Жазуучу, драматург Мар Байжиев оорудан улам каза болду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. КР Эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалла-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тили жана адабият бөлүмүн бүтүргөн.
1962–1964-жж. Москвадагы Жогорку сценардык курста окуган. «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор, Кыргыз КСРинин маданият министрлигинин репертуардык коллегиясынын башкы редактору.
1971–1975-жж. «Литературная газетасынын» Кыргызстан боюнча өз кабарчысы болгон. 1961-жылдан КСРБ Кинематографисттер союзунун, 1966-жылдан КСРБ Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

М.Байжиев орус жана кыргыз тилдеринде жазып, сынчы, котормочу катары да таанылган.
1961-жылы «Каракурт» аттуу сатиралык аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

М.Байжиев тарабынан «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» пьесалары жазылган. «Эрөөл» пьесасынын сюжетине эки опера түзүлгөн. М.Байжиев «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасын жазган.

М.Байжиевдин сценарийи боюнча «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз», «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылган. Автордун аңгемелери боюнча башка студияларда дагы кыска метраждуу бир нече көркөм фильмдер ишке ашырылган. «Акмактардын поезди», «Окуя» көркөм фильмдердин, «Великий эпос» ж.б. документалдуу фильмдердин автору. Фильмдердин айрымдары эл аралык фестивалдарда жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон.

М.Байжиев К.Жантөшевдин, Т.Молдонун жана башка авторлордун чыгармаларын орус тилине которгон. «Манас» эпосунун орус тилинде чыгышын даярдоого катышкан.

М.Байжиевдин чыгармалары КМШ, чет өлкөлөрдүн тилдерине которулуп, өзүнчө китеп болуп басылып чыккан.

Драмалары КСРБнин 200дөн ашык театрларында: Москва, Ленинград, Киев, Ташкент, Рига, Тбилиси, Баку, Алма-Ата шаарларынын, Польша, Венгрия, Австрия, Канада, Монголия, Румыния, Болгария, Финландия ж.б. өлкөлөрүнүн сахналарында коюлган.

«Седеп» фондунун президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл депутаты, маданият, эл агартуу, мамлекеттик тил жана туризм боюнча Жогорку Кеңештин комиссиясынын төрагасы (1990–1994-жж.) болгон.

«Кыргыз Эл жазуучусу» деген наам ыйгарылган. Кыргыз кино академиясынын академиги. Искусство институтунун профессору. КСРБ кинематографиясынын отличниги. «Манас» орденинин кавалери.

М.Байжиевдин чыгармачылыгы боюнча дипломдук, кандидаттык, доктордук иштер корголуп, өзүнчө монографиялар жарык көргөн. Драматург Мар Байжиевдин балалыгы да, жаштык кези да, чыгармачылык тагдыры да татаал, карама-каршылыктуу болду. Анын балалыгы Улуу Ата-Мекендик согуштун оор жылдарына туш келген.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы