Аза күтүү күнү

Өлкөбүздүн Баткен облусунда болуп жаткан каргашалуу окуялардан улам кырчындай жаштарыбыз, карапайым эл менен кошо мекен чегиндеги жоокерлерибиз каза болду. Кандуу окуядан улам 1-2-май өлкө боюнча аза күтүү күнү деп жарыяланды. Ата-Мекенди коргоп жатып баатырларча курман болгон эр-азаматтарыбыздын жакындарына, үй-бүлөсүнө, жалпы кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ташмат Арыков

*****

О Ата-Журт!

Мен адаммын саа таза.

Менден өзүң кереметтүү жаа жаса.

Барып туруп сайылайын көзүнө,

Эгерде ким кан согушту кааласа.

*****

Ашып-ташып кубат берип жаш жанга,

Көргөн сайын көңүл учат асманга.

Эмнегедир мен жашара түшөмүн,

Тууган жердин топурагын басканда.

*****

Мени ысытпайт айылымдын аптабы,

Мени үшүтпөйт кыштын ызгаар чачканы.

Айылыма барып калган кездерде,

Билбей калам ырахаттан башканы.

Алыкул Осмонов

Ата-Журт

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Түндөр жаман кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Жоомарт Бөкөнбаев

Ажал менен ар-намыс

Карагай көккө тирелген
Калың чер токой арасы,
Карайып түтүн уюган
Кан жүргөн уруш талаасы…

Жамгырдай октор төгүлүп,
Замбирек кулак тундурат,
Мурунку кездей нур чачпай
Муңайып карап күн турат.

Булбулдар кончу кайыңдын
Бутагы окко тонолгон,
Шылдырап аккан тунук суу
Кызарып канга боелгон.

Араба менен ат кыйрап,
Тамыры менен бак кыйрап,
Кадимдеп балбан кара жер
Кайгырып, боздоп жатты ыйлап…

Алтын жаш чөктү көлүнө
Агылган суудай канынын,
Ай бети кара так болду
Алпештеп сүйгөн жарынын…

Ызы-чуу ушул кыргында
Ышкырып Ажал бийледи,
“Өмүрдө колдо өкчөгөн
Өзүмдөн күчтүү ким?” деди.

Жайкалып турган көк шибер
Жамгырсыз өчүп соолгондой,
Кыйла жан кыйрап сулады
Кыямат кайым болгондой…

Айлана муңга майышып
Алсырап турду бул күнү,
Арааны жүрүп ажалдын
Адамдын башын мүлжүдү…

Дөбөдөй болгон бир танка,
Гранат тийсе былк этпейт,
Мөндүрдөй жаап ок барса
Мөгдөбөйт, түтүн бурк этпейт.

Окопту кардай жиреди
Акырын жылып алдыга,
Кыйратпай муну соо койсо
Кыргынды душман салды да…

Белине беш чоң гранат
Белсенип Жапар байлады,
Шарылдап ташып кайраты
Шакардай болуп кайнады.

Сол колу менен бек кысып:
“Эмилбек эсен жүр” деди.
Алыска сапар кетчүдөй
Акыркы сөзүн сүйлөдү:

“Кайрылып эсен эл көрсөң
Карыга, жашка салам, де!
Кубарган чөлдө калк үчүн
Курмандык болду балаң” де.

–Бактынын балын бир соргон
Баарына салам айта көр,
Жапаны тартып күйбөсүн
Жарыма салам айта көр!

Аркамда калды үч бала,
Атайлап барып көрүп кой,
“Байкуштан калган туяк” деп
Маңдайын сылап өөп кой.

Жан алгыч сындуу душмандан
Жалтанып кантип качайын,
Алпештеп шордуу энекем
Намыска тууса атайын,
Жашынып жатып өлгүчө
Жаздыгым ала жатайын.

Эмилбек ыйлап турган соң
Эчкирип көп сөз айтпады,
Ажылдап келген танканын
Алдына боюн таштады…

Зеңирдей калың чоюнга
Денеси барып урунду,
Жаңыртып көктү, жер термеп,
Жарылган үнү угулду.

Башчысы ушул танка экен
Башкалар качып бурулду,
Жалпыңа кыргыз ракмат,
Жараткан ушул уулду!

Сагалап турган шум Ажал
Саргайып өңү тунарды,
Ар-Намыс сүрүп өкүмдү
Ааламга үнүн чыгарды:

–Желпинип, Ажал, мактанба
Жеңбейсиң асты буларды.
Бүлбүлдөп өчкөн жалындай
Бүрүшүп Ажал кубарды.

Чыңалган көп кол көрүндү
Чыгыштан сүйрөп замбирек,
Астында аты шамалдай,
Осетин учуп ал келет,
Кылычы күнгө чагылып,
Кыйкырган далай жан келет.

Сабалап акын келатты
Сакалы жерге таралып,
Жабыгып турду Эмилбек
Жаш эмес көздөн кан агып.

