Калемгерлерге мастер-класс өтүлөт

КР Эл акыны Сагын Акматбекова, акын Калчоро Көкүлов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбековдор 3 күн бою Ош шаарында калемгерлерге мастер-класс өтүшөт. Бул иш-чара КРУЖС Ош бөлүмү, Ош шаардык мэриясы, “Жигер” чыгармачылык жаштар борбору тарабынан КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын 20 жылдыгына карата Ош шаарында өткөрүлүп жаткан поэзия күндөрүнүн алкагында уюштурулууда. 3 күн бою өтө турган ыр майрамга Бишкек шаарынан жыйырмага жакын жаш таланттар келип катышууда. Бул саамалык акын Улукбек Омокеевдин демилгеси жана КРУЖС Ош облустук бөлүмүнө төрага болуп шайлангандагы алгачкы иш-чарасы. Поэзия кечелердин, окуу-семинар, мастер-класстардын жүрүшү тууралуу алдыда дагы кенен маалымат берип турабыз.