Исабек Токтогулов: Атан төөбү, же нарбы, Атын туура ким билет? (балдар үчүн)

Ташбака

Саякатчы таш бака,

Сахарага барыптыр.

Чөлдөн ысык өтөт деп,

“Чөйчөк” кийип алыптыр.

Сайран куруп бир далай,

Таң-тамаша салыптыр.

Анан далай жылдан соң,

Ал ташбака карыптыр.

А “чөйчөгү” жонунан

Түшпөс болуп калыптыр.

 

Кирпи

Кичинекей кирпинин,

Мурдун аары чагыптыр.

Мына ошондон бери анын,

Ичинде кек калыптыр.

Дагы тийсе саям деп,

Денесинин баарына,

Найза кадап алыптыр!

 

Өрдөгүм

Менин аппак өрдөгүм,

Кургак жерге көнбөгүн.

Айтса тилди албаган,

Сендей тентек көрбөгөм.

Гак-гаак, өрдөгүм!

 

Ай, апакай өрдөгүм,

Мынча неге чөлдөдүң.

Чыкпай жүргүн ичинен,

Мен жасаган көлмөнүн.

Гак-гаак, өрдөгүм!

 

Аң уулоо

Кээде агам экөөбүз,

Аң уулоого барабыз.

Кызыктар көп тоолордо,

Көрсөң кумар тарагыс.

 

Бөрү көрсөк, бүркүттүн

Томогосун алабыз.

Карчыгасын капшырса,

Каткырыкты салабыз.

 

Сагызган

Башта бул куш ак экен,

Бардык ишке так экен.

Жакшылыкты жар салып,

Жамандыкка сак экен.

Ачка болуп бир күнү,

Убададан таныптыр,

Эт кайнаса казанда,

Уурулукка барыптыр.

Чала күйүп канаты,

Ала болуп калыптыр!

 

Түндү

Гүлгө оронуп жер бети,

Кечээ кооз болчу.

Бүгүн шейшеп жамынып,

Көрүнбөйт да жол учу.

Кайдан түшкөн айнекке,

Кыштын килем оюусу?

 

Биз уктаган ал түндө,

Эң сонун иш болгон го.

Аяз ата – аксакал,

Жылдыз көктө толгондо,

Бизди уучтап жесин деп,

Ай-и-ии, апа карасаң,

Шекер төгүп койгон го?!

 

Көктөмдү

Чээнде жаткан чала жан,

Курт-кумурска тирилген.

Борсолдой да башбакты,

Мойнун созуп ийинден.

Көрдү жаткан жыланды,

Токоч болуп түйүлгөн.

Кирпиге да таң калды,

Ийне чапан кийинген.

 

Абдан кооз көрүндү,

Аккан суулар сайларда.

Тоонун койну толукшуп,

Толуп турду сайранга.

Куу арчанын учунда,

Конуп турган чар карга.

Кү-кү-кү деп бакырып,

Шылдың болду балдарга.

 

Дарбыз

Дарбыз чылбыр чалыптыр,

Гүлдөн сөйкө тагыптыр.

Ала чапан кийгизип,

Атам жакшы багыптыр.

 

Күнү-түнү биз берген,

Сууга бою каныптыр.

Курсагы анын дардайып,

Кучак жетпей калыптыр.

 

Гүлдөр

Жаңыл менен Жамийла,

Шаардан келип айылга.

Теребиз деп чымындык,

Тоого чыкты жайында.

 

Ай-и-ий, апа! Ай, апа,

Көк гүлдөрдү карасаң.

Кырда гүлдөр көп деген,

Чын турбайбы тамашаң.

 

Ай-и-ий, апа! Ай, апа,

Көрчү гүлдүн сарысы.

Ким өстүргөн, ким тиккен,

Мынча гүлдүн баарысын?!

 

Гүлнар неге ыйлады?

Оюнкараак Оңолбү,

От жагам деп тынбады.

Кагаз терип чогултуп,

Куу тараша жыйнады.

 

Карап туруп Күкү эне,

Күлкүсүн түк тыйбады.

Бир тутамга толгон жок,

Бүт чогултуп жыйганы.

 

Ал тентектин жоругу,

Аң-таң кылды кыйланы.

Өрттөп алып бантигин,

Өчүрө албай ыйлады.

 

Жылан менен куркулдай

(Жомок)

Илгери бир заманда,

Бейкут жашап жыргаган.

Жылан менен куркулдай,

Дос болуптур кыйладан.

 

Бири кетсе жем издеп,

Бири калат балдарга.

Арамдыкты көп ойлойт,

Жылан жалгыз калганда.

 

Үйдө калса куркулдай,

Билбей ичте карасын.

Канаттууга кактырбайт,

Ал жыландын баласын.

 

Балапандар талпынып,

Темир канат болгондо.

Алыс кетет куркулдай,

Жем табылбай болжолдо…

 

Күн артынан күн өтүп,

Түн артынан түн өтүп.

Жылан шордуу куруптур,

Ачкачылык жүдөтүп.

 

Ачкалыктан толгонот,

Жылан жатып ойлонот.

Куштун эти элестейт,

Ысык каны шорголоп:

 

“Мээр чөбүн кузсамбы,

Достук шертти бузсамбы.

Балапандын бирөөсүн,

Бир чайнабай жутсамбы.

 

Ысык канын сорсомбу?

Бал этине тойсомбу?

Куркулдайды какшатып,

Эки көзүн ойсомбу?”

 

Жемди тиштеп куркулдай,

Келди канат сабалай.

Жылан ага карабай,

Ачты оозун арадай.

