“Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “Беш акын” теледолбоорун кайрадан эфирге алып чыгат. “Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы. Теледолбоордун биринчи кечесинде акындар – Кыялбек Урманбетов, Бурулкан Сарыгулова, Жедигер Саалаев, Мая Осмонкулова жана Алтынай Темировалар ат салышат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында 2021-жылдын 15-мартында саат 18:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

Поэзия кечеге келиңиздер

КР Улуттук жазуучулар союзу 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин концерттик залында поэзия кечесин өткөрөт. Кечеде Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров, Калчоро Көкүлов, Кубанычбек Басылбеков, Кыялбек Урманбетов, Атахан Кожогулов, Эрлан Жумагазиев, Мирлан Алтымыш уулу жана Адилет Зарылбек уулу ыр окуйт. Адабий -музыкалык поэзия кечени белгилүү ырчылар коштойт. Бардык ыр күйөрмандары үчүн эшик ачык. Дареги: Бишкек ш., Ахунбаев көчөсү 121, Тыныстанов көчөсү менен кесилишет. Жалпыңыздарды 6-март күнү саат 16:00дө күтөбүз. Келип, акындардын ырларынан азык алып кетиңиздер.  

Балдар адабияты боюнча сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын балдар адабияты боюнча чыгармаларга сынакты өткөрүү жөнүндө КУЛАКТАНДЫРУУ Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты сыйлыктарын изденип алууга ачык сынак жарыялайт! Сынакка мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгармалар төмөндөгү номинациялар менен кабыл алынат -балдарга арналган мыкты чыгармалар үчүн (китеп); -балдардын мыкты жарыяланган прозалык чыгармасы үчүн (китеп); -балдар адабиятынын чыгармаларын кыргыз тилине мыкты которгону үчүн (китеп); Сынакка чыгармалар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт. Сунуш катка төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш: -коллективдин жалпы чогулушунун, чыгармачыл толугу менен…..

Калемгерлер арасындагы жарыяланган сынактын мөөнөтү узартылды

СЫНАКТЫН ЖОБОСУ Адабий сынак жүзөгө ашырыла турган жер: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.  1. Адабий сынактын катышуучуларынын курамы: 16 жаштан жогорку курактагылар катыша алат. 2. Адабий сынактын максаты жана милдети: Эгемендүүлүк жылдардан кийинки кыргыз адабиятындагы адабий процесстин деңгээлин жогорулатуу; Кыргыз окурмандарына чыгармачылык чеберчилиги кынтыксыз, эстетикалык табити жогору, дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты чыгармалардын үлгүлөрүнө тете авторлорду тааныштыруу; Акын-жазуучулардын анын ичинен драматургдардын, адабий сынчылардын, адабиятты илимий жактан изилдөөчүлөрдүн чыгармаларын эл арасына кеңири жайылтуу; Адабий чыгармачыл жаш күчтөрдү коомдук-маданий турмушка активдүү аралаштыруу; Кыргыз маданиятынын жана адабиятынын идеялык-көркөмдүк деңгээлин өнүктүрүү, анын коомдун өнүгүшүнө жана инсандын калыптанышына тийгизген толугу менен…..

“МАНАС ДУХтун” духундагы маек

2020-жылдын 6-ноябрында саат 11:00дө “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында (Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 8/1, 8/2 (Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде) Жедигер Саалайдын жаңы “МАНАС ДУХ” китебинин бет ачары болот. Буга байланыштуу автордун Айнура Майрамбек кызы менен болгон маегин назарыңыздарга тартуулайбыз:   Айнура:  – Жедигер агай, жаңы китебиңиздин чыгышы менен куттуктайм! Бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы жана ошол эле учурда чыгармачылыгыңызды таштабай кошо ала жүргөнүңүз чынында мактоого арзыйт. Китепти колго алганда эле көп окурмандын суроосу “Эмне үчүн “МАНАС ДУХ”?  “Дух” деген сөздү нукура кыргыз тилинде жазса болот толугу менен…..

