Эрнис Турсунов – кыргыз маданиятын аздектеген акын (1934-2014)

Акын, прозаик, драматург жана белгилүү котормочу Турсунов Эрнис Нурдинович 1935-жылы 24-августта Фрунзе шаарында интеллигенттин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Нурдин Серкебаев Кыргызмамбастын директору болуп кызмат аткарып, ошол кездеги китепке суусап турган кыргыз элине алгачкы китептерди, окуу китептерди чыгаруунун үстүндө иштеген. 1938-жылдагы кандуу репрессия Нурдин Серкебаевди да жөн койгон эмес, ал жалган жалаага кабылып, 28 жаш курагында атууга кетет. Анын сөөгү кийин Ата-Бейиттен табылган. Эрнистин экинчи атасы Кененбай Турсунов партиянын Ысык-Көл обкомунун бөлүм башчысы, Ысык-Көл, Тоң, Тогуз-Торо райкомдорунун биринчи катчысы кызматтарында иштейт. Өз атасынан жаш калган Эрнисти экинчи атасы жана энеси Сабира Телтаева-Турсунова жогорку билимдүү адамдар болгондуктан,уулуна жакшы тарбия беришип, анын илим-билим алышына камкордук кылышкан. Эрнис Турсуновдун акындык шыгы эрте ойгонуп, адабият дүйнөсү менен жашынан таанышып, зээндүү өсөт. Ал эң алгачкы чыгармасын он эки жашында жазат. 1948-жылы анын “Ак-Сууга саякат” деген чакан аңгемеси, “Тынчтык үчүн” деген биринчи ыры 1950-жылы чыккан. Студенттик кезде жазган “Гүл” деген ырлар жыйнагы 1956-жылы жарык көргөн. “Достук сыры” прозалар жыйнагы 1957-жылы жарык көргөн. Эрнис Турсунов Кыргыз мамлекеттик университетин жана Москвадагы  М.В.Ломоносов атындагы университетти бүтүрөт. Ал окуусун бүтүргөндөн тартып маданият, искусство жаатындагы кызматтарда иштейт. Искусство иштери боюнча Башкы башкарманын начальнигинин орун басары, Кыргыз театрларынын репертуарлары боюнча башкы редактор, “Кыргызфильм” киностудиясынын сценарий бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, Тажикстан жана Кыргызстан мектептеринде орус, кыргыз тилдеринен мугалим, “Мектеп” басмасында улук редактор, “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы, кыргыз телерадиокомитетинде башкы редактордун орун басары, Кыргыз академиялык драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы кызматтарын аткарып келген. Эрнис Турсунов акын жана прозаик гана болбостон драма жанрында да абдан ийгиликтүү жана жигердүү иштеди. Анын калеминен чыккан “Айчырайлуу кыздар”, “Чындык ийилет, бирок сынбайт”, “Эрки күчтүүлөр”, “Замандаш”, “Баш мээси менен”, “Байтик баатыр”, аттуу драмалык чыгармалар жазылып жана театрдын репертуарына зор салым кошуп келди. Анын “Олжобай менен Кишимжан”, “Балбай менен Ормон”, “Жусуп Баласагун”, аттуу опералык либреттолоруна композиторлор М.Абдраев, А.Мырзабаев, С.Осмоновдор музыка жазышкан, анын обондуу ырлары да арбын болгондуктан ушу аталган композиторлор анын ырларына обон да жазышканы белгилүү.

Эрнис Турсунов абдан таланттуу жана ошонусуна карата өтө талыкпай көп изденип, көп окуган инсан. Анын чыгармаларын окуган окурман Турсуновдун стилиндеги чилистендик жагдайды дароо эле байкайт. Анын ар тараптуу билимге ынтызарлыгы жана куйма кулактыгы өзгөчө котормо адабияттарынан көрүнүп турат.Чындыгында да Эрнис Турсунов эч нерседен тартынбаган, эгер кези келсе тилинен да колунан да келе турган көйкашкалыгы бар адам эле. Анан ошого жараша кажыбас кайраттуулугу, майтарылбас күчтүү эрки жана шер мүнөзү менен айырмаланып туруучу. Аны менен ар ким эле тил табышып, көзүнө тик багып карап, теңата болуп кете алчу эмес. Ошондой мүнөзүнө карабай абдан сезимтал жана боорукерлиги байкалып турса да, кырс мүнөздүү, чукул кыялдуу бирок да абдан назик, сулуу, мыкты сапаттарга өтө изгилик менен мамиле кылып, андай сапаттарга же чыгармаларда кезиккен таамай саптарды, таасын образдарды, ошондой мүнөздүү чыгармачылыкка өткөрө баа берип баалай биле турган, калыстыгы да бар болучу.

