Базарбү Медетова: Таарынсаң таарын, чындыкты айтам асылым, Мен сага эмес, эң алгач ырга өптүргөм

КР Улуттук жазуучулар союзу “Сармерден” ресторанынын ээси Д.Орозалиевдин демөөрчүлүгү менен уюштуруп келе жаткан “Чай үстүндө” баарлашуу долбоорунун кезектеги коногу Базарбү Медетова болду.

Өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягындагы кыргыз кыздар поэзиясынын өкүлү, табигаттын өзүндөй жөнөкөй, баёо, бирок ошол жөнөкөйлүгү менен күчтүү саптарды жазган таланттуу акын Базарбү Медетованын чыгармачылыгына арналган жолугушуу кечесине КР Эл акыны К.Бакиров, А.Эргешова, Т.Мадылбаев, Р.Мотуев, Д.Буларкиева, обончу М.Осмонов, А.Бакирова, жаш калемгерлер катышты. Жолугушуу кечени КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов алып барды.

“Чай үстүндө” баарлашуу долбоорунун максаты кезинде топ жарып чыгып, кийин турмуш-шартына байланыштуу көмүскөдө калган таланттарды алып чыгуу, чыгармачылыкка кошуу.

Мен сени көрүү үчүн

Бул мага адат болду, эрте келип

өзүмө бир, чачыла төгүү үчүн…

көзүмдү албай тиктейм терезеден

мектепке келгенинди көрүү үчүн…

 

Сабагым бүтсө дагы олтурамын,

короону аңгыраган тиктеп койуп,

мектептен кеткениңди көрүү үчүн, …

көп изден, издериңди издеп коюп…

 

Артыңдан ээрчийм анан чымырканып

… күйөт жүзүм… үмүтүм өчүп, тамып…

Мына-мына сен билип койуучудай,

дүйнөм тарып… жетелейт жалгыз жарык…

 

сабакка эрте келем,

сени гана көрүү үчүн…

 

Биз эми көрүшпөйбүз

Күркүрөп чоң машине,

айылдын тынчын алып

токтоду эшигиңе,

жүктөрдүн баарын салып,

үстүнө чыгарды да

атаңды жана сени

жүрүп кетти…

 

Билген жок айыпсыз бир,

жүрөктү оорутканын…

Бир айыл томсоргонсуйт…

Ооруйт жаным…

 

Эскирген жалбырактар

эшигиңе жатып алган,

Баардыгың көчүп кетип,

… шамал калган…

 

Биз эми көрүшпөйбүз

Эч-эч качан…

 

Тууган жерди сагынуу

Көл жээгинде турам мына

оюм көптү кыдырат.

Батаар Күндүн нуру менен,

толкун келет кызыл, ак.

 

Жээгине оттоп келген

калкандары көрүнүп

балыктар да… Оо бул эмнем

жаным кейип сөгүлүп

 

кабыргамда сансыз жарат,

көл түбүндө айылым

эсенсиңби?… Жашып барат

сөөгүм кошо. Кайылмын

 

бардыгына. Жылаңайлак

изим түшкөн топурак,

кайда дагы теңтуш балдар

биздин бакта топурап

 

ойноп жүрчү. Араң чыгып

калың бактан турчу там

кош терезе жолдош кылып,

жолду карап бир тутам.

 

Саамайларым желге учуп,

алма бакка эң бийик

чыгып алып узатчумун

батаар Күндү. Нур тийип

 

маңдайыма. Жумуп алган

чоктой кызыл көздөрүм.

Тууган жерин көрбөй калган

кандай арман. Өздөрүн

 

унутушат балалыктын

унутушса мекенин.

Урпагыма көрсөтө да

албайм эмне экенин,

 

ата-баба өткөн жерди

үч дарыя жолуккан,

куюлушта энөө элди

энелер ак жоолукчан.

 

Көл келатат. Көчүп чыктык,

быша жаздап алмалар,

түнөрүңкү узатышты

түшүнбөйт да таң алар.

 

Ал айылда эчким калбай,

калды бактар… Дубалы…

Агам өзүн кечире албай:

— Азыр бышкан убагы

 

алмалардын… Келди бир күн

арып-ачып кечинде.

— Дөңсөө жерде биздин үйдүн

дубалдары эсиңде

 

барбы, апа?… Алмалар бүт

сууда жатат чачылып,

коңшу үйлөр суу астында

калышыптыр басылып,

 

сүзүп бардым төркү үйдүн

бурч тарабы аз кулап…

Көпкө ыйладым… Үнүм бүттү…

көздөрүндө жаш турат.