А.Осмонов атындагы адабий сыйлыкка сынак жарыяланат

Кулактандыруу Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты ыйгаруу комиссиясы 2020-жылдын 1-ноябрынан 5-декабрына чейинки убакытта Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына сынак жарыялайт. Талапкерлер юридикалык жактардын сунуштарынын негизинде кабыл алынат. Сыйлыкты ыйгаруу шарттары: 1.Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы поэзия, котормо жанрында улуттук адабият менен маданиятты көтөрүүгө салым кошкон, коомчулукка таасирдүү (Алыкул темасына арналган) акыркы үч (2017-2019-жж.) жыл аралыгындагы жарыяланган жаңы чыгармалар (китептер) жана Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгын коомчулукка жеткирүүдөгү өзгөчө демилгелүү ишке ашкан эмгектер үчүн ыйгарылат. 2.Аталган адабий сыйлыкка талапкерлерди көрсөтүүгө Кыргыз Республикасындагы чыгармачыл союздар, толугу менен…..

Калемгерлер арасында сынак жарыяланат

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КРнын Улуттук жазуучулар союзу Калемгерлер арасында поэзия, проза, драматургия жана адабий сын боюнча адабий сынак жарыялайт СЫНАКТЫН ЖОБОСУ • Адабий сынак жүзөгө ашырыла турган жер: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. 1. Адабий сынактын катышуучуларынын курамы: Жаш курактары чектелбейт 2. Адабий сынактын максаты жана милдети: • Эгемендүүлүк жылдардан кийинки кыргыз адабиятындагы адабий процесстин деңгээлин жогорулатуу; • Кыргыз окурмандарына чыгармачылык чеберчилиги кынтыксыз, эстетикалык табити жогору, дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты чыгармалардын үлгүлөрүнө тете авторлорду тааныштыруу; • Акын-жазуучулардын анын ичинен драматургдардын, адабий сынчылардын, адабиятты илимий жактан изилдөөчүлөрдүн чыгармаларын эл арасына толугу менен…..

Кыргызпатент авторлор арасында улуттук сынак жарыялайт!

Көңүл буруңуздар, Көңүл буруңуздар! Кыргызпатент авторлор арасында улуттук сынак жарыялайт! Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт: 1) проза; 2) поэзия; 3) илимий-популярдуу чыгарма; 4) иллюстрацияланган балдар көркөм адабияты; 5) альбомдор, каталогдор; 6) социалдык-гуманитардык багыттагы брошюралар, плакаттар, буклеттер. Иштер 2020-жылдын 15-июнунан 30-ноябрына чейин кабыл алынат. Сынакка курагы 30 жаштан жогорку авторлор катыша алат. Жиберилген чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болушу керек! Сынактын жеңүүчүлөрүнө басма продукциясы түрүндөгү сыйлыктар тапшырылат. Чыгарманын көлөмү А4 форматтагы Microsoft Word документи тибинде, Times New Roman арибинде, 14-өлчөмдө терилип (саптардын аралыгы – 1,15), 150-600 беттен ашпоого тийиш. Сынактын жобосу толугу менен…..

Томаяк издеген бакыт

2020-жылдын 7-мартында К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасынын искусство залында акын, жазуучу З.Пасаңованын “Томаяк издеген бакыт” китебинин бет ачарына арналган талкуу болот. Талкууга акын-жазуучулар, адабиятчылар катышат. Жаңы китепти колго алып окугуңуздар келсе талкууга келип катышыңыздар. Кирүү акысыз.

Казак акыны Маржан Ершунун чыгармачылык кечеси өтөт

2020-жылдын 4-март күнү, саат 15.00 дө Бишкектеги “Манас” жана Ч.Айтматов атындагы Улуттук академиясында Казакстан жана Кыргызстандын элчиликтеринин, ТҮРКСОЙ Эл аралык маданий Ассоциациясынын, Кыргызстан менен Казакстандын жазуучулар Союзунун, “Манас” жана Ч.Айтматов атындагы Улуттук Академиянын, Атырау областтык акимиатынын  колдоосунда – акын-котормочу, филология илимдеринин кандидаты Маржан Ершунун  “Жүрөгүм” аттуу кыргыз тилинде чыккан ыр китебинин тушоо кесери жана жалпы чыгармачылыгына арналган адабий кечеси өтөт. Китепти казак тилинен кыргыздын белгилүү акыны – Алтынай Темирова которгон. (!!!) Тушоо кесерге кыргыз-казак акын-жазуучуларынан: Төлөгөн Мамеев, Гүлсайра Момунова, Асан Жакшылыков, Маркабай Ааматов, Меңди Мамазаирова, Баяс Турал, Мая Осмонкулова, адабий толугу менен…..