Жазуучулардын бардыгы эле эл-журтка алымдуу, келим-кетимдүү, жайыл дасторкон боло албайт эмеспи. Кээ бирөө жаш аялмет, кээсинин турмушу начар, кээсинин мүнөзү түнт деген сыяктуу. Мына ошондой жазуучу, акындардын ичинен аттын кашкасындай мыкты сапаттары менен да, адилетсиздикке кашкая туруп каяша берген чорт кыялы менен да, кыргыздын ата-бабадан келе жаткан салт-санаасы менен үрп-адатын сактап, аны өтөсүнө чыгара баалай билген, карыяларды карыядай, жаш өсүп келе жаткан таланттарды жаштай, аялзатынан чыккан таланттуу айымдарды кыргыздын кырк чачы улук кыздарындай сыйлаган адам ушул Эрнис Турсунов жана анын үй-бүлөсү, аялы Жамийла жана анын кайын ата, кайын энеси Касмалы Бектенов менен Урумкан Исмаилова болгон деп айтаар элек. Гонорарды кенен алган учурда же гонорар жок болсо, кышкы согум маалында жубайы экөө пенсиясын жыйып деле болсо да республиканын таланттуу аксакалдарына чакырып бир даам ооз тийгизбесе жаны жай албай, Жамийланы да жүдөтүп жиберерин көп укчубуз. Жазуучулардын чогулуп чай ичүүсү биринчиден салт болсо экинчиден, оюн-зоок эмес, чыгармачылык байланыш болгон. Илхамды козгоо, жаңы табылгаларды изденүүнүн дагы бир ички-тышкы аракеттерин жаратып, адамдын ой-толгоосун бир силкинтип алар жагдай экенин Э.Турсунов жакшы түшүнгөн болуу керек. Себеби, атайын ишканадагы кызматтан тышкары кең-кесири отуруп, чүйгүн даамдарды татып отуруп өңчөй адабият менен искусство адамдарынын маектешкени табылгыс нерсе. Бул чер жазуу, ички сырды чечишүү, пикир алмашуунун эркин абалда ишке ашышы эмеспи. Мына ушундай кырдаалдарды биз орус адабиятынын, болгондо да орус совет адабиятынын мыкты өкүлдөрү тууралуу маалыматтардан көп эле окуп, угуп жүрөбүз, ал эми бизден башка чет өлкөлүк жазуучуларда мындай көрүнүштөр арбын болуп келген. Эрнис Турсуновдун чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн көп тармактуу жана ар тараптуу болушунун бир себеби да анын ушул адабияттын бир гана жанрына сыйбай, буркан-шаркан түшүп атырылып, кайсы жанрдан кантип чыга турганын изденген күжүрмөн жана талыбас изденүүчүлүк мүнөзүнөн байкайбыз. Анын изденүү түйшүгүнүн бар аракети өз жолун, өз почеркин талыкпай издөө жолунан кайтпагандыгы, өжөрлөнө окуп, көптү үйрөнүүдөн тажабаганы десек болот. Анын өзүнө гана тиешелүү жагдайы катары биздин баамдаганыбыз тубаса баамчылдыгы, кыраакылыгы жана  башкалардан жалтанбай бетке айткан шар мүнөзү менен өзгөчөлөнө турган. Айрымдар аны орой неме деп айтышканын да угуп калчубуз. Дегинкиси Э.Турсуновдун туйтунган олжосу кандайдыр бир жекече табылганы изденүүдөн чыккан натыйжалар болгон. Ал көп элдердин фольклорун эне тилиндегидей жатка билген зээндүү, эс тутуму бөтөнчө тунук, музыка жандуу, өзү да үн кошуп ырдап жибере турган шайыр мүнөздүү боло турган. Бирөөнү күлдүрө турган жоруктарды айтып жатып, өзү такыр кайдыгер адамдай көзүн чакчыйта карап күлбөй туруп, ымдоо жаңсоо сыяктуу театралдык кыймылдарды байма-бай колдонгондугу айланадагылардын да эркин болушуна шарт түзө турган шайдооттугу, кысынбай мукактанбай шар сүйлөй берүүчү адаты бар экен. Ошондуктан болсо керек бир топ сүрдүү киши болучу. Анан ошонусуна карабай кыргыздын илгертеден келаткан салттарын өтө кадырлайт эле. Муну айтып жатканыбыздын себеби акындын биз айтып жаткан жеке мүнөздөрү анын чыгармаларында байкалып тургандыгынан болууда. Себеби анын кайсы чыгармасын албайлы, ал ага бар болгон энергиясын берип, ага руханий күчүн аянбай жумшаганы байкалып турат. Анын өлөсөлүү чыгармасы, жансыз образдары сейрек болбосо жокко эсе. Сөзүбүз кургак болбос үчүн Э.Турсуновдун көркөм котормо үчүн тандап алган авторлорду деле байкап көрөлүчү – ал Шекспир, Пушкин, Данте, Шиллер, Гейне, Гете, Брехт, Хикмет, Сервантес, Камю, Рудаки, Хафиз, Тютчев, Маяковский, Есенин, Вишневский, Петефи, Мицкевич, Эдгар По, Лермонтов ж.б. Э.Турсуновдун котормочулук  кесипкөйлүгү тууралуу кеп кылганда анын котормолоруна токтоло кетпесек макалабыз тузу татыбай калган тамактай болуп кала тургандай. Ошондуктан анын бир эки котормосу тууралуу да сөз кыла кетүү ылайыгы келди өңдөнөт. Э.Турсунов жана дагы кыргыз акындарынын бир даары которуп чыгарышкан “Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы”  аттуу өтө көлөмдүү эки томдук жыйнактагы котормолордун көпчүлүгүнүн автору Э.Турсунов менен С.Эралиев экен. Бул китепке дүйнө акындарынын тандамал ырларынын котормолору жарыяланган. Э.Турсуновдун ушул китепке жарыяланган котормолорунун ичинде көңүлдү өзүнө бургандар орустун улуу акындары А.С.Пушкиндин, Н.А.Некрасовдун, С.Есениндин, венгер акыны Шандор Петефинин ырларынын котормолору десе болот.Мисал катары бир аз үзүндү берели:

Кыйналбайлы жашап бекерге.

Кыска өмүрдү кыйып кетерде:

Жар кучактап шарап актырып,

Жанды арнайлы Ата Мекенге, – делсе Ш.Петефиде, Некрасовдун «Русь жеринде ким жыргайт,» деген ырында:

Кедейсиң, кененсиң,

Бийиксиң, тереңсиң,

Балбансың, байкушсуң,

Алдуусуң, алсызсың;-

Энеке –Русь!

Ал эми С.Есенинден:

-Шаганэ, жаным, Шаганэ,

Айтайын сөздү шар эле,

Ай тийген алтын эгинди,

Алыста калган жеримди,

Шаганэ, жаным, Шаганэ… деп которот.

Бул ырды жана жогорку ырларды деле, өзгөчө Пушкиндин лирикаларын кыргыз акындарынын көбү которушкан. Ал котормолорду карап отуруп акындардын бири-бирине  атаандашпай эле өздөрүнүн ички жеке муктаждыктарын, чыгармачылык тажрыйбаларын сындан өткөрүп, чыгармачылык жигер менен талыкпай изденген котормочулук көркөм муктаждыкты сезүү ышкысы таң калтырат. Э.Турсунов ушулардын ичинен Некрасовдун аталган поэмасын абдан көп иштеди. Ага кеткен мээнетиненби же дегеле чыгармага жана анын авторуна болгон сипатиясынанбы, айтор ал тууралуу кайра-кайра баса айткандарын көп уккан элем, ал Есенинди да абдан жакшы көрчү.Өзү да буларга биринчи ирет кайрылып жаткан жери жок. Бул китепке кирген Э.Турсуновдун котормолору жетээр жерине жеткирдим го дегендеги коюлган акыркы чекити болуш керек деген ойдомун. Өзгөчө сөз кыла турганыбыз албетте, «Евгений Онегин» аталган ыр түрүндөгү Пушкиндин классикалык чыгармасы. Жалпысынан алсак, кыргыз тилине Э.Турсунов бул чыгармага кайрылган үчүнчү котормочу. Буга чейинки котормочулар Пушкиндин «онегиндик строфасын» кыргыз тилинде жеткире албай келишсе, бу жолкусундаЭ.Турсунов муну ийгиликтүү ишке ашырып, түрк тилдеринде оңойлук менен эпке келбеген саптарды ийкемге келтирип, кыргыз ырларынын стилдик, поэтикалык көркөм каражаттарынын бай корун чыгармачылык менен ишке киргизип, романды кыргыз окурмандарына тартуу кыла алган. Эмесе, романдагы акын которгон Татянанын Онегинге жазган катынан үзүндү келтире кетели:

Эмнеликтен келип калдыңыз,

Элеттеги биздин кыштакка?

Жүрөт элем билбей кайгысыз,

Жүрөгүмө салбай эч капа.

Тажрыйбасыз көңүл толкунун,

Акырындап басат болчумун,

Ылайык таап бирди багыма,

Ырыс күткөн эне болмокмун,

Адал жүрүп алган жарыма…

Башкасын айтпаганда да мусулмандардын ыйык китеби Куранды, христиандардын ыйык китеби Библияны, Тооратты биринчилерден болуп кыргызчага которууга бел байлашы, ошого даап тиш салышын эрдик ишке барабар дейт элек. Ыйык китепти которууга келсек, Э.Турсуновдун кыргыз тилине алгачкы иретте Куран китепти которгону жаңы бир бел ашкандай эле татаал чыгармачылык жоопкерчилик жана пендечилик ишенимдерге, диний каршылыктарга туруштук берип, бел байлап киришкен чебер жана жүрөктүү жазуучу десек болот. Ал эми С.Пушкиндин “Евгений Онегинин” үчүнчү котормочу катары которууга шымаланып киришкени, акындын өз чыгармачылык күчүнө ишенгендиги, анын руханий талабынын чыгармачылыкка, котормочулукка болгон чаңкоосу, жан дүйнөсүнүн күсөшү деп айтсак жаңылышпайбыз. Бул туурасында да, кыргыз ыр түзүлүшүнө туура келбеген Пушкиндин атактуу онегиндик он төрт саптуу ыр түрмөгүн кыргыз ырына жакындатып, эптүү төп келтириштин өзү адабий майдандандагы акындын чоң ийгилиги экендигин өз учурунда да, андан кийин да ырастагандар арбын болгон. Биз жакында о дүйнө салган акынды, анын жаркын элесин эсте сактаткан чыгармаларынын асыл сапаттарын дагы бир жолу эскериш үчүн бул макаланы жазып отурабыз. Анткени Эрнис Турсуновдун көркөм котормодогу эң чоң ийгилиги катары ушул “Дүйнөлүк поэзиянын антологиясын” түзгөнү да болгондугун айтпай койсок кине болоор деген ойдобуз.Чыгармачылык тажрыйбасы артып, калеми биротоло төшөлүп калган кезде кыял чабыты эргип, акылы толуп турган учурда тарыхый маалыматтарды карап чыгып көөнө баян, уламыштырды, санжыра- болмуштарды салыштырып Э.Турсунов тарыхый роман жазууга багыт алганын көрөбүз. Анын “Ата Журт”, “Балбай”, “Боронбай”, жана “Биздин замандын баатыры”, “Хан-Теңир” аттуу чыгармалары кыргыз элинин тарыхын, элге белгилүү инсандардын өмүр баянын, кийинки муунга өрнөк болуп кала турган иштерин, элдин тарыхый учуру менен байланыштырып, биздин азыркы заманбап талаптарыбыздын түпкү негизин түптөп бере турган баатырдык сапат, элди-жерди сүйүү, достук, туугандык мамилелерди асылзадаалык маңызында камтыган баалуу чыгармалардын катарына кирет. Аталган чыгармаларынын ичинен кошумчалап кайра толуктап, көркөмдөп чыккан “Ата Журт” романы.

90-жылдардан тартып кыргыз адабиятында тарыхый романдарды жаратуунун мезгили келгендей кыязды байкайбыз. Бирок кантсе да адабияттын тарыхый өнүгүү процессине көңүл бурсак, анда улуттук адабиятыбызды көкөлөтүп, анын ичинде роман жанрынын баркын көтөрүп, даңкын алыска чыгарып турган чыгармалар жазма адабияттын кыска гана мезгилинде бүткүл дүйнөгө таанылган учурда артка дагы бир ирет шашпай көз чаптырып карасак, дагы эле болсо бизде чыныгы тарыхый романдар жетишсиз экени байкалбай койбойт. Бул биздин адабий ыкшоолукпу, тарыхый маалыматтар жетишсизби же, таланттын кемчилдигиби, эмнеликтен биз ушул мезгилге чейин тарыхый эпопеялык чыгармаларга дагы эле муктажбыз. Албетте, такыр эле куру кол эмеспиз, бирок улуттун тарыхый өнүгүшүн толук, ар тараптуу камтый алгыдай даражада ар башка ракурстан толуктап турган, тарыхый чындыкты көркөм чындыкта чагылтуу аракеттери кенен масштабда көрүнгөн чыгармалар керек. Колдо бар чыгармаларыбызда тарых барактарынын тигил же бул жагы камтылганы менен да урунттуу бир учурлардын, тарыхый мааниси бар мерчемдүү окуялар менен мезгилдердин карым-катышындагы тарыхый каармандардын, тиги же бул көрүнүштөрдүн маанилүү жагы, таасын образдардын кенендиги өзүнүн реалдуулугунан кемитпей да, арттырбай да ошол баалуулугун реалдуу турушу менен обьективдүү жана субьективдүү иш-аракеттерде, белгилүү кырдаал-шарттары менен шайкештирип чагылтуу болбой жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Кыргыз элинин көйгөйлүү учурунун бири, жалпы тукум курут болуу апаатына капталып, андан аз гана сандагы калктын сакталып калышына күбө болгон эстен кеткис оор трагедиялуу окуянын бири Үркүн болгон. Үркүн темасы кыргыз прозасынын көчүн баштаган К. Баялиновдун “Ажар” аттуу чакан повестинде баяндалган мезгилден (1927) бери тарта ал тууралуу улуу-кичүү муундагы жазуучулар, акындар, чыгаан талантуу сүрөткерден тартып жөн гана баяндап берүүгө аракет кылган байкоочуга чейин жазып келе жатышат. Ошентсе да ажыдаардай от чачкан ошол катаал мезгилдин суук кебетеси, реалдуу көрүнүштө көркөм жалпылого жетпей, кайпытып өткөнү, сүңгүп кирүүгө чейин жетип токтогон (“Кандуу жылдар”, “Ажал ордунда”) уңгулуу чыгармалар ар кайсы жанрда жаралып келди. Ал дагы эле жарала бермекчи. Талантуу акын, Улуу Ата Мекендик согуштун жоокери катары курман болгон Жусуп Турусбековдун бул темада музыкалык драма жаратканы да ошол мезгилдин талабы болгонун тана албайбыз. Анткени бул муң-кайгыны боздогон кошоксуз, муун-жүүндү козгогон муңдуу музыканын миң кайрыктуу симфониясыз айта коюу, көксөнү суутуу мүмкүн эмес эле. Ошондон да улам тема күнү бүгүнкүгө чейин толук камтылбай келет. Кийинки жаш муундар эстен кеткис бул тарыхый трагедиянын 90 жылдыгын белгилешип, бийик ашууларда кагырап көмүлбөй жаткан адам сөөктөрүн жыйып, ак кепиндеп көөмп чыгышты. Бул кыргыз элинин башынан кечирген оор жана кайгылуу күндөрүнүн бир гана чети. Ал кездин бүткүл апааттуу мүшкүлүн толук камтууга шаа жетпейт. Үркүндүн реалдуу көрүнүштөрү, анын келип чыгышы жана алып келген кордугу, ызасы, кылыч кесип, окко учкан кандуу кагылыштарда набыт болгондорду айтпаганда да, тентип ач бел, куу жондо ит кушка жем болуп, кытай, уйгур, дунган байларына кул-күң болуп, бир чыны талканга мөлтүрөгөн кызын сатууга чейин барган кордуктарын жазып бүтүү, айтып түгөтүү чындыгында оор иш. Ал эми бүгүнкү күндөгү сүрөткердин милдети мурдагылардан да оор. Себеби, бүгүнкү күндө элди ушундай абалдан сактап калууга болот беле же, ушундай абалга жеткирбей коюга мүмкүн беле. Бул үчүн кыргыз урууларынын башкаруучулары кандай иш- аракеттерди жасады деген маселе келип чыкпай койбойт. Мына ушундай жагдайдан улам буга чейин кыргыз урууларынын ичинен Бугу-Сарбагыш урууларынын ортосундагы нааразылыктан келип чыккан чатактын эки уруунун чоң чабышына айланган трагедиясынын баяны тууралуу айтпай кетүү да болбойт эле. Бул туурасында көркөм-тарыхый чындыкты өзүнүн “Көчмөндөр кагылышы” атуу романында чагылтуу аракеттери К. Осмоналиевдин, кандайдыр бир даражада Т.Касымбековдун “Баскын” романында кеп болот. Бирок анын натыйжасынын салакалары тууралуу ой толгоолор “Ата Журт” деп аталган акын, жазуучу жана котормочу Эрнис Турсуновдун романынын шыбагасы болду го деген ойдобуз. Аталган романда Үркүн деп аталып жүргөн элдин азаттык үчүн көтөрүлүшү, тарыхый жактан да, саясий-социалдык жактан да туура багытты алган жана бир кыйла ишенимдүү чечмеленген.

“Ата Журт” романынын биринчи бөлүмү 1979-жылы жазылып, 1989-жылы жарыкка чыккан. Кайра иштелип чыккан биринчи жана экинчи бөлүм бириктирилип бир китеп болуп 2011-жылы жарык көргөн. “Ата Журт” романы акыркы мезгилдердеги тарыхый романдардын ичинен элибиздин баштан кечирген тарыхын бир топ кеңири жана обьективдүү чагылдыруу аракеттери жасалган чыгарма катары эсептелинет. Романдын башка тарыхый чыгармалардан бөлүп көрсөтүүнү талап кылган өзөчөлүгү катары Үркүн маселеси болуп саналат. Үркүн темасы жогоруда айтылып кеткендей бир топ чыгармаларда, анын ичинде тарыхый романдарда да сүрөттөлүп келген. Ошондой болсо да конкреттүү түрдө ошол проблеманын так өзүн толук жана ар тараптуу жалпылоо, же болбосо, Үркүндүн келип чыгышы менен анын өбөлгөлөрүн ачып берүү дагы эле толук түрдө, ар тараптуу чагылтуу жетишсиз. Аталган романды ошол маселелерди чагылтуу аракеттерин чечмелөө кандайдыр даражада ийгиликке жетишилген чыгарма катары карообуз керек. Романда ошол мезгилдин , доордун сүрөттөлүшү кыйла эле реалдуу тартылганын айта кетүүбүз керек. Үркүндүн болоор алдындагы кырдаал-шартты түшүнгөн, анын акыры ушунчалык чоң жоготууга бараарына көзү жеткен же, анын алдын алып, болтурбай коюу же болбосо, кандайдыр бир жолдор менен аман калуу чаралары активдүү жүргүзүлбөгөндүгү тууралуу эч бир чыгармада сөз боло электигин да моюнга алуубуз керек. Мына ушул проблемаларды чечмелөөгө бир топ жакын сүңгүп кирип барган жана аны ачып берүүнүн бирден бир жолу катары “Ата Журт” романында Э.Турсунов Бугу уруусунун башчысы кыргыз урууларынын ичинен бир топ кадыр-баркка ээ болгон Кыдыр акенин образы аркылуу жетишүү аракеттерин жасаган. Кыдыр аке чындыгында да кыргыз урууларынын ичинен бир топ кадыр-баркка ээ болгон инсан экенин автор Кыдыр акенин образына кенен токтолуу аркылуу ачып берүүгө жетишет. Кыдыр аке чындыгында да кыргыз урууларынын башын коштурууга аракеттенген, даанышмандыгы, көсөмдүк касиети жана элге жугумдуу сөзү бар инсан болгон. Көп маселелерге көзү каныккан адам катары Бугу уруусунун башчысы Кыдыр аке чыныгы тарыхый адам болгону да анык. Кыдыр акенин образын автор туура тандаган жана аны бир кыйла реалдуу кырдаалдарда реалдуу шартта сүрөттөй алган. Бирок ал даанышман адамдын чечкиндүү иш-аракеттери чектелүү сүрөттөлүп калган. Анын ушул чектелүүсү, бир караганда элди бир ыкка каратуу жолун табууда Кыдыр акенин кечигип калышы, жана ошонун натыйжасында анын иш аракеттеринин пассивдүү болуп калгандыгы болгон. Кечигип дегенибиз, орус падышачылыгынын генерал чинин алган болуш болуп туруп, падышанын жазалоочу аскерине жолтоо боло албашына толук ишеними болгондуктан, элге эки жүздүү мамиле кыла албагандыгы, ошонун натыйжасында элдин да ага болгон ишениминин акыркы чечүүчү учурда солгундай түшкөндүгү айгине болгон. Анын үстүнө ага бийлик тарабынан чектөө коюлуп, бир гана урууну бийлөө укугу болгону реалдуу тарыхый чындык болгон. Ал эми автор ушул реалдуу чындыктуу кырдаалдардын жетегине кетип, Кыдыр акенин образын көркөм чындыктуу даражага жеткире турган курч мүнөздөгү конфликт жетишпей, чыгарма солгунураак чечмеленип калган. Реалдуу чындык менен тарыхый кырдаал шайкеш курчуй албай, тактап айтканда, так ушул жерде автордун ойдон чыгаруусу жетишпей, чыгармачылык бошоңдук байкалат. Арийне, ошонун кесепетинен бул образдын жүзү толук ачылбай, көмүскөдө калган. Ачылышы керек болгон тарыхый чындык курчуй албай, өз кондициясына жете көтөрүлө албай, тарыхый кырдаал өз чыңоосуна жетпей калганы өкүндүрөт. Биз автордун көзү тирүүсүндө да бул туурасында кеп кылганыбызда, биздин келтирген аргументтерибизге муюп, туура эле сындапсың, жумшартпай да айтпыпсың деп күлө багып мойнуна алган эле. Ошондой болсо да чыгарманын аягында баары бир акылман адам катары Кыдыр аке ошо Үркүн учурунда конкреттүү иштерди, мезгил талап кылгандай эки уруунун эли күткөн акылды, чыныгы даанышмандыкты кандайдыр даражада ишке ашыруу аракеттерин жасабай койгон эмес. Ошол жактарын эске алып автор Кыдыр акени чоң симпатия менен сүрөттөсө да, анын акылмандыгы, көсөмдүгү өзүнүн жакындарынын, туугандарынын трагедиясынын фонунда гана чектелип калган. Тактап айтканда бул образ аркылуу автор элге кашкайган чындыкты алып чыгуу аракеттерин жүргүзгөн болсо да, жалпы элге келгенде бул сапаты анчалык күчтүү болуп чыга алган эмес. Башкача айтсак, ал жөнүндө элдин аң-сезиминде кабыл алынып келген ишенимдер, иштин көзүн тааныган ашкере камкорчулдук бошоң болуп, каармандын жекече иш аракеттер, эркиндик үчүн болгон күрөштүн күчү уруучулук азчылыктын тегерегинен чыга албай, элдик, күчтүү патриоттулук көмүскөдө калып калган. Албетте, бул тарыхый чындык экени айгине. Автор аны дагы курчутуп, көркөм чындыкка көтөрө албаганы гана өкүнүчтүү. Кыдыр акенин зор кадыры, таасири тууралуу ишеним болгону менен, андай сапаттар иш аракеттеринде көрүнбөй, андан ары курчубай, каармандын образы легенда бойдон кала берет. Муну автор уруу башчыларынын ынтымаксыздыгынын натыйжасы катары да карайт. Бирок бул жагдайды автордун кемчилиги катары эмес, анын тарыхыйлуулукка карата жекече аңдап-билүүсү катары кабыл алганыбыз адилеттүү болмокчу. Буга чейинки романдарда сүрөттөлгөндөргө караганда Э.Турсуновдун аталган романында бир топ эле алдыга жылыш бар. Айрым бир жерлери, өзгөчө элдин жана уруу жакшыларынын иш-аракеттери, аларга мүнөздөмө берүү, козголоңдун Көл аймагындагы куралышы менен чыңалышы, Ысык-Көлдүн Күңгөйү менен Тескейиндеги Ак падышанын талкалоочу полкунун күчүнө туруштук бере албай элдик отряддын тоо таянып чегинүүсү, Караколдогу орус аскерлери менен болгон кагылышуусу, кыргыздардын куралдуу тобунун кармашуулары, козголоңчуларды баштап жүргөн Сагалынын, Батыркандын образдары, Текеске карай качуудагы элдин оор абалынын сүрөттөлүшү, андагы айрым образдардын абдан чыйрак, даана, ишенимдүү чыгышын автордун тарыхый роман жанрындагы ийгилиги десек болот. Орус падышачылыгынын кыргыз жеринин географиялык жер шарттарын изилдөөгө Санкт-Петербургдан келген аскердик экспедициясынын максатын жана аны аткаруу иштеринин жүрүшүн башкарган экспедициянын жетекчиси Пржевальскийдин образын орус империясынын кызматын кыйшаюусуз аткарган, падышачылык Россиянын чыныгы атуулу катары өз милдетин өтөөгө чын жүрөгү менен берилген, Орус империясынын колониялык басып алуучулук саясатын сыймык менен колдонгон аскер адамынын типтүү образын ишенимдүү жана реалдуу чагылтканын баса көрсөтө кетишибиз керек. Себеби бул тарыхый инсандын жана тарыхый каармандын тегерегинде көл өрөөнүндө чечиле турган маселелер арбын болгондуктан, бул каармандын образына тереңирээк көңүл бурууга автор да мажбур болгон сыяктанат. Э.Турсуновдун өзгөчө симпатия менен берилген фельдшер Шелининдин, Ногойбайдын образдары, штабс-капитан Колуханов, уезд акими Иванов, тилмеч Касымбай Телгараевдин образдарын чагылдыруудагы жазуучунун көркөм чебердигине аталган образдардын жогорку деңгээлде ишке ашырылышы күбө болуп турат. Өзгөчө Касымбайдын образы өзүнүн кызмат абалы менен да, социалдык орду менен да, мансапкордук бийликтин башкаруучулук миссиясын өз кызыкчылыгы үчүн иштеткен амалкөйлүгү, замандын өзгөрүшү менен кошо ык алышып кетүүгө даяр эки жүздүү, кара өзгөй кытмырлыгы менен мытайымдыгы ашынган кейипкердин образы катары жакшы иштелген. Анын кырдаалды толук баамдай алган кыраакылыгы да, керт башынын кызыкчылыгы үчүн эч кимди аябаган, көргө катып болсо да байлыкты сактаган дүнүйөкорлугу, ошого карабай ушундай курч кырдаалда да жеке бактысы үчүн, өзүнүн жаш күнүнөн бери жактырып жүргөн кыз менен жашоого далбас урушу, сүйүүгө жана сүймөнчүктүү болууга кылган аракеттери бир кыйла ачык жана чыныгы турмуштагыдай кылдат берилген, көп кырдуу жактары бар татаал образдардын бири. Адетте, терс каармандарды иштеп чыгуу проблемалуу болгондуктан, бул кейипкердин образы терең иштелиши менен көңүлдү өзүнө бура алган. Автор бул каармандын мүнөзүн түзүүдө дүйнөлүк классикалык адабияттын салттарынын таасирин мыкты өздөштүргөнү байкалбай койбойт. Элдик козголоңчулардын башчылары менен бир катарда бел чечпей күрөшкөн, эл камы үчүн кам жеген кедейлердин ичинен чыккан жүрөгүндө карасы жок, баатыр сымал жигит Ногойбайдын образы татаал жана абдан реалдуу чыккан образ десек болот. Батыркандын, Сагалынын образдары да өз заманынын шартына ылайык бир тараптуу, тарыхый туруктуу көз карашка туругу жок, ошого карабай Ата Журтту сактоого аттанып, өз баштарын сайып койгон каармандар катары мыкты чыккан реалдуу образдар катары жакшы иштелген. Алардын патриоттулугу, эл үчүн кылган аракеттери жана анын текке кетишинин себептерин жазуучу даана ачып бере алган. Кайраттуу жана теңдик издеген кыргыздын эр жүрөк кызы Бурулчанын чыдамкайлыгы жана өз идеясына бекем турган туруктуулугу, сабырдуу Сабира Телтаева жана Жусуптун образдары толук кандуу, жандуу жана ишенимдүү болгондуктан окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таба алат деген ойдобуз. Романдын биринчи, экинчи тому биригип чыкканга чейин бир топ оңдоолор, түзөтүүлөр болгонун да белгилей кетиш керек. Бул аралыкта толуктоолор киргизилип, айрым тарыхый каармандар өз ысымдары менен аталганын көрөбүз. Ал эми Жусуптун, Сабиранын образдарды көтөрүңкү жана зор симпатия менен сүрөттөлсө да, алардын иш аракеттери, өзгөчө Жусуп тууралуу сюжеттер романды андан ары узарта чойгон уланды сыяктуу болуп бир дем менен чыкпастан обочолонуп калганын да белгилей кеткибиз келет. Ошондой болсо да бул роман Э.Турсуновдун чыгармачылыгында эле эмес, кыргыз элинин тарыхындагы эң бир трагедиялуу козголоңду ачык айкын түрдө көркөм аңдап берген чыгармалардын бири десек аша кеткендик болбойт.

Эрнис Турсунов “Ата Журт” романынан кийин да коомчулукка кыргыз театр устаттарынын өнөр таржымалы менен чыгармачылык бөтөнчөлүктөрүн ачып берген дегеле кыргыз театр искусствосунун алгачкы кыштарын коюп, кыргыздын театр искусствосун профессионалдык деңгээлге көтөргөн адамдар туурасында эң сонун баяндаган. Өз учурунда СССРдеги алдыңкы 10 театрдын ичине кирген кыргыз драма жана опера-балет театры тууралуу анын жазып калтырган “Триумф жана трагедия” деген монографиялык маанайдагы китеби да өзүнчө кеп кылууга арзырлык эмгек. Китепке колкабыш кылган Кыргыз Эл артисти Дарика Жалгасынова болгон. Ал театрда өзү көрүп-билген, уккан артисттер туурасында жөн гана айтып, баяндап гана тим болбостон айрымдарына карата өзүнүн поэтикалык ыр саптарын да тартуулайт. Эрнис Турсунов да өзү актер же артист болбосо да кыргыз театр ишмердүүлүгү менен чыгармачылыгын бирге өнүктүрүп, сценарийлер жазып, театрлардын репертуарларын тандоодо билимин, акыл көйгөйүн, чыгармачылык эрудициясын тартуу кылып  алар менен тыкыс иштеген адам катары бул китептин жаралышына көп эмгек жумшаган. Китептин окурмандары өзүлөрү да күбө болуп, биздин пикирди кубаттаарына бекем ишенич артабыз. Анткени мындай маданият тарыхы өзүнөн өзү эле жарала калбайт. Театрдын иши менен кошо кайнап, театр менен кошо дем алып, театр менен сыймыктана билген чыгармачыл адамдар гана так ушунтип көркөм өнөрдүн рухунун күчүнүн бирде ободогу бийик сереге-триумфга чейин жетээрин, бирде анын тескерисинче терең трагедияга чейин азап чектирген рухий касиетке ээ экенин айта алмакчы.

