Бүкадича Акимжан: “Үн катпа азыр… үмүттүн өңүн аздырып, Үшүгөн ойлор, чыкыроон шамал азгырып.”

 Бүкадича Акимжан 1983-жылы Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында төрөлгөн. 2000-жылы Кыргыз-Ата (учурдагы А. Парпиев) гимназиясын бүтүргөн. 2000-2005-жылдары арасында Ош Мамлекеттик Университетинин теология факультетин аяктаган. 2005-2008-жылдары Анкара Университетинде  педагогика тармагында аспиратурасын, 2016-жылы болсо докторантурасын бүтүргөн. Учурда жогорку окуу жайда мугалим. Үй-бүлөлүү, эки уулдун энеси.

 

МИГРАНТ

Дүйнөнүн бир бурчунда шарактаган,

Метронун үнү зээнин мазактаган,

Мигранттын көңүлүндө муң-зары бар,

Күлсө да, күлкү ууртуна жарашпаган.

 

Жуурулуп дүйнө менен баратса да,

Жулунган ойлор дилди канатса да,

Журтуна өгөй болуп бир муун өсөт,

Мезгили өз өкүмүн талашса да.

 

Маңдайдан сылабаган мээрим төгүп,

Мекендин кансыраган алын көрүп.

Мигранттар бычак мизин басып барат,

Тагдырдын буйругуна араң көнүп.

 

Дүйнөнүн бир бурчунда шарактаган,

Ызы-чуу эзип дилди мазактаган.

Мигрантты мите курттай кемирет ой,

Тумандап көңүл бугун таратпаган.

 

 

МЕЙЛИ, ТАНГЫН

Мейли, тангын сезим оту жанганын,

Ойлоруңдун менден кетпей калганын!

Сезип жүрөм абай салып алыстан,

Нечен түрдүү күдүк ойго барганың.

 

Мейли тангын махабаттын арманын,

Көздөрүңдүн издеп мени калганын!

Туюп жүрөм… тушалгандай негедир,

Токтоп кайра бушайманда калганың.

 

Мейли тангын,

Жүрөктөгү ордумду,

Өчпөс оттой эстен кетпей койдумбу?!

Билип жүрөм… билигиндей үмүттүн,

Бүл-бүл жанып, ызалыкка толдуңбу?!

 

Мейли тангын, мени тангын, унуткун,

Жамгыр жааса асманыңда булутмун!

Тамчылары көз жашыма айланып,

Күнөөм үчүн сенин жүзүң жуупмун!

 

Мейли тангын, ысык сезим жок дегин,

Моюн толго… сага такыр жок кегим!

Көздөн учкан жылдыз сымал көктөгү,

Бир жылт эткен элес белең сен, Бегим!

 

 

АЙТКАНСЫДЫ

Карегиңе катылган канча сырды,

Бир карашын кайталап айткансыды.

Куса менен арзуунун үйүн көздөй

Чагылышкан карегим баскансыды.

 

Качандыр бир жоготкон ошол сени,

Карап көзүң… эски изин тапкансыды.

Кадалганын канчага эстей албайм,

Калып кетчи… кайра деп жаткансыды.

 

Сыйкыр бардай колуңда жалын болуп,

Бар турпатым алоолоп жаткансыды.

Үнсүз тиктеп карегиң кайра-кайра,

“Сүйөм сени эркем!” деп айткансыды.

 

 

 

КАЙЫЛ КЕЗИМ

Туюңузчу, аялуу азыр сезим,

Тунгуюкка капталып турган кезим.

Тумарындай тагылбай моюнуңда,

Турумтайдай үркөкмүн… аны сезиң.

 

Мүнөт сайын толукшуп аруу сезим,

Мүрөгүндөй сүйүүнүн балын сезиң.

Мүдөөсүнөн кайтпаган мүнүшкөрдөй,

Муз жылгада муздоого кайыл кезим.

 

Кемтигимди толуктап, кекчил сезим,

Кечиримге келбеген кепти сезиң.

Кеселдетип кең дүйнө кездирбеген,

Кепкенедей үмүткө кайыл кезим.

 

 

 

СИЗ КИМСИЗ?

А сиз кимсиз?

Мен пендемин күнөөлүү,

Себебим жок… актанууга жүйөлүү.

Эки тамчы шүүдүрүмдө тып этсе,

Эстейм сизди… экениңиз бүлөлүү.

 

А сиз кимсиз?

Мен дербишмин сезимде,

Ак урамын кетпей таңда, бешимде.

Сизди менден, мени сизден табышпай,

Издешкендер биздей болоор кечиксе.

 

А сиз кимсиз?

Мен кыялмын бүтпөгөн,

Жакшылыктай келем сизге күтпөгөн.

Жашоо чаркы айланса да кайталап,

Жакшы ойду сиз болчусуз  түптөгөн.

 

А сиз кимсиз?

Мен үмүтмүн үлпүлдөк,

Кээде калам кирген суудай күрпүлдөп.

Жерде-сууда, чөлдө-тоодо, ай-күндө

Жашайм сиз деп… бакыт болуп күн-түндөп.

 

А сиз кимсиз?

 

 

ҮН КАТПА АЗЫР

Үн катпа азыр… үмүттүн өңүн аздырып,

Үшүгөн ойлор, чыкыроон шамал азгырып.

Чиймелеп аяз атымды жазсын текчеңе,

Кыялды гана ченелүү берген аз кылып.

 

Унчукпа азыр… узарган түндө уйкусуз,

Улуган ызам… уюлгуйт ойлор жылчыксыз.

Уурдалган кыял… урунуп жүрүп улгайды,

Ураган аскам өзүңдөн турган кынтыксыз.

 

Үндөшкөн  сезим үрөнү эми өнбөстүр,

Үндөбө десем көздөрүм ага көнбөстүр.

Саамайым эми сагынып сенин демиңди,

Сен деген тилек мен барда эми өлбөстүр.

 

Үн катпа азыр… үмүттүн өңүн аздырып,

Үшүгөн ойлор, чыкыроон шамал азгырып.

Чиймелеп аяз атымды жазсын текчеңе,

Кыялды гана ченелүү берген аз кылып.

 

Кышында күтпө… келбеймин дүйнөң жаз кылып.

 

 

 

СИЗДЕН ТАПТЫМ

Мен сизден сүйүү таптым учкундаган,

Сезимди жипсиз байлап туткундаган.

Бир гана мезгил бизге касташкандай,

Бакыттын жиби ыраак туткурбаган.

 

Мен сизден мээрим таптым мелтилдеген,

Кызганып жаман ойго кетилбеген.

Бир гана үлбүрөгөн үмүт гүлү,

Жаздагы бакта ачылып жетилбеген.

 

Мен сизден бакыт таптым көп издеген,

Ойлорду асыл… бийик… кол тийбеген.

Бир гана жолукпаган чын жашоодо,

Күлүктөй кыял мага баш ийбеген.

 

Мен сизден жомок таптым эл билбеген,

Ажайып кооз дүйнөнү жан кирбеген.

Бир гана намыс тушап ойлорумду,

Таптаза аруу тилек не кирдеген?

 

Мен сизден эргүү таптым ташып турган,

Ырларым жан сыздатып жашып турган.

Бир гана сезим күйүп алоолонуп,

Бүтпөгөн кусам улам ашып турган.