы,

Бул – тагдырдын иши де.

Тагдыр ошо – тамашасы талдырма,

Тарткылыгы татаал болот кишиге.

 

Ким бирөөнүн түнү келсе түнөрүп,

Бул – өмүрдүн кейиши.

Ким бирөөнүн күнү келсе түгөнүп,

Бул – өмүрдүн кейиши.

Өмүр ошо – бир төгүлүп, бир тамып,

Өкчө келет өрүшү.

 

Көп зарыгып келбей койсо күткөнүң,

Бул – жашоонун тардыгы.

Көп кагылып кемий түшсө күч-демиң,

Бул – жашоонун тардыгы.

Адам ошо – аймап тынар бир күнү,

Алып жүрөт ажал деген каргыны…

 

*****

Акырын салып күлкүнү,

Акырын басып жыңайлак.

Атасы бөлөк турмушта,

Акырын жүрөм кудайлап.

 

Этият болуп бассам да,

Эбине келбей экчелдим.

Энеси бөлөк турмуштун,

Эсебин, корун көп көрдүм.

 

Жолобойм чырдуу иштерге,

Жоругум кирсиз тазамын.

Жотосу бөлөк турмуштун,

Жок жерден тарттым азабын.

 

Байкатпай уруп төбөгө,

Бакылап баскан жолуму.

Бабасы бөлөк бул турмуш,

Байлады канча колуму.

 

Калп эле күйүп, камкорсуп,

Кайра эле тийип каскагы.

Тек жайы бөлөк бул турмуш,

Тебелеп коё жаздады.

Теңири бөлөк бул турмуш,

Тентитип ийе жаздады…

 

*****

Сүй деди тагдыр сүйбөдүм,

Күй деди тагдыр күйбөдүм.

Буладай сырын чубадым,

Булуттай көчкөн дүйнөнүн.

 

Кемели кетип толкуган,

Келечек күмөн, жол туман.

Кыйырын ченеп кылымдын,

Кыйсыпыр түшүп олтурам.

 

Мезгилиң турат чиренген,

Мээнетиң турат тирелген.

Эрендик менен тереңдик,

Эр Манас менен бир өлгөн.

 

Айдыңың калып гүл өнгөн,

Асманың калып түнөргөн.

Айкөлдүк менен аруулук,

Айтматов өлгөн күнү өлгөн.

 

Акылдын болгон тереңи,

Асылдын болгон желеги.

Ар-намыс менен кеңдикти,

Айгайлап жерге берели.

 

Кылымдын болгон өнөгү,

Кыргыздын болгон жөлөгү.

Кынтыксыз кеткен кайранды,

Кыйкырып ыйлап көмөлү.

 

Мезгилди жаадай ийбедим,

Мээленген тушка тийбедим.

Атаңдын көрү замана ай,

Атаңдын көрү дүйнө күн!!!

 

*****

Бир зор мухит, бир өзүнчө дүйнөмүн,

Бирде сыртта, бирде кайра үйдөмүн.

Башкалардай күн кечирип жүрсөм да,

Башкалардан башкачараак бир жөнүм.

 

Дарыялар башталгандай мөңгүдөн,

Бир башкача күүгө келем эргиген.

Башкалардын башы адашып чече албай,

Баш катырып жүргөндөрүн мен билем.

 

Адамдыкка, адалдыкка нак туруп,

Бир жеңилсем, бирде жеңип каткырып.

Алыс болуп анты бузук арамдан,

Адамзатка каалаганым жакшылык.

 

Бир арамга, бир пайдага туйтунуп,

Бир арамза оору болот сыйкылык.

Бышпай жатып, быкшып калган камектей,

Жады тайкы, жан дүйнөсү чийки бүт.

 

Арам ойдон ат чабымдай алысмын,

Анда-мында, азда-көптө калысмын.

Жан кейиткен жаман иштен оолактап,

Жан эргиткен сөзгө жакын бар ышкым.

 

Өөдө-төмөн иштер баштан өттү бейм,

Менин эрким жетпегенге жетти бейм.

Бүт дүйнөгө бергим келет бейпилдик,

Бүт адамзат түгөл болсо деп тилейм.

 

Эл кадырым, эл медерим, эл демим,

Элде менин алмагым да, бермегим.

Элден сурап, элден издеп, элден таап,

Эл ичинде эрбеңдеген пендемин.

 

*****

Бүт дүйнөнү ай далыма жүктөгөм,

Бүт дүйнөлүк түйшүгүм бар бүтпөгөн.

Агып түшүп калбасын деп ааламды,

Амал издеп, кармап турам күч менен.

 

Ай-ааламды чалып турат арымым,

Асман, айдын алып турам жарыгын.

Бир жүгүрүп амалкөйлүк жолунда,

Бирде чабам акылмандык арыгын.

 

Кай бир күнү адалдык деп жүгүрөм,

Кай бир күнү арам менен биригем.

Бирде туруп бүт жарыкты тебелеп,

Бирде башым аманына сүйүнөм.

 

Бирде токмун, бирде туруп ачкамын,

Бирде өжөрмүн, бирде амалкөй, шашмамын.

Бирде курттай боорум менен жылам да,

Бирде аттай арбып чыгат таскагым.

 

Бирде чоңмун, бирде кайра кичине,

Бирде ыргылжың, бирде тыңмын ишиме.

Бир көкөлөп учуп жүрсөм асманда,

Бирде аңкир-мүңкүр кирет түшүмө.

 

Мен адаммын, бүт дүйнөнү тепсеген,

мен адаммын, ак-караны экчеген.

Бүт ааламды акыл менен башкарып,

Бүт ааламдык акыл менен тескегем.

 

Бүт дүйнөлүк мыйзамым бар иштеген,

Бүт дүйнөлүк милдетим бар түптөгөн.

Аласалып кетпесин деп дүйнөнү,

Араң-араң кармап турам күч менен.