 

Ыйлап ийгем, түнү бою

түшкө кирип алмалар,

…түшүнүшүп, түшүнүшпөй

узатышып калды алар…

 

Кош терезе, аппак тамды

эмнегедир көп эстейм,

балалыктын изи калды…

Бул жер өзүм эместей,.

 

төрт терезе жолду карап

турганына карабай,

мен өзүмдү сезип жүрөм,

асыранды баладай…

 

Бүгүн сага жолугам

Учуп чыктым үйдөн шашылыш,

тосту мени күздүн шамалы.

Болот сөзсүз жаңы ачылыш,

кубанчынан тездейт кадамым.

 

Жалбыракты шамал жазалап,

дөңгөлөтүп айдап, жолумду

түшө калып үйлөп тазалап

кызматымда турду. Оюмду

 

ээлеп жалгыз, жалгыз элесиң.

Мен үмүттүн кармайм колунан.

Бүгүн мага сөзсүз келесиң,

бүгүн сага сөзсүз жолугам.

 

Ырым жана сен

Бала элем анда, балапан ырлар өстүргөн.

Өзүмө бийик, башкалар үчүн эң бир жөн.

Күлүңдөп келип шооласын төгүп ак таңым,

Жигитке эмес, эң алгач ырга өптүргөм.

 

Толкундоо келчи жакшы ыр сабын карматаар,

Сабы от болгон качпагын ырлар ыраактап.

Табышмак тагдыр. Досторум далай алмашаар,

Танбаган мени талантым сага ыракмат.

 

Айыпта мейли, жогору коёт ырын деп,

Жаралган ырга жуурулуп калган кан-жаным.

Кол шилтеп коём, дүнүйөң мага тыйын деп,

Акыйкат талдап, салмактап көрчү ар жагын.

 

Сүйөрсүң мүмкүн жолукса мендей бирөөнү,

Сүйөөрүм мүмкүн жолукса сендей бирөөнү.

Сүйдүрбөй кетсе, сырт жагын салып

жакшы ырлар,

Ал үчүн жалгыз Базарбү гана күнөөлүү.

 

Ар дайым көөнүм көтөрүп турмуш чөктүргөн,

ар сабым — Мажнун сырымды койбой

төктүргөн.

Таарынсаң таарын, чындыкты айтам асылым,

Мен сага эмес, эң алгач ырга өптүргөм.

 

*****

Коймолжун тартып көздөрү,

күн уктап кетип… Капыстан

бак-таалай мени көздөдү

жолумду чечип чачышкан.

 

Күүгүмүң кечтин соңунда…

Сен барсың… Жылдыз тигилип…

Оң түшүп турган жолумда,

бакыттын өзү — чимирик.

 

Дүйнөбүз окшош ыр жандуу,

Көздөрүң — түпсүз… Көрүнбөй

не калып, нелер ырдалды,

аялуу сырым төгүлбөй.

 

Жашоонун өзү табышмак,

өзүңдөй бакыт келет бир…

Тагдырым сени табыштап,

ирмемге берген эместир…

 

Саргыч гезит

Майес бутак карс сынып,

бороон жүрдү дүйнөмдө…

Ачуу сөзгө аптыгып,

шундан күйдүм күйгөндө.

 

Жаза басып таш жолдо

келем, баары чайпалат.

Тынчтан эми башка ойло,

болбойт, ыза башкарат.

 

Саргыч гезит… Жол чети…

сүрөтүң го ырың -бар…

соорон сезим болду эми,

сооротуучу ырым бар…

 

Бийлей албай акылым,

таяр өмүр күзүнө,

Чаң кагазды акырын,

басып турдум жүзүмө…

 

Сен анан таарынасың

Түнөрдүң… Таарындыңбы?… Жазыл… Жазыл…

Түгөндүм жаным калбай аянарга.

Ийримди жандырбачы төгүл-чачыл,

ийниңди мына-мына таянарда.

 

Бар тарап шөмтүр… Жамгыр ыргагын айт.

Бак-дарак чачы күңүрт, эмес куудай.

Күндөрүң чубап келип жылга кулайт,

гүлдөрүң күнү бүтсө тутам куурай.

 

Үргөн үн бизди жандап келген менен,

күндөрдүн кайрымжысы болгон жакшы.

«Жашоонун бири кем» деп четке чыгып,

Жашоодо көп нерседен калган азбы?…

 

Батууга багыт алган Күнгө окшоп,

батууда биздин жаштык… Күтөт бекен…

Сел алган дүйнө болоор күндөр боздоп,

Сен анан таарынасың… Түтөп кетем…