Осетин ыргып атынан:
“Ардагым Жапар кайда?” дейт,
Кансырап турган Эмилбек:
“Кайрылгыс сапар жайда” дейт.

“Кыямат кетти кылчайбай
Кыргыздын тоолук берени,
Талканы чыккан танканын
Таманын барып көрөлү.

Эмилбек сүйөп колтуктап
Эңкейип акын көрдү эле,
Эшилген турпак, кочкул кан
Эр Жапар шердин сөөгү эле.

Күйүткө батып кең дүйнө
Күн бети муңдуу түнөрдү…

“Көксөгөн жанды кубантып
Көрөм деп келсем силерди,
Уясы калып, өзү жок
Учурдук Жапар беренди”.

Мурутун булкуп карт акын
Буркурап ыйлап жиберди…

Тургунбек Бекболотов

Каякта калды ар-намыс?

Тайкыбы тагдыр? Такалып калдык жарга биз,
Максатпы бүгүн кыбырап эптеп жан багыш?
Калкыбыз үчүн карууну казык кылалбай,
Көкүрөк бар да, калган жок окшойт ар-намыс.

Закымбы бакыт? Кол менен кармай албагыс,
Адашып жолдон, түгөнүп турат аргабыз.
Тегерек четке теңата боло албаган,
Канакей? Кана? Калдыбы бизде ар-намыс?

Жогуна чыдап, каниет кылып барга биз,
Жонубуз жооруп, жорголоп калган алдабыз.
Баарынан дагы кашайтып жанды турганы,
Канакей? Кана? Каякта калды ар-намыс?

Уучубуз курубу?

Капыс болуп калк азат,
Шашып калдык байкасак.
Ошол күндөн ушул күн,
Табылбады балта сап.

 

Өтөт билбейм канча убак,
Өксүсөк да жан чыдап.
Өкүндүрөт чыгалбай,
Өзүбүздөн камчы сап.

Жашайбыз деп жагынбай,
Жанып кетип жалындай,
Чуркап жүрбүз чурулдап,
Бычакка сап табылбай.

Уучубуз курубу,
Уул кана чыныгы?
Бузукулар табалап,
Бурчтан карап турубу?

Маркабай Ааматов

Тынчтыкка, ынтымакка чакыралы

Акын сөзү болбос элге пайдасыз,

Таасири жок калган жокпуз айласыз,

Кыргыз эли сыймыктанган урматтап,

Гүлрухсор эжекебиз, кайдасыз?

 

Сындыралы биз кастыктын найзасын,

Каршылашуу кенен кулач жайбасын,

Биз достуктун көпүрөсүн курганбыз,

Низом Косим, боорум азыр кайдасың?

 

Жакын эле, ысык эле арабыз,

Учаар эле келечек деп санаабыз,

Тосуп алып кучак жайып Душанбе,

Тосуп алып биздин Бишкек калаабыз!

 

Ынтымак деп дайым бекем турганбыз,

Келечекке ой-максатты бурганбыз,

Силер бизди Рогунга алпарып,

Ысык-Көлдө далай сайран курганбыз!

 

Учур келди чек арада ок учкан,

Дос, туугандар таарынышып согушкан,

Эмне болот тажиктерге тартсаңар

А мен кыргыз тарабына болушсам?

 

Кайсы жерде болсок дагы өзүбүз,

Тынчтык болсун айта турган сөзүбүз,

Ар бир элге Ата журту буйрусун,

Талаш болбой жер, суу, жайлоо, төрүбүз!

 

Акыл-эстин ээси болуп чайпалбас,

Жан эмеспиз калк ичинде байкалбас,

Ынтымакка чакыралы эки элди,

Мен жеңдим деп бүгүн эч ким айта албас!

Жапаркул Алыбаев

Ата-Журт

Канынан бөлүп жараткан,

Кайтканда, байкуш, жан апам.

Жаш жетип араң он бирге,

Жап-жалгыз үйдө таң аткан.

“Ала жат мени кошо” деп,

Армандуу көздөн кан аккан.

 

Ойлосом тура, жан башка,

Өлмөк түгүл өмүргө

Өчөшүп жашап баратам.

Атамдан анан айрылгам,

Анда да канат кайрылган.

 

Эл ичи уя турбайбы,

Эр жетип, көңүл жай кылган.

Тил албай кетсем кээ жылы,

Тизгиним тартып, бар кылган.

Жан бирге бүткөн Ата-Журт,

Жашоомду бүгүн шар кылган.

 

Эне өлсө кошо өлбөдүм,

Ата өлдү, ырас мөгдөдүм.

Баарынан кымбат Ата-Журт,

Айнысам, сүйөп жөлөдүң.

 

Кылымдар бою картайбас,

Кымбатты сендей көрбөдүм.

Айрылсам сенден мекеним,

Анда эле, чыны өлгөнүм.