Алиман Абдыкеримова: Асманды караганды жакшы көрөм…

Бата

Бейпилдик белин үзүп келген бул ок,
Бетмаңдай турган сымал көрүнүүдө.
Келмеге аралашкан жашым, бирок,
Бешик ыр менен ылдый төгүлүүдө…

Абалың карап туруп, жаным бир ууч,
Алапай таппай турам. Акыл айраң…
“-Чыйрыкпай, чыптамамды жамын, -дурус!”-
Баткеним, көздөрүңдөн бакырайган!

Шилиге тийген октун шишигине,
Шири-ин бир дары болуп ырым барсын!
Ата-Журт таш тийсе да күчүгүңө,
Душмандын төбөсүнө үйүр камчың!

Кудайдан тилеп турам. Айыккының!
Сөгүлгөн сөөгүң, сынган байрак, тулгаң.
Башчы бер, сукпатындай кайырчынын,
Тандооңо туш келсе экен кайраттуудан!

Этеги толуп, элдин ырыскыга,
Капсалаң жолу буулуп корумдалсын!
Ый, санаа, ыза аралаш ушул батам,
Оомийин!- дегендерге орундалсын!
Оомийин!

2021 май.

Закымдаган замандын сүрөттөрү

-Чачыңды алып берейин, отур, балам,
Өсүп кетти жагымсыз ойлорумдай…
…Үн алгыдан үн чыгат, опулдаган,
Айтып жатат, болгонун болгонундай…

Мурун жарат мууздалган сөздүн ысы,
Мукактанат Акыйкат, мукураган.
Кетменделип, кетүүдө Жердин куту,
Тозоң учат топуктуу супураңан.

-Мына, аз калды, болду эми!
Чыдай тур да!
Куудураган чоңуна кубат берем.
Кичинеси тобун жууйт ылай сууга.
Чач алганча алекмин сугат менен.

Ушул чакан бакчада уютулган,
Учкай кейпи учурдун даарыганы.
Укчу жан жок сөздү азыр кыйытылган,
Мунун баары жашоонун каарманы.

… Арыктагы суу айтат арыз-муңун
арыраакта алманын көчөтүнө.
Ушак тыңшап кулпунай, жалгыз гүлүн,
Улам коёт апкелип чекесине.

Үркүп кеткен эрке жел таранчыдан,
Күүп салды каакымды бейбаштанып.
Тайып кеткен суу түтүк таянчынан,
Тушундагы турпакты жей баштады.

Оосар күлкү, көйрөң бул көпөлөктүн,
Селфилдегин үлүлдүн көргүсү жок.
Жылган менен чет элдеп, көчөлөп миң,
Жылуу үйүн эч кимге бергиси жок!

… Долуланат үн көбүк чачыратып,
Доор турганда азуусун качыратып.
Ай-ушу, дейм,
Алдымда ат болгондо,
Бардыгыңды куумакмын патыратып!!!
Атааң гөрү-ай, алдымда атым болсо,
Баардык ,”Үндү” куумакмын патыратып!
2021 май

Ыр – кымыз

Далбастап турган чагым,
Дал бүгүн ырым сунуп астыңызга.
Сугарсам дегем Сизди, суусун кылып,
Жылдыз нурлуу, мээр чөп даам
нак кымызга!

Ышталган турмуштун миң кырдаалына,-
Жан дүйнөм сабаа кылып, илип алып.
Жасадым бул кымызды,
Эргүүлөр ийип, агып.

Апкелип көрөңгөсүн,
Жеңижок, Барпы, Алыкул, Токтогулдан.
Аксакалдар айтышкан аскиядан,
Байбичеден, байыркы, жоктоо ырдан.
Аябай бышкам, арча бишкек менен,
калбасын деп,
калп эле окшоп ырга.

Алгамын алты кайрык ” Камбаркандан”.
Көбүрөөк кошконум чын,
“Көкөй кестим”.
Элеси тартылса деп, айтканымдан
Абалкы” Кыргыз көчтүн”.

Каныккан акындардан кыргыз жыттуу,
Жигердүү, даргөйү күч, кыргыз духтуу-
Жолондон, Омор, Турар, Табылдыдан,
астейдил сөз каймагын калпып алып,
аны куйгам.
Аябай быша бергем,
Аттардын дүбүртүндөй ыргак менен,
дүңгүрөп, чаң ыргыган!

Айтор, мен далбас урдум ынантууга
даремет жетишинче.
Чыпкалап куйдум сөздү,
мендеги чыпкалектен өтүшүнчө.

Эми мен тилеп турам
аракетим,
Асти, Сизди кайдыгер калтырбаса.
“Ап-бали!”- деңиз дагы,
Ак дилден айтың бата.
…А кокус?..
кокусту азыр коё туруп,
Алыңыз, анда Ырдан, – тартың баса!

2018.

Асманды караганды жакшы көрөм

Чагылган түшкөн кезде жан дүйнөмө,
Чачымды оңдоп, жашым сүртүп анан,
Апамдай эркелетип өзүмдү өзүм,
Эшикке чыгалы дейм жүрчү, балам.

Асманды караганды жакшы көрөм…

Жер баспай деңиз келип тушарыман,
Камгактай аз- аз калып учарыма.
Бактылуу болгон кезде баама батпай,
Баламды кысып алып кучагыма

Асманды караганды жакшы көрөм!

2017 ж.