Эрнис Турсунов өмүрүнүн соңку учурунда бүгүнкү кыргыз элинин тагдырына бирде кайгырып, бирде сүйүнүп, акындык дараметинин  күчү менен жеке сезим-туюмдарын “Муктаждык” деген ырлар топтомунда жарыялайт. Бул жыйнакта акындын жекече үнү, Э.Турсуновго гана тиешелүү почерки ачык көрүнөт. Кыз карыса да ыр карыбайт, акындын дүйнө таанымы чаалыгып чарпылбайт, акын улгайса да анын сөз кудурети окурманды ойго салып, түркүн кыялдагы түрдүү ойго батырат. Кандайдыр даражада “Муктаждык” акындын Реквиеми десек да болот. Бул ырлар жыйнагы карыялык жашына барып, жашоонун кымбаттыгын баалап, өмүрдүн кыскалыгына өкүнүп, оорунун жан кейиткен азабын тартып, бирок акындык касиеттин курчтугу майтарылбай баарына чыдайм, баарынан акын сөзү күчтүү, баарын жеңе турган адамдын акылы, насиби, адамдын абийири жана адамдын адамга болгон таасири, адам менен адамдын ынактыгы экенин дагы бир ирет кайра кайтпас сапар алдында кадырман элине, калың окурман калкына арнап кетет. Бул жыйнакта “Реквием” аталган бир ыры да бар экен ошону бул жерде айта кетпесек болбос…