 

Экинчисин жутарда,

Жардам издеп жөнөдү.

Түк кирбеди оюна,

Жалгыз жаадан бөлөгү.

 

Куркулдайын кыя албай,

Жан кыйышпас досу да.

Өч алууга жаа келди,

Канкор жылан жоосуна.

 

Күнгө кактап денесин,

Ширин этке туйтуна.

Жылан жатып ныксырап,

Эчак кеткен уйкуга.

 

Эки көзүн чукуду,

Жаа жебедей атылып.

Учту жылан бутактан,

Уу көбүгү чачылып.

 

Мурат жалкоо

Мурат жалкоо окуучу,

Начар анын окуусу.

Турат дайым жем сурап,

Мүйүздүү кара козусу.

 

Чийме чийип баракка,

Көңүл бурбайт сабакка.

Элден мурда кол салат,

Салынган аш табакка.

 

Алма көрсө жүгүрөт,

Алмурутка сүйүнөт.

Кар күрөтсө капыстан,

Кабагы анын түйүлөт.

 

Мурат жалкоо чынында,

Иш жасабайт ырымга.

Балдар менен мушташып,

Өзүн теңейт кыйынга.

 

Жүндөш менен Дөңгөч

Ургулап арча дөңгөчтү,

Чакырып эне, Жүндөштү.

Колуна берип балтаны,

“Кол кабыш кыл” деп көргөздү.

 

Түшүнбөй түштү тузакка,

Түшпөгөн иши куу шакка.

Жаргандын эбин биле албай,

Кыйналды Жүндөш узакка.

 

Калыңдап майда чамынды,

Кабыгы араң таарылды.

“Жарылбай койду дөңгөч” деп,

Жылдызы жерге салынды.

 

Чабарды билбей каякка,

Чапты эле учкай тарапка.

Ыгы жок тийген балтадан,

Ыргыды “каңк” деп жарака.

 

Жүндөштүн мурду жарылды,

Жүнү жок ишке таарынды.

“Экинчи отун жарбайм” деп,

Эң сонун шылтоо табылды.

 

Ак тайлак

Ыйлап жатып Нуралы,

Атасынан сурады:

-Кыл арканга байланган,

Күн көзүндө айланган.

Майдай чайнайт тикенди,

Кейип койбойт кайран жан.

Кулмур кулак тартайган,

Ай-эй, тиги кандай жан?!

 

Атасы ага кылчайып,

Суроосуна жооп берди.

Кашка тиши ырсайып:

-Турса дайым кайкалап,

Өркөч кылы жайкалат.

Мойну да узун куркуюп.

Жандан башка жотосу,

Ал ак төөнүн ботосу!

 

Тоголонгон күн

1.

Баатыр сезип өздөрүн,

Балдар тартып көкбөрү.

Бакылдашып жатышты,

Балбылдатып көздөрүн.

 

Буура сындуу туюшту,

Булуттардын көчкөнүн.

Сылап жатты желаргы,

Жаздын жашыл көктөмүн.

 

Торпокчон көп балдарга,

Көрсөттү Бек өктөмүн.

Баары сезбей калышты,

Күндүн кандай өткөнүн.

 

-Күн аскага асылды,

Ай сиңдисин чакырды.

Ата, апасы күткөндөй,

Анча эмне шашылды.

 

Тоголонуп кетчүдөй,

Тоого барып жашынды.

-Ушуну ойлоп Азамат,

Уктап калды акыры…

2.

Көрүп күндү түшүндө,

Пардасы анын ачылды.

Жанып оттой көзүнөн,

Жалындуу нур чачылды.

 

Күлүп анан күүлөнгөн,

Күндү топтой качырды.

Тоодон кулап кетет деп,

Топ балдарды чакырды.

Үй жаңырта бакырды!

 

Бакыт менен Балтек

Бакыт менен күчүктү,

Тамашалап күлүштү.

Эми эмне болот деп,

Эки досту күтүштү.

 

-Бери эмес, нары жыл,

Табагыңды нары кыл.

Деди Бакыт Балтекке,

-Ичирбеймин баары бир.

 

Анда Балтек “бов” этип:

Алыстатып ортосун.

-Тамагыма жолтоосуң,

Багалектен бурдасам,

Коркпой көрчү, коркосуң.

Гав-гав!

 

Талашпагын тамагым,

Бошой элек табагым.

Тамашаңбы, чыныңбы,

Тарт колуңду, кабамын.

Гав-гав!

 

Ким билет?

Төөнү көрүп тартайган,

Түркүн катуу таң калды.

Чоочун жанды көрдүм деп,

Чогултту бүт балдарды.

 

-Атам айткан баягы,

Атан деген ушубу?

Боз нарыбы, же жүкчүл,

Бул эмне шумдугу?

 

Чоң аталар мингенби,

Чолпон айткан ингенби?

Же Нурдуку туурабы,

Желмаянбы, буурабы?

 

Эгер көрсө сүрөтүн,

Эне, атаңар бир билет.

Атан төөбү, же нарбы,

Атын туура ким билет?

 

Жылгаяк

Лапылдатып жаады кар,

Тоону, түздү алтындап.

Көрк кучактап айлана,

Суу да алтын, алтын бак.

 

Көчөлөрдө күзгүдөй,

Көк жылгаяк муз тоңду.

Зуулдап коньки тебебиз,

Бизге жыргал туш болду.

 

Кыш болгондо кубанып,

Жылда ойночу жылга да ак.

Кеттик, достор жүргүлө,

Биз тебелик жылгаяк?!