Реквием

Кайран акын кечээ гана бар эле,

Калкы сыйлап бир көрүүгө зар эле.

Тагдыр ошол: кечээ көргөн бүгүн жок,

Ташбоор ажал алып кетти шак эле.

 

Сөзмөр эле, чечен эле, курч эле,

Сөздөрү анын как жүрөккө урчу эле.

Кайда барса күлкү менен күн батчу,

Калкы сыйлап “көп жаша”, деп турчу эле.

 

Аз эмес го бул дүйнөдө муң-кайгы,

Ал тирилбейт ыйлабайлы-ыйлайлы.

Кеменгер да тилсиздерге тил салган,

Келбесине кете берет турбайбы.

 

Кара жерде кантип жатат кайран эр?

Калк ичине сөз канатын жайган эр?

Китептеги ырлар кынаптала такталып, ар бири он төрт сапка сыйдырылып, аягындагы жыйынтыгы классикалык сонет формасындагыдай эки саптан жыйынтыкталат же, бешинчи сабын сындырып, алты саптан секстет формасында жазган коштошуу ырларын акын ушул жыйнакка топтогон экен. Акыркы ырлар жыйнагында акын өз чебердигин баса белгилеп, акындык өнөрдүн татаал техникасын колдонуунун ыктарын көрсөтүп кетиптир. Ошондуктан акындын бул ырларын анын кайгы-муңу дебестен, акындын карыя кездеги кайраттуу санаттары дегенибиз туура болор. Акын бекеринен ушу китебиндеги ырын 21-кылымда жашаган фарси акыны Мухаммед Шамсудин Гафиздин казалынын борумунда вариция катары жаратып, ал казалды  “Ким өтпөгөн дүйнөдөн ” деп атаган эместир… Анда минтип айтылган экен:

О, демек!..

Өлбөй турган пенде жок.

Өжөр пенде элде жок.

Миң жашаган жандыктар,

Асманда жок, жерде жок.

Он сегиз миң ааламдан,

Өлбөй тирүү ким калган?

Даңктууларды бүт алган,

Дайым баатыр жер – балбан.

Соргокту да, соону да,

Соруп тынган жер – балбан.

Ооруну да, соону да,

Оруп тыган жер – балбан.

-О, демек!..

Өмүрдөгү бир арман:

Өлбөй тирүү ким калган?..

 

-Ооба, бул турмуш чындыгы, акын чындыгы. Бирок акындын артында өлбөс болгон ырлары бар, акындын көркөм чыгармалары элдин эсинде өлбөй тирүү сакталып кала бермекчи.

Сыдыкова Рахима,

 адабиятчы-илимпоз